Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Жапон журналисти кыргыз эркектин жоругун сындады


Москвадагы ооруканалардын бири

Бир апта ичинде дүйнөлүк басылмаларга Азияда COVID-19дан өлгөндөр аз экени, Кыргызстандагы "Тажадым" аттуу флешмобдун максаты жана Москвадагы Борбор Азиядан баргандардын адеп-ахлагы тууралуу макала-баяндар чыкты. (Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама 25-31-май).

Жапонияда чыккан “JB Press” басылмасына Москвадагы жапон блогери Асука Токуяманын Орусиядагы коронавирусту аныктоо, аны менен күрөшүү, ооруканадагы шарттар жана дарылоого байланыштуу бир нече макаласы чыкты.

27-майдагы акыркы блогунда журналист ооруканадагы “азиаттарга түспөлдөш маданиятсыз адамдар” тууралуу да жазган. Асука 36 жашта, Москвада иштейт. Ал ооруканага эки өпкөсүнө суу толуп, дем алуусу кыйындап калганда барган.

Анын анализинен коронавирус чыкпаса да, COVID-19га чалдыккандар жаткан ооруканада бир нече күн дарыланган.

Жапониялык журналисттин көз карашы боюнча, Орусияда COVID-19 дартын тестирлөө ири масштабда жүрүп жатат. Болжол менен 8 миллиондон ашык тестирлөө жасалган. Ал өзү бир ай ичинде төрт жолу тест тапшырган.

Журналист “Өлүмдүн аз болушуна оору аныкталары менен орус медиктеринин ыкчам дарылоого өткөнү себеп. Ооругандардын саны боюнча Орусия дүйнөдө үчүнчү орунда турат, бирок өлүмдүн саны башкаларга салыштырмалуу аз”, - деген ойдо.

Москвадагы мигранттар
Москвадагы мигранттар

Асука ооруп калганда аны балдар бөлүмүнө жаткырышкан. Ал блогунда палатадагы аялдардын, алардын күйөөлөрүнүн маданиятсыздыгы тууралуу да жаза кеткен.

“Борбор Азиялыктарга окшош бир аял менден улам эле телефон дүрмөттөгүч сурайт. Бербей койгонума карабай, коридордон көрсө эле ээрчип алат. Айлам кеткенде “барчы ары” деп кагууга туура келди. Коңшу бөлмөдөгү дагы бирөө канча айлык аларымды, кайда жашарымды, үй-бүлөм барбы же жокпу, батирге канча төлөрүмдөн бери сурады. Ооруканада беткап бекер таратылса да тагынбай отурду. Тажаганда “беткап кийиңиз” десем, “эми кеч болуп калды, сага да вирус жукту” деп коет.

Ал аялды башка палатага которушкандан кийин жаныма кыргыз келинди жаткырышты. Анын күйөөсү каалаган учурунда эле эшикти такылдатпай кире берип тажатты. Түнкү саат экиде деле башка аялдарды көзгө илбей палатага суроо-сопкутсуз кирип жатты”, - деп нааразы болгон.

Азияда COVID-19дан өлгөндөр аз

“Washington Post” гезити Азия менен Батыштын илимпоздорунун тыянактарына таянып, Түндүк Америка, Европага салыштырмалуу Азияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны аз болуп жатканын жазды.

Евразиянын айрым өлкөлөрү оорунун жолун бууганга өтө тездик менен киришти. Обочолонуу, карантин чаралары ылдам кабыл алынды.

Жапониядагы дарыгер
Жапониядагы дарыгер

Колумбия университетинин эпидемиологу Жеффри Шэман “бул вирустун микробу, адамдын иммундук системасына тийгизген таасири бирдей. Тестирлөө, көзөмөлгө алуу, эрте дарылоо жагынан гана мамлекеттердин өз алдынча аракети ар түрдүү болуп жатат. Маселен, АКШ менен Батыш Европа башында эпидемияны таназарга алган эмес, ошол эле маалда Азия мурдагы SARS, MERS ооруларынан алган тажрыйбасына таянды”, - деген пикирде.

Айрым окумуштуулар ысык аба ырайы да вирусту азайтарын айтышууда.

Бирок, Бразилия менен Эквадордо COVID-19дун кесепети оор болууда. Демографиялык жагдай да маанилүү, маселен Африка менен Азиянын эли жаш, саламаттыгы чың. Жапонияда элдин тазалыкка болгон мамилеси көпчүлүктү вирустан коргоп жатат. Айрым окумуштуулар вирус Европага өтө катуу мутацияланып барды деген ойдо.

Жапониялык окумуштуу-иммунолог, Нобел сыйлыгынын лауреаты Тасуку Хонжо Азия менен Европа калкынын генетикасындагы “адамдык лейкоцит антигендеринде” чоң айырма бар, азиялыктардын генетикасындагы коргонуучу система күчтүү деген көз карашын айтууда.

Токио университетинин профессору Тацухико Кодама коронавирус бул аймакта мурда деле болгонун, жаңы түрүнө калктын басымдуусунда антитело бар экенин белгилейт.

Фухита медициналык университетинин окумуштуусу Цуиши Миякава кургак учукка каршы сайылган БЦЖ вакцинасынан улам азиялыктарда ооруга туруштук берүү деңгээли жогору деген теорияны сунуштады.

Гарвард медициналык мектебинин эпидемиологу Меган Мюррей географияга жараша адамдын ичиндеги микробиома – бактериялык тутум да ар башка деген ойдо. Ошондой эле окумуштуулар Азиянын эли Европага салыштырмалуу арыкчырай болгондуктан да ооруну оңой көтөрүп жатканын айтышкан.

Кыргызстандагы “тажадым” онлайн флешмобу

“The Diplomat” журналына Коллин Вуд Кыргызстандагы санариптик флешмобдор тууралуу жазды. “Эки айдан ашуун карантинде жаткандан кийин кыргызстандык социалдык желенин мүчөлөрү алсыз бийлик, миграция, чек ара чатактары, ири өлчөмдөгү тышкы карыз, коргоосуз калган элдин көйгөйлөрүнөн улам “Тажадым” аттуу хештэг менен онлайн флешмобду "Фейсбук", "Инстаграм", "Твиттерде" жайылтып жатышат.

#Тажадым акциясынын баштоочусу Эсен Рысбеков “Азаттык” радиосуна “Кыйналган элге активисттер, бейөкмөт уюмдар биргелешип жардам таркатууда. Мамлекет социалдык коргоо жаатында алсыз экенин көрсөттү. Ошол эле маалда карантинге карабай парламент чогулуп алып, бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектеген мыйзамды карады. Эл мындай башаламандыктан тажады”, - деп айткан.

Бегиштин клиби
Бегиштин клиби

Рэп ырчысы Бегиш жаңы ырында да “тажадым” деген сөздү көп айтып, коррупция, миграция, адилетсиз соттор, аймактык бөлүнүү, чек арадагы чатактар, карыз жана саясатчылардын куру убадаларын сындаган.

Бажы тармагындагы ири коррупциялык схемаларды жалпыга маалымдоо каражаттары ачыкка чыгаргандан кийин Кыргызстанда жарандык коом былтыр да “#реакция” аттуу демонстрацияга чыккан.

#реакция митинги учуру, активист Улан Үсөйүн
#реакция митинги учуру, активист Улан Үсөйүн

Анын уюштуруучулары эч кандай саясий максатты көздөгөн эмес, Рысбеков да өзүн саясий айдыңда көрбөйт. Карантин чаралары жумшаргандан кийин бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамга каршы бир нече адам Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чыгышты.

“Тажадым” кыймылы онлайн дүйнөдө барган сайын күчөп, азыркы көйгөйлөрдөн чыгуу жолун да сунуштагандар болууда. Ушундан улам бийлик онлайн дүйнөдөгү коомчулуктун пикири менен эсептешүүгө мажбур, себеби эл бийликтин проблемаларды этибарга албаганынан чын эле тажагандай”, - деген ойдо Коллин Вуд.

Түндүк Корея Батыш маданиятын “ууга” теңеди

“Newsweek” журналы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын баскетбол, видео оюндарын сүйгөнү менен мамлекеттик телеканал өлкө калкын “Батыштын уулуу маданиятынан” оолак болууга чакырды деп кабарлайт.

“Эмгекчилер партиясы” аттуу гезит Батыштын кинотасмасынын, ырларынын таасирин “идеологиялык жана маданий ууландыруу” деп жазып, “көмүскө душманга” салыштырган.

Кызыгы, алардын лидери Ким Чен Ын Швейцариядагы Берн шаарында билим алып, Батыштын музыкасын жакшы көрөрү жалпыга маалым.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (33)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG