Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Самарада саргайган мекендештер жардам күтөт


Самарада ара жолдо калган мигранттар
Самарада ара жолдо калган мигранттар

Орусиянын Самара облусунда жетимиштей кыргызстандык эки жумадан бери талаада түнөп жатышат. 

Москвадан автобус жалдап жолго чыккан мигранттар орус-казак чек арасынан өтө албай калган. Ушу тапта алар кыргыз өкмөтүнөн аларды алып кетүүнү сураныпшууда.

«Биз ушунчалык кор болдук. Бизге көңүл бурган адам болобу?! Суранабыз, алып кеткиле. Зорго жан сактап жатабыз» деп кайрылат мекендештердин бири.

Москвадан «1-июнда чек ара ачылат» деп жолго чыгып алгандардын арасындагы Рахат Жунусова аттуу мекендеш 18 күндөн бери талаада жатышканын айтты:

«18 күндөн бери талаада түнөп жатабыз. Арабызда кош бойлуу, оорукчандар бар. Чатырыбыз жок. Клёнканы төшөп алып, сыз жерде жатабыз. Силер бизди обсервациядан мурда психбольницага алып бармай болдуңар?! Же «Жүк-200» менен алып кетели деп жатасыңарбы?! Москвада жумуш жок, батирден куулганда жолго чыкканбыз. Автобус бизди талаага таштап, кетип калды. Өкмөттөн Кыргызстанга алып кетүүнү суранат элем. Ары-бери каттаган автоунаалардан суу, нан сурап, күн көрүп жатабыз. Лөлүдөн айырмабыз жок болуп калды».

Мигранттар бир ооздон артка кайтуудан баш тартып, кыргыз өкмөтүнөн жардам күтүп жатышкан чагы. Айрымдарынын айтымында, алардан 30 чакырым алыстыкта «Маштаково» орус-казак чек ара бекетинде да отуздай кыргызстандык бар.

Ара жолдо калган мекендештерге Оренбург менен Самарадагы диаспоралар колунан келишинче жардам көрсөтүүдө. Самарадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Акыл Кудуев мигранттар артка кайтууга макул болбой, бир гана талап менен турушканын белгиледи:

«Өткөндө Оренбургдагы диаспора кичине азык-түлүк алып барып беришкен. Бүгүн мен да алып келип бердим. Булар «эч жакка жылбайбыз, Кыргызстанга гана кетебиз» деп жатышат. Бир эле талабы ушул».

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов "Азаттыкка" бул жарандар боюнча маселе каралып жатканын билдирди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу орус-казак чек аралары жабык турганына карабай өз алдынча автобус жалдап, жолго чыккан элүүдөй жаранды 27-майда элчиликтин кызматкерлери менен активисттер токтотуп калышканы маалым болду.

Элчилик 10-11-июнда да автобус менен Казакстандын чек арасынан өткөрүүгө убада берип, жүргүнчү топтогон айдоочуларды тапкан. Мындан кийин жол кире акысы ээлерине кайтарылып берилген.

Дипломатиялык өкүлчүлүк учурда жардамга муктаждарга турак жай, азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтүп келет.

Оренбург облусундагы чек ара бекеттерине март айынан бери мигранттардын агымы токтой элек. Аймакта борбор азиялык мигранттардын лагерлери түзүлүп, адамдар бир нече айлап чатырларда күн көрүшкөн.

Кыргыз бийлигинин орус-казак өкмөттөрү менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин 21-майда Оренбургдан учак менен 164 жаран, Казакстан аркылуу автобус менен 410 жаран чыгарылган. Ага чейин 7-майда Оренбург облусунан 541 адам Кыргызстанга кайтарылган.

Кыргыз элчилиги соңку бир ай ичинде Москвадан үч рейс уюштуруп, миңден ашуун адамды Кыргызстанга жөнөттү. 17-майда негизинен 379 киши, 26-майда 372 кош бойлуу келин, 7-июнда өтө зарыл муктаждыктагы 402 киши Кыргызстанга кайткан.

Жыл башында Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 750 миңге чамалаган.

Орусияда соңку күндөрү коронавирус илдети 8,5 миңден ашуун адамдан аныкталып, өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны жарым миллиондон ашты. Расмий 6,5 миң адам оорудан өлгөнү айтылды.

Орусиялык басылмалар бийликтеги булактарына таянып, орус өкмөтү 15-июлдан тарта аба каттамдарын жандандырууга камданып жатканын кабарлады. Москвада карантин чектөөлөрү четинен алынып, айрым мекемелер жана тейлөө кызматтарынын ишине уруксат берилди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG