Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 14:00

Дүйнөлүк банк кыргыз мугалимди мактады


Математика сабагынан берген мугалим Айна Жакыпова.

Орусияда азапка калган мигранттар, пандемия Борбор Азияда билим берүүнүн жаңы эшигин ачты, Путиндин кыздары илимди өнүктүрөбү? (Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама 14-22-июнь).

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча координатору Лилия Бурунцук кыргызстандык математика мугалими Айна Жакыпованын дарбазага эсеп чыгарган видео сабагын пандемия маалында дүйнөлүк билим берүү системасы өрнөк алчу окуя катары жазды.

Ал аталган банктын сайтындагы блогунда пандемия маалында билим берүү Борбор Азияда өтө татаал сыноо же экзаменден өткөнүн, бирок Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан аны татыктуу тапшырганын баяндады.

“Айна Жакыпова күндүн ысыгына карабай, дарбазага математикадагы проценттерди түшүндүрүп жатат. Ал муну менен өлкөдө билим алууга шарты жок калган миңдеген жакыр балдардын тагдырын өзгөртүүгө салым кошууда. Эми аймактагы өлкөлөр бай-кедейине карабай, балдардын бирдей шартта билим алуусун камсыз кылышы керек. Бул багытта мамлекеттик жана жеке менчик тараптардын кызматташтыгы да мыкты деңгээлде уюштурулду.

Казакстанда уюлдук операторлор Билим берүү министрлиги, улуттук телекоммуникация операторлору менен биргеликте окуучуларга жыйырмадан ашык билим алуу ресурстары үчүн акысыз Интернет таркатты.

Кыргызстанда да уюлдук операторлор “Вотсап” тиркемесин бекер кылып, окуучу жана мугалимдерге баракчалардагы мобилдик тиркемелерди акысыз ачып берди.

Коронавирустун айынан адамзаттын башкы капиталын жоготуп албашыбыз керек. Пандемия шартында Борбор Азия өлкөлөрү тең укуктуу билим берүүнү уюштура алды.

Эми бул жетишкендик менен чектелбей, мындан ары да санариптик технологияны билим берүүдө максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөп, өксүктөрүн толтурсак. Бул багытта жасаган ишине берилгендиги, чыгармачылыгы жана жигердүүлүгү жагынан кыргызстандык математика мугалими Айна Жакыповадан баары үлгү алышы керек”, - деп жазган Бурунцук.

NY: Орусиядагы мигранттардын азаптуу тагдыры

“New York Times” гезити Орусиядагы Борбор Азиядан барган мигранттар коронавирус пандемиясында кыйын абалда калганын жазды.

Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандан барган миллиондогон эмгек мигранттарынын иши, келечек пландары бир нече айдын ичинде кумга сиңгенин бир нече мисал менен баяндалган.

“Борбор Азиялык мигранттар инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу, ишсиз калып, жегенге тамак-ашы, жашаганга турак жайы жок өз өлкөлөрүнүн элчиликтерин сагалап, мекенге кайтууга зар болуп турган кези.

Мурда Орто Азияга күнүнө кеминде 15 ирет учак каттамы болсо, азыр аптасына бир же эки жолку чартердик рейске катталууну күткөндөр 80 миңден ашты.

Бир батирде ондогон адам чогулуп жашап, орто эсеп менен 600 доллардай айлык алган мигранттардын жашоосун вирус таптакыр оорлотуп салды. Орусия оору жуккандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

Бирок эски советтик өлкөлөрдөн баргандар вируска чалдыкса, толук кандуу дарыланары күмөн. Кремл мигранттарга өтө муктаж, калкы улам картайып, азайып баратат. Ал арада бул өлкөгө жылына 500 миңдей мигрант барып, алардын жалпы саны 5 миллиондон ашкан.

Мигранттын жашоосу Орусияда эч качан жеңил болгон эмес. Визасыз кирип, чыгышса да, алар бир бөлмөдө ондон тыгылып, полициянын кысымы алдында, орусиялыктарга жек көрүндү абалда жашап келишет. Иштетип алып айлыгын бербей койгон учурлар да арбын. Мигранттардын орус экономикасына кошкон салымы тууралуу так маалымат жок, бирок айрым эксперттер Орусиянын ички дүң продукциясынын 10% Борбор Азия мигранттарынын салымы экенин белгилешет. Алар көбүнчө таксист, курьер, официант, көчө шыпыргыч, курулушчу, жууп-тазалоочу болуп иштейт.

Тажикстандын Москвадагы элчиси Имомуддин Сатторов мигранттар Орусиянын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп жатканын Европадагы гастарбайтерлерге же эмгек көчмөндөрүнө салыштырат.

Европадагы мигранттар бийликтин камкордугун талап кылып, барган мамлекеттеринде социалдык камсыздоого алынса, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандын атуулдары эч кандай камсыздоосуз, алтургай Орусияга барганы үчүн салык төлөп иштерин айткан.

“Миграция жана аз улуттар” тобунун изилдөөсүнө караганда, Москвада коронавирус мигранттардын 76% ишсиз калтырды, 58% кирешесинен кол жууду. Алардын көбү элчилик жана диаспоралардын ырайымы, жардамы менен эле ачка калышкан жок”, - деген гезит уюштурулуп жаткан кайрымдуулук акциялары, Владимир Путиндин мигранттарга карата саясаты, кол жоолук болгон тагдырлар, Орусиядагы “мигрантафобия” тууралуу кеңири баяндаган.

Путиндин кыздары орус илимин сактап кала алабы?

Германияда чыккан “Frankfurter Allgemeine Zeitung” гезити Орусияда Владимир Путиндин саясатынан илим тармагы да жарга такалганын жазды.

Катерина Тихонова
Катерина Тихонова

“Путин өзүнүн спортчу, тыңчы достору менен өлкөнү падышадай эле башкарууда. Азыр Орусияда чириген бай феодалдардын династияларына эч ким тоскоолдук жарата элек. Коопсуздуктан улам фамилиясын өзгөрткөн эки кызына орус лидери илимди “карматып” койду. Алар орус интеллектуалдык чөйрөсүн дүйнөлүк деңгээлге алып чыгып, атасынын саясатын бекемдей алабы? Бул үчүн атасы алардан акча аяган жок.

Путиндин 35 жаштагы улуу кызы, биомедицина адиси Мария Воронцова Санкт-Петербургдагы “Номеко” аттуу медициналык комплекске ээлик кылат. Бул жайда генетикалык технологиялар, ядролук медицина изилденет. 2019-жылы Воронцова президенттин буйругу менен өлкөнүн генетикалык технологиялары аттуу федералдык программаны ишке ашырчу илимий кеңешке кирген.

Кийинки кызы, 33төгү Катерина Тихонова физика-математика илимдеринин кандидаты, Москва мамлекеттик университетинде быйыл ачыла турган жасалма интеллект институтун башкарат. Азыр ал өзү окуган Москва мамлекеттик университетиндеги Иннопрактика жаңы технологиялар борборун жетектейт.

“Роснефть”, “Транснефть”, “Росатом” сыяктуу ири ишканалардан жылына миллиондогон рубль акчаны илимий иштер үчүн алып жатат. Оппозициялык саясатчы Алексей Навальный буга чейин Путиндин демилгеси менен курулган Сколково жогорку технологиялар паркында кумга сиңгендей жоголгон миллиарддаган доллар тууралуу айтып чыккан. Эми эки "илимпоз бийкечке" берилген эсепсиз акча да Путиндердин генетикасын изилдөө менен чектелип калбайбы?", - деп суроо салат басылма.

Китепканалар дронду колдоно баштады

АКШдагы Виржиния штатында мектеп окуучулары жана студенттердин жайкы окуусун үзгултүккө учуратпаш үчүн дрон менен керектүү китептерди жеткирип жатышат. Бул тууралуу “World Economic Forum” басылмасы социалдык баракчасына атайын кыска видео чыгарды.

Буга чейин "Амазон" компаниясы дрондорду колдончу
Буга чейин "Амазон" компаниясы дрондорду колдончу

Долбоорду “Wing” компаниясы жергиликтүү китепканачынын сунушунан кийин баштады. Болжол менен 150 миңдей китеп 100 чакырымдык радиуста жашаган балдарга жеткирилет.

Дрондордун ылдамдыгы саатына 113 чакырым. Беш китепти бир маалда көтөрүп, каалоочуларга үч мүнөттүн ичинде жеткирет. Китепканачы Келли Пэссик “Google” ээлик кылган “Wing” компаниясына бул идеясын айткан. Буга чейин дрон менен тамак-аш, электрондук буюмдар, дары-дармек ташылчу. Пандемия шартында эми окуучуларга китеп да жеткирилип турмакчы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG