Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

«Мекен-карт» мекендештердин укугун кеңейтеби?


Красноярск командасында ойногон кыргыз улакчы.
Красноярск командасында ойногон кыргыз улакчы.

Жогорку Кеңеште мурда Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзам долбоору талкууланууда.

Мыйзам долбооруна ылайык, башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандык «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» деген расмий макамга ээ болот. Анын мындай макамын далилдөөчү «Мекен-карт» деген мамлекеттик документ он жылга берилет. Статус берүүнү тийиштүү мамлекеттик орган аныктайт.

«Мекен-карт» мамлекеттик документине ээ болгон кыргызстандык тарыхый мекенине визасыз кирип чыгуу, уруксат документи жок эле иштөө, убактылуу жашоого жана билим берүү, медицина мекемелеринин кызматын колдонуу жагынан кыргыз жарандары менен укуктары теңелет.

Буга чейин чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандык үлүш жерине мураскер катары аныкталса, аны бир жылдын ичинде сатып же өткөрүп берүүгө милдеттүү болчу. Эми мыйзам долбоорунда анын мөөнөтү 10 жылга чейин узартылды.

Мыйзам кандай маселелерди чечет?

Демилгечи депутаттар бир топ өлкөлөрдө, айрыкча Орусияда кыргыз мигранттары иштөөдө жеңилдиктерге ээ болуш үчүн ошол мамлекеттин жарандыгын аргасыз алышканын белгилешет. Бирок ал кыргызстандыктар туулуп өскөн мекени менен тыгыз байланышта кала берүүдө. Жарандыгы гана болбосо, башка мигранттардай эле көпчүлүгү тапкан кирешесин Кыргызстанга жөнөтөт.

Демилгечи депутаттардын бири Махабат Мавлянова мындай жарандардын укуктарын чектөө туура эмес деп эсептейт.

Махабат Мавлянова.
Махабат Мавлянова.

«Башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештер Кыргызстан менен байланышты үзгөн жок. Үй-жайы, туугандары бул жакта калган. Алар бул жакка келгенде укуктук абалы боюнча бир топ кыйынчылыктарга туш болот. Анткени алар башка чет өлкөлүк жарандардай эле укуктары чектелүү болуп жатат. Ошон үчүн «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» деген статус берүүнү сунуш кылып жатабыз», - деди эл өкүлү.

Мындай макамы бар мекендештер мамлекеттик кызматтарда иштөөгө, шайлоого катышууга укугу жок. Кыргызстан менен чектешкен Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга бул мыйзам иштебейт. Мындан тышкары «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» макамы мурда соттолгон, эркинен ажыратылган, коопсуздукка коркунуч келтирген адамдарга, террордук, экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө берилбейт. Өзү жөнүндө жалган маалымат бергени аныкталса, макамынан ошол замат ажыратылат.

Өкмөт депутаттардын бул мыйзам долбоорун колдоп корутунду чыгарган. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, чет өлкөнүн жарандыгын алган 300 миңдей кыргызстандык бар. Кызматтын башчысы Болотбек Ибраимжанов бул нече жылдан бери мигранттар көтөрүп жүргөн маселе экенин белгиледи:

«Биз сунуш кылалы деп жүргөнбүз. Кийин жумушчу топ түзүлүп, депутаттар сунуш кылса тезирээк кабыл алынат деп аларга берилген. Көп сунуш пикирлер түшкөн, бардыгы эске алынып, долбоор даярдалды».

Анткен менен бул мыйзам долбоору боюнча чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктардын пикири бир кылка эмес. Айрымдар кубаттаса, кээ бири «пайдасыз мыйзам» деп сындап чыгышты.

Орус жарандыгы бар кыргызстандык Руслан Эшимов - бир нече жыл мурун мигранттардын укугун кеңейтүүчү «Мекен-карт» документин сунуш кылып жүргөндөрдүн бири. Эми ал бул мыйзам долбоорун чийки деп сындап жатат. Эшимов президентке караштуу Мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин былтыр август айында Бишкекте өткөн жыйынында айтылган сунуштар кирбей калганына нааразы болду:

Руслан Эшимов.
Руслан Эшимов.

«Мен баарын окуп чыктым. Бизге таптакыр эле кереги жок экен. Мисалы, «визасыз кирет» дейт. Ансыз деле визасыз кирип жүрөбүз. Каттоого 120 сом төлөп, туруп койсоң болот. Бир-эки ай жүрүп кетип каласың. Бул анча чоң кыйынчылык эмес. «Кыргызстанга келсеңер оорукананы, билим берүүнү кыргызстандыктардай колдонуп, төлөйсүңөр» дептир. Бизге анын кереги жок, Орусиядан эле дарыланабыз. Мен мисалы мындай «Мекен-карт» алууга документ тапшырбайм».

Мыйзамды сындап жаткан Руслан Эшимов - Москвадагы кыргыз диаспорасынын белгилүү өкүлдөрүнүн бири. Ал аргасыздан орус паспорт алганын белгилеп, өзү сыяктуу кыргызстандыктар мекенинде кабылган кыйынчылыктар менен иш алып барат. Эшимов Кыргызстандан үй алып, туугандарына каттатып, кийин ар кандай себептер менен мүлкүнөн ажырап калгандар жүздөп саналарын айтты:

«Там сатып алып, бир тууган инисине каттатышат. Иниси тамды банкка күрөөгө коюп, алдырып жиберет. Карындашына каттатып койсо турмушка чыккандан кийин күйөөсү бербей коёт. Атасына каттатып, ал каза болуп калса иниси «атамдын үйү» деп тартып алат. Мындай окуялар толтура. Мына, мен бирөөнүн жерине ишкана салдым. Эми кайсы күнү ишканамды тартып алат деп жердин ээсинен коркуп жашайм. Жер, мүлк сатып алууга уруксат берсе өлкөгө реалдуу инвестиция келмек».

Эшимовдун маалыматы боюнча, Орусиянын жарандыгын алган 600 миңдей кыргызстандык бар.

Азырынча «Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 26-майдагы отурумунда колдоп берди. Баяндамачыга эч ким суроо берген жок. Эми мыйзам долбоору жакынкы күндөрү парламенттин жалпы отурумуна чыгарылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG