Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

«Мигранттар Орусиядан башка өлкөнү издеши керек»


Орусиядагы мигранттар.

Миграция боюнча эксперттер карантин чектөөлөрү алынып, чек аралар ачылары менен Орусияда иштеп жүргөн мигранттардын көбү жерине кайтып, алардын кайрылып келиши кыйла кечирээк болорун болжошууда. 

Ар кыл божомолдорго караганда КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттардын 10%дан 30%га чейинкиси туулган жерине кайтат. Орусияда калган мигранттарды эмгек базарынын азайышы, жумушчу орунду ээлөө атаандаштыгы, маянанын азайышы, анан да мигранттарга каршы маанайдын күчөшү күтөт.

Орусиядагы миллиондогон эмгек мигранттарынын азыркысы менен эртеңкиси тууралуу Санкт-Петербургдагы Европа университетинин профессору, антрополог Сергей Абашин, укук коргоочу Валентина Чупик жана Миграциялык изилдөөлөр борборунун директору Дмитрий Полетаев ой бөлүшөт.

Талкууну «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын журналисти Умид Бобоматов менен «Азаттык» радиосунун Москвадагы кабарчысы Лазат Жаныбек кызы алып барат.

«Азаттык»: - Валентина, кыйын күндөрү атайын борбор уюштуруп эмгек мигранттарына жардам берип жатасыз. Карантин чектөөлөрүнүн убагында эмгек мигранттары кантип жашап жатат?

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

Валентина Чупик: - Таажы вирусу жайылганы эмгек мигранттарынын абалы аябай эле оорлошуп кетти. Мурдагы полициянын туш келген жерден документ текшеришине үйдөн чыкпай отуруу жөнүндөгү эреже-тартиптердин сакталышын көзөмөлдөө деген шылтоо кошулуп, айласыз кырдаал түзүлдү. Катталган жеринде жашабаганы үйдөн чыкпай отуруу эреже бузуу катары эсептелет. Мындан сырткары мигранттардын көбү ишсиз отурат, иши болсо да айлыгы жок калгандары канча? Азыр аябай эле көп адамдар акысыз иштешет. Иш берүүчүлөр «акча баары бир жок, кааласаңар бошсуңар, бирок кийин жумуш башталганда силерди албайбыз» дешет. Мунусу аз келгенсип өткөрмө режиминен улам алардын көчөдө жүрүшү кыйын болуп калды, сыртка чыкса эле славян эмес түспөлдөгү адамдарды текшерүүгө алышат. Өткөрмө режиминен улам ыксыз текшерүүгө туш келгендердин ондогон арыздары менде турат. Полициядагылар «алардын өткөрмөсү маалыматтар базасында жок» деген шылтоону алдыга жайышат, алардын өздөрүнүн өткөрмөсү маалыматтар базасында жайгашкан.

Таажы вирусунан улам жабылып калган мигранттардын жатаканасы ушу тапта олуттуу проблемага айланууда. Кимдир-бирөөлөрдө таажы вирусуна жакын кандайдыр бир шек-шыбаа билинип калса эле бүт жатакананы жаап коюшат. Анда жашаган адамдарды сыртка чыгарбай камашат. Мындайда ал жердегилердин ишенген жалгыз оокаты – кайрымдуу уюмдар берчү жардам. Башка уюмдар менен бирге биз да азык-түлүк баштыгын таратуудабыз. Башкалар да ушинтип элди ач калтырбай, колунан келишинче көмөк көрсөтүүдө.

Дагы бир оор проблема - үй акысын төлөө болуп жатат. Көбүнүн акчасы жок, ага карабай жатакана же батир ээлери телефон чалып, үй акысын төлөөнү талап кылышат.

«Азаттык»: - Медициналык жардам жагы кандай болуп жатат?

Валентина Чупик: - Аябай начар. Күнүгө беш-алты ирет мигранттарга «Тез жардам» чакырам. Укуктук жагынан сабаттуу деген мен мигранттарга келүүгө «Тез жардамды» бир топ кыйынчылыктар менен көндүрөм. Мигранттар өздөрү «Тез жардамга» телефон чалып орусча эмес фамилияны атаганда эле телефонду коюп салышарын айтышат.

Бүгүн мага Сеченов ооруканасында дарыланып жаткан өзбекстандык аял кайрылды. Ага таажы вирусу жугуп, бейтапканага түшүптүр, эми андан дарылоо акысын төлөткөнү жатышыптыр. Таажы вирусу - коркунучтуу дарт, ага кабылган бейтаптардан мамлекеттик ооруканалар акы доолаганга укугу жок. Мигранттар аябай чочуп калышкан, ошондуктан таажы вирусуна кабылып калса, анысын жашырууга аракет кылышат. Бул ооруну жугузуп алгандар башкалардын өмүрүнө коркунуч келтирет деген кеп.

«Азаттык»: - Статистика жүргүзүлөбү? Күнүгө орточо эсеп менен канча киши телефон чалат? Чет элдик жарандардын канчасы вирус жугузуп алганын болжолдуу билсе болобу?

Валентина Чупик: - Канча киши ооруганын так айтыш кыйын. Себеби, биз жалаң эле ооруп калгандарга жардам бербестен, оорулардын жанында сыртка чыкпай отуруп калгандарга да көмөк көрсөтөбүз. Ушул тапта биз 1156 адамга эки жумага жеткидей тамак-аш жеткирип бердик. Биздин операторлордун ар бири күнүнө болбоду дегенде төрт ирет медициналык «Тез жардам» чакырып беришет. 25 күндүн ичинде биз 100дөн ашуун чет элдик жаранга «Тез жардам» чакырдык.

«Азаттык»: - Сергей, сиз азыр Санкт-Петербургдасыз. Ал жерде абал кандай?

Сергей Абашин.
Сергей Абашин.

Сергей Абашин: - Жагдай бул жерде деле Москвадагыга окшош. Негизги проблемалардын баары Москвага топтолгон го, мигранттардын чоң агымы да ушул жерде. Бул жерде көмөк көрсөтүүнүн жолдору бир аз башкачараак, мигранттарга диаспоралар менен мечиттегилер жардам берүүдө. Мыкты уюшулган, туура багытты көздөгөн уюмдар бул жерде азыраак, алардын таасири, уюмдаштыгы Москвадагыдай кеңири жайылган эмес.

Менимче, жалпы жагдайды тактап алыш керек. Чын-чынына келгенде карантинге чейин Орусияда 10 миллион чет элдик жаран бар болчу, булардын арасына туристтер, элчилик кызматкерлери, дагы башкалар кирип кетет. Баарын эсептей келгенде, эмгек мигранттары 6-7 миллион адамды түзөт. Алардын баары эле Москва менен Петербургга же Москва, Ленинград облустарына чогулуп алган эмес. Болбоду дегенде тең жарымы, мүмкүн андан көбү Орусиянын кең мейкинине чачылып кеткен. Ошондуктан карантин чараларына, жумуш орундарын жаап салууга текши баары туш келген жок. Мигранттардын баары эле жумушсуз калган эмес, аларды жактырбагандар, полиция учураган жерде текшерип аткан жери деле жок. Бул жерде ар кандай кырдаал түзүлүүдө, анан да ал тез-тез өзгөрүлүп турат. Мисалы, курулушту жаап салышты, мигранттардын көбү жумушсуз отуруп калды, ошол эле учурда биз азыр тармак аз-аздан жандана баштаганын көрүп турабыз. Эмгек базарындагы жагдайга мигранттар ыкчам ыңгайлашат, алар жагдайга жараша багытын өзгөртүп кете беришет.

«Азаттык»: - Дмитрий, сиз эмнени кошумчалайт элеңиз?

Дмитрий Полетаев.
Дмитрий Полетаев.

Дмитрий Полетаев: - Менимче, азыркы болуп жаткандар буга чейин 2008 жана 2014–2015-жылдардагы жагдайдан кыйла айырмаланат. Сергей туура айтты, мунун баары рублдин курсунун төмөндөшүнө алып келет, ал болсо орус экономикасына залакасын тийгизет, мигранттардын акча табуу мүмкүнчүлүгүн азайтат, анан да мунай баасынын арзандашы жагдайды татаалдаштырууда. Акчанын кунунун качышына таасир берген башка жагдайлар да бар. Мигранттар Орусиянын ичинде иштешет. Ушу тапта орусиялыктар үчүн жагдай анча жакшы эмес, мыйзамдуу бизнеске эле эмес, көмүскөдөгү экономикага деле кыйын болууда. Себеби, калктын сатып алууга чама-чаркы азаюуда, анын үстүнө чакан жана орто бизнеске жарыбаган көмөк көрсөтүлүүдө.

Мүмкүн бул стратегиялык көз караштан маанилүү чыгаар. Биздин институттун экономисттери ырастагандай, жардам кризистен кийин, адамдар жумушка чыга баштаган чакта берилиши керек. Бирок азыркы жагдайда, чектөөлөр маалында жардам берилбесе бизнес токтойт. Негизинен чакан жана орто бизнес мигранттарга жумуш берчү, мигранттардын көбү 100- 500 адам иштеген фирмаларга орношчу. Азыр баарына эле оор, ишкер чөйрө да эмне кыларын билбей турат, карантин токтоп чек аралар ачылгандан кийин эмне болору мени көбүрөөк түйшөлтөт. Апааттын залакасын мигранттар көбүрөөк тартышат, арасат жагдайга алар көбүрөөк туш болушат.

Менимче, көбү бул жерден кетет, бирок да 2008-2014-жылдардагыдай агылган толкун болбойт, иштей турган жумуш жок болсо айла жок кетүүгө туура келет. Эмгек мигранттары кризис шартында ачылып калган боштуктарды толтурушат, ал боштуктарга орусиялыктар да агылып киришет. Мындайда атаандаштык күч алат. Экономика азыркы «уйку-соо абалынан» чыккан кезде мигранттарга жумуш орундары азаят. Алардын көбү өз жерине кайтпайт, бир даары кеткиси да келбейт. Барган күндө деле үй-бүлөсү кучагын жайып, жакшы жумуш, дурус маяна күтүп турбасын билет.

Чектөөлөр алынгандан кийин жагдай чынында да коркунучтуу чекке жетет. Башка өлкөлөрдө деле жагдай мыкты эмес, дүйнөлүк базар кыйлага чейин таажы вирусунун басымынан чыга албай экономикалык кыйын жагдайга кабылат. Бул жападан-жалгыз себеп эмес. Таажы вирусу кыйладан бери топтолгон экономикалык оорчулукту дагы тереңдетип койбодубу. Жамы дүйнө жалпы кабылып аткан жагдай мигранттар үчүн жакшы шарт түзүп бере албайт. Мен жагдайдын оптимисттик жана пессимисттик болжолдорун айта кетейин: Орусияда жакын арада эмгекке жарамдуу калк көбөйүп кетет деп үмүттөнүүгө негиз жок, ошондой жагдай түзүлүп калган. Бизге сырттан келчү «жумушчу колдор» керек, бирок ал үчүн бери дегенде эки-үч жыл күтүш керек, ал арада туңгуюкка кулоонун себеп-жөнү аңдалып, бизнестин кайрадан ирдениши, экономикалык көз караштан алганда өкмөт деңгээлинде эмгекке жарактуу калкка суроо-талап колдоого алынышы абзел.

«Азаттык»: - Бир суроо чыгып жатат. Орусия өкмөтүнүн миграциялык жагдайга, мигранттарга мамилеси кандай, чогулган проблеманы чечүү аракети жасалып жатабы? Проблема өрчүп баратканын баары эле айтышууда. Сиз аны байкап жатасызбы?

Дмитрий Полетаев: - Мигранттарга мамиле башкысы эмес, артыкчылык баары бир орусиялык жарандарга берилет. Миграцияга мамиле 20-25 жылдан бери ушундай негизде эле келе жатат. Ошол эле мезгилде чет элдик жумушчу күчү керек экенин баары түшүнөт. Мурдагы советтик өлкөлөрдөн келген мигранттарга эмгек визасы ачылбайт, миграциялык мыйзамдар жеңилдөөдө. Жеңилдөө карантин чектөөлөрү алынып салынгандан кийин дагы тереңдеши же токтоп калышы деле ыктымал – анын баары өкмөттүн аракетине байланыштуу. Бирок да мигранттарга карата мамиленин маанилүүсү - менимче, атайын мамлекеттик каржылоодогу интеграциялык программалар болушу керек эле, бизде андай иштер жасала элек. Бардык тармактарга мамлекеттик колдоо зарыл. Мигранттарды өгөйлөө интеграциялык программаларга бюджеттен акча бөлүнгөн өлкөлөрдө деле жолугат.

«Азаттык»: - Валентина, сиз чек аралар жакын арада ачыларын айттыңыз. Путиндин апрелдеги жарлыгы боюнча карантин чектөөлөрү маалында чет элдик жарандардын Орусияда жүрүшү мыйзамдаштырылды...

Валентина Чупик: - Жарлык миграция маселелери боюнча аракеттер башкармалыктын кызматкерлери тарабынан тоскоолдукка учуроодо. Анын үстүнө жарлык эч ким түшүнбөгөн тилде жазылган. Кыязы, ал жарлыкты миграция маселелерин жакшы билбеген, ортодогу мамиле-катышты түшүнбөгөн адам жазгандай таасир калтырат. Жалпысынан жарлыктын чыкканы жакшы болду. Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыкка жарлыкка расмий түшүндүрмө берүү тууралуу өтүнүч жаздым (патентке акча төлөш керекпи, миграциялык эсепке тургузууну кантип узартууга болот, жумуш берүүчү мигрантты ишке алганын кантип кабарлайт ж.б.).

Жоопту көп кечиктирбей эле алдым. Анда мигранттар патент үчүн эч кандай акча төлөбөй тургандыгы так көрсөтүлгөн, акча талап кылса патент жараксыз болуп эсептелет. Эгер акы төлөө 15-марттан 18-апрелге чейин жүргүзүлүп калса, ал акча кийинки төлөмдөрдүн эсебине чегерилет. Миграциялык эсепке тургузуунун токтотулушу эмнени түшүндүрөт? Ошол токтоткон күнгө 93 күн кошулуп, анын ичинен 15-марттан 15-июнга чейинки убакыт алынып салынат. Башкача айтканда, миграциялык эсепке тургузуу эч кандай чектөөсү жок дагы 93 күнгө узартылат. Чет элдик жаранды жумушка алган жетекчи анын патент номуруна карабай муну айтышы керек.

Салык төлөө - жумуш берүүчүнүн милдети! Бирок мага жүздөгөн адамдар телефон чалып, мигранттар патентке акча төлөп, миграциялык эсепке турушун узартууга мажбур кылышканын, баарында акча талап кылышканын айтышууда. Аны менен эле тим болбой жер-жерлерде айран калтырчу демилгелер чыгып жатыптыр. Аны миграцияны мыйзамдаштыруу, мунапыс деп атап алышыптыр, бул президенттин 274-номурлуу жарлыгына каршы келет.

Дагы бир маселе - сыртка чыкпоо режимин түшүндүрүү. Ушу тапта жашап жаткан жери мигранттын миграциялык эсепке турушу деп эсептелет. Ага ылайык, миграциялык эсептеги даректен 100 метр ары турган мигрантты эрежени бузду деп айыпташууда. Мигрантка зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар катталууда. Мыйзамды билбегендиктин натыйжасы мыйзамдын иштешин татаалдаштырып жатат.

«Азаттык»: - Сиз миграциялык документтердин мөөнөтү 93 күнгө узартыларын айттыңыз, андай болсо ал сентябрдын ортосуна чейин жарайбы?

Валентина Чупик: - Андай эмес, документтин жарактуулук күнү бүткөндөн тартып дагы 93 күн кошулат.

«Азаттык»: - Валентина, сиздин өтүнүчтүн негизин патент үчүн акча төлөө керекпи же жокпу деген маселе түзөбү?

Валентина Чупик: - Эч кандай акча төлөө деген жок! Бирок патентке сөзсүз акча төлөчүлөр мурдагыдай эле төлөй беришет. Ал эми патентке акча төлөбөгөн чактагы патенти мурдагыдай эле жарактуу бойдон кала берет. Патентке акча төлөбөш керек, анын пайдасы жок.

«Азаттык»: - Баш катырчусу эмнеде? Миграциялык департамент кызматкерлери өздөрү түшүнбөй, башкаларга түшүндүрө албай атышынын себеби эмнеде? Же бул атайын жасалып жатабы?

Валентина Чупик: - Алар адашпай калсын. Бул баш катырма - маалымат, кайсы бир жактан кандай болбосун патентке төлөмдөрдү чогултуу тапшырылган.

«Азаттык»: - Чектөөлөр алынгандан кийин мигранттар мөөнөтү өтүп кеткен документтери менен калбашы үчүн эмне кылышы керек? Кандай иштерди жасашы зарыл?

Валентина Чупик: - 15-июндан тартып чек аралар ачылып кетерине ишенбейм. Менин баамымда сентябрдан мурдараак чек аралардын ачылышы кыйын. 274-жарлыкта белгиленген режим болбоду дегенде чек аралар ачылганга чейин узартылат деп ойлойм. Экинчиси - жарлыкты болушунча түшүндүрүү зарыл, анан да анын так, кыйшаюусуз ишке ашырылышына аракет кылыш керек. Жакшы, туура жарлык, аны кандай жазылса, ошондой колдонуш керек. Бул эми толук кепилдик бербейт, бирок да карантин чектөөлөрү жоюлганча мигранттарды ыксыз текшерүүдөн, кысымдан сактоого жардамы тиет.

«Азаттык»: - Сергей, мигранттардын проблемалары толтура. Жогоруда айтылган дагы бир мүшкүл - мигранттарды жектөө, кодулоо маанайы. Мына ушул маселе орусиялык маалымдоо каражаттарында кандай чагылдырылууда? Коомдун маанайы кандай?

Сергей Абашин: - Менин жообум кыйла эле карама-каршылыктуу. Биз, бир жагынан орус коомунун бир бөлүгү, өкмөттүк эмес уюмдары, орус интеллектуалдары берип жаткан олуттуу көмөктү көрүп атабыз. Мигранттар өздөрү да өз ара көмөктөшүү тармактарын түзүп, бири-бирине олуттуу жардам көрсөтүүдө.

Ошол эле кезде экинчи жагынан апрелдин жарымынан тартып «мигранттарга каршы маалымат агымы» кайсы бир кедерине кеткен улутчулдардын блогунда же сайтында эмес, федералдык маалымат каражаттарынын деңгээлинде жайнап чыкты. Бул жагынан алдыга озунуп чыккан басылмаларды, биринчи иретте «Комсомольская правда», «Звезда» сындууларды атап кетким келет. Федералдык деңгээлде мигранттарга каршы маанайды ачыкка чыгаргандар арбып баратат. Ойго келбеген укмуштар айтылууда, «мигранттар келип баарын өлтүрүп, тоноп кетет экен» деген миш-миштен тартып «мигранттар орусиялыктардын ишин тартып алып жатышат» дегенге чейин доомат коюшууда. Мигранттарды жектөө маанайы, албетте, коомчулукта жакшы маанай жаратпайт.

Мигранттарды кодулоо тууралуу кеп кылганда утурумдук чара көрбөстөн, ириде стратегия жаатында ойлоо да маанилүү. Катаал чара көрүү – адатта ишке ашпас аракеттердин бири, андан пара алган полиция кызматкерлери гана пайда көрүшөт. Стратегиялык иштер туурасында ойлой турган кез келди. Орус тилинен экзамен алуу боюнча талапты кайрадан карап чыгуунун зарылдыгы бышып жетти, ал тек кожо көрсүнгө гана жасалып калды. Медицина, билим алуу мүмкүндүгү, дагы башка маселелерди чечүүнүн зарылдыгы турат. Саясатчылар муну эстен чыгарбашы керек.

«Азаттык»: - Сергей, бул маселе өзүнөн өзү чечилет деп күтүп отурбай бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү олуттуу мамиле кылчу убак келдиби?

Сергей Абашин: - Туура, мен сизди колдойм. Биринчиден, ар бир өлкөнүн жагдайы айырмалуу. Бир жагынан донор өлкөлөр бул маселени өзүнөн оолактатып салганын көрүп жатабыз. Баары чек арасын жаап алышты да мындай позицияны карманып отурушат: «Алар ошол жерде жашап жатышат, чыккан проблемаларын орус бийлиги менен өздөрү чечип алышсын, алар деле биздин жарандар, бирок аларга биз жооп бербейбиз». Мына ушул таң каларлык позиция.

2014-2015-жылдардагы жагдай менен салыштыруунун өзү жакшы, ал кезде да экономикалык кризис каптаган, мигранттар кете баштаган. Мигранттар да бир кылка эмес. Ар бир өлкөнүн бул багыттагы саясаты ар кыл болушу мыйзам ченемдүү. Толкундоого кабылган айрым өлкөлөр ушу тапта миграция темасын талкуулап жатышат. Орус бийлиги менен кайсы бир чечимдерди кабыл алууга Орто Азия өлкөлөрүнүн башынан келаткан байланыш-катыштары таасир этүүдө, бирок бул аз. Коомчулук тарабынан кандайдыр бир кеңеш берүү да кыйын. Өлкөсүнүн бул маселе боюнча мамилесине ичи чыкпаган мигранттар толтура.

«Азаттык»: - Сергей, 2014-жылы мигранттардын түрүлүп кеткени тууралуу айттыңыз. Бул ирет жугуштуу оорунун айынан мигранттар жапырт жерине кайтышы мүмкүн деп ойлойсузбу?

Сергей Абашин: - Кеткендер кетет, бул эми белгилүү го. Рублдин куну качты, мигранттар үчүн бул маанилүү маселе. Көптөгөн ишканалар жабылды, эмгек базары тарыды, ага жалаң жугуштуу оору эмес, мунайдын баасы түшүп кеткени да таасир тийгизди. Бул мигранттарды кетирүүгө жол ачат. Чек аралар ачылганда кеткендер дагы көбөйөт. Кетчүлөрдүн саны эмгек базарынын тарышына байланыштуу, аны биз так болжолдой албайбыз. Канча ишканалар жабылып, алардын канчасы ыкчам ачыларын билбейбиз. Карантин канчалык узакка созулса ошончолук мигранттар жерине кайтышат.

Мен азыр жаш мигранттар менен иштешип жатам, аларга Орусиядан башка деле иштей турган жерлер бар экенин айтуудамын. Мигранттар чет тилдерин мыкты билип, башка өлкөлөргө барып иштөөнүн аргасын издеши керек.
Валентина Чупик.

Валентина Чупик: - Башында арбын кетип, бара-бара суюлуп отуруп алардын кыйласы кайра кайтып келет деп ойлойм. Жалгыз эле орус акчасы эмес, башка өлкөлөрдүн валютасынын деле куну качпадыбы. Азыр адамдардын көбү өз жерине кетүүгө кызыгат, себеби бул жерден чыгып кетиш кыйын болуп жатпайбы. Алар Орусиядан кеткиси келбейт, бул жерде баскан-турганын чектеп койгонуна чыдабай жатышат. Алгачкы бир-үч айда кайтчулар арбын болуп, анан алардын кыйласы кайтып келет деп ойлойм. Бирок аларды бул жерде кризиске чейинки учурдагыдан начар жагдай күтүп турат. Менде Орусияда кыйладан бери жергиликтүү калкты алаксытып келаткан салттуу өнөктүк - мигранттарды 2013 – 2014-жылдардагы жек көрүү, «миграция менен мигранттарды кубалоо» маанайы кайра дагы күчөйбү деген кооптонуу бар.

Мындан тышкары биздин мамлекетин стратегиялык менталитетине байланышкан дагы бир коркунуч бар. Тилекке каршы, биздин мамлекеттердин башында баш-оту менен советтик болуп калган кишилер отурушат. Алардын мээсине пландоо менен квота бөлүштүрүүдөн, уюшкандыкта топтоп алуудан башка эч нерсе кирбейт. Алар эми мамлекеттер ортолук расмий эмгек келишимдерин талап кыла баштаса деле мен таң калбайм, андайда мыйзамдуу мигранттар агымы азаяры турган иш. Мигрантардын абалынын начарлашы айныксыз, себеп дегенде, уруксат кагазын алуу кыйындайт.

Дагы бир коркконум - топтоо учурунда Орусияга баруу укугу сатылышы деле мүмкүн. Эмнеликтен антип эмитен кабатыр болуп атканымдын себеби мындай: адамдар кетип кайра келишсе мурунку шарттар жок, баары татаалдашып кеткен. Мен азыр жаш мигранттар менен иштешип жатам, аларга Орусиядан башка деле иштей турган жерлер бар экенин айтуудамын. Мигранттар чет тилдерин мыкты билип, башка өлкөлөргө барып иштөөнүн аргасын издеши керек.

«Азаттык»: - Дмитрий, баяндамаңызда кылмыштуулук көбөйүп кеткенин белгиледиңиз...

Дмитрий Полетаев: - Кылмыштуулук тескерисинче көбөйбөйт. Кризис маалында анын күчөгөнүн байкабадык. Азыр мигранттар кабылып жаткан өзгөчөлүү шартта майда уурулук азыноолак арбышы мүмкүн. Ал деле жайылып кетет деген ойлош кыйын. Эмгек менен криминалдык миграциянын айырмасын биле жүрүш керек, экөөнүн максат-милдеттери эки башка.

Мигранттар түрүлүп кетип жаткан өлкөнүн жоопкерчилиги тууралуу кеп кылганда эли сыртка чыгып кеткен өлкөлөрдө ишкер чөйрөгө жетиштүү көңүл бурулушу керек деп ойлойм. Адамдар акча иштеп табышат, анан аны жок кылышат. Бул өлкөлөрдө экономикалык жагдай жакшы болбой жатат. Айталы, азыр Өзбекстанда азыноолак кызуу өнүгүүгө жол ачылды. Айыл чарба, өндүрүш жана өнөр жайга байланышкан бизнести өнүктүрүү зарыл. Менимче, мигранттардын өлкөсү өз жарандарынын алдындагы жоопкерчилигин сезиши зарыл.

Орусиядагы жагдай тууралуу айтчу болсок, айрым системалуу нерселерди өзгөртүү зарылдыгын эске алуу зарыл. Маселен, Германияда ИИМ миграция маселелерине жоопкер, бул ишке алар толгон-токой ӨЭУларды тартышкан. Мамлекет мигранттар маселесин чечиш үчүн өкмөттүк эмес уюмдарды ишке тартып, кызматташууну муниципалдык, шаардык жана федералдык деңгээлде жүргүзөт. Бизде да миграцияга жооптуу жарандык министрлик болсо жакшы болор эле. Бул маселе күч түзүмдөрүнүн колунда.

Биз Батыш Европага окшошуп баратабыз – эмгекке жарамдуу калк азаюуда. Миграция – бул өзү гуманитардык маселеге байланышкан иш. Мигранттар үчүн эмгек биржасын түзсө болот. Мамлекеттик кызматтар бул багытта иштей албай жатат, андыктан ишти уюштуруунун башка жолдорун издеш керек. Интеграция программасы боюнча өкмөттүк, жарандык коомдун кызматтары эриш-аркак иштеп, мигранттарга жардам бериши керек. Бул интеграциялык программаларды ишке ашыруунун маанилүү жолу. Миграциялык ресурс менен иштеш керек.

«Азаттык»: - Дмитрий, эмгек базарындагы карантинден улам бир суроо. Мигранттар кетип калышпайбы?

Дмитрий Полетаев: - Сергейдин оюн улап кетейин, кетүүчүлөрдүн саны 10-15% эмес, андан көп, мигранттардын үчтөн бири жерине кетет деп ойлойм. Албетте, биз миграциянын түзүмүнө карашыбыз керек. Үй-бүлөлүү мигранттарга тура калып эле жөнөп кетиши кыйын, ошондуктан алар бул жерде калуунун жолдорун издешет. Мурдагы кризистердин тушунда көбүнесе Өзбекстандан келген мигранттар кетишкен. Алардын арасында үй-бүлөлүүлөр, аялдар аз болчу.

«Азаттык»: - Эмгек мигранттарына мунапыс жарыяланабы?

Дмитрий Полетаев: - Мунапыс болорунда шек жок, бирок ал ортодогу маселени чече алабы? Ал үчүн мигранттардын келиш-кетишин документтештирүүчү жагдайды жоюш керек, документи жокторго мунапыс жайылтылбайт. Документи жок адамдар деле көп болушат. Бул стратегиялык жагынан анчалык деле маанилүү маселе эмес.

Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу катары катышарын жарыя кылды, аягында ал деле биримдикке кирет окшойт. Өлкө жетекчилиги, кыязы, жарандарынын Орусиядагы эмгек миграциясы узакка созуларын, алардын абалын жакшыртыш үчүн кандайдыр бир кадамдар жасалышы керек экенин түшүндү окшойт. Маселен, кыргыздар патенти жок эле иштешет. Алар менен иш берчүлөр эмгек келишимдерин түзгүсү келбейби же өздөрү аны каалашпайбы – бул өзүнчө маселе.

Сергей Абашин: - Бир нерсени түшүндүрө кетейин. Мунапыс - өзү жарым-жартылай кадам гана эмес, артынан толгон түйшүк ээрчите келчү нерсе. Миграциялык мунапыс Орусияда айрым өлкөлөр боюнча гана жарыяланат, ага чейин канча саясий сүйлөшүүлөр өтөт? Бул эми таасир көрсөтүүнүн бир жолу.

Анан да мунапыс мигранттардын абалын оңдоп деле жибербейт. Ал үчүн системаны өзгөртүү зарыл, «мыйзамсыз жүргөндөрдү» документтештирүүдөн эч нерсе өзгөрбөйт.

«Азаттык»: - Бир сааттан ашуун сүйлөштүк, эми жыйынтыктап, айрым бүтүмдөрдү чыгарсак.

Валентина Чупик: - Жугуштуу дарт каптаганга чейинки абалга салыштырмалуу жагдай кыйла оорлошту. Мигранттар башка өлкөлөргө багыт алса жакшы болор деп ойлойм. Аларды Орусияда жаман көргөндөн эмес, себеп башкада. Бул жерде өлкөнүн кризистен көтөрүлүп чыгышы башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жай, кеч жүрөт. Мигранттардын башка өлкөлөргө иштеп кетишине жетиштүү шарт түзүлсө деп үмүттөнөм. Андай жакшы шарт деп Орусия менен виза режимин киргизүүнү же башка өлкөлөр менен виза режимин таптакыр алып салууну айтар элем. Кийинки эки жылда мигранттардын айлык акысы 1,5-2 эсе азайышы мүмкүн. Күздөн тартып кышка чейин орус бийлигинин куугунтугу күчөйт, ушундай иш-чара аркылуу жергиликтүү калкты алаксытышат. Мигранттар мамлекеттик түзүмдөргө ишенбей өз алдынча, автономдуу болушу керек.

Сергей Абашин: - Мен да Валентинаны колдойм, кризистен кийин турмуш жакшы жагына ооп кетерине ишенбейм. Эмгек базары суюлуп, айлык азаят, куугунтук саясаты күчөйт. Алдыда шайлоо турат, андайда миграция проблемасын электораттын көңүлүн алыш үчүн садага чаап ийишет.

Ага карабастан мигранттар болот, буга чейинки сандын үчтөн бири эч жакка кетпей, өзгөрүлгөн шарт-жагдайга ыңгайлаша баштайт. Көп нерсе Орусиянын азыркы саясатына байланган - миграциялык мыйзамдар абалды жеңилдетилеби жана башкалар. Маселе Орто Азия өлкөлөрүнө да көз каранды, алар өз жарандарынын кызыкчылыктарын коргой алышабы? Мигранттардын өздөрүнө да байланыштуу – Орусиянын коомдук турмушуна алар батыл аралашып кете алышабы? Орус коому аларды кучак жайып тосуп алып, сүйүп калат деп айтыш да кыйын.

Орусиялыктардай эле мигранттар да жумуштун оор шарттарына айласыз макул болушат. Оңчул жана популисттик партиялардын күнү тууйт, алар кайра эле мигранттарга каршы риторикасы менен жан сактоого өтүшөт.
Дмитрий Полетаев.

Дмитрий Полетаев: - Көмүскө мамиле-катнаш көбөйүп, эмгекти коргоо аракеттери азаят. Орусиялыктардай эле мигранттар да жумуштун оор шарттарына айласыз макул болушат. Оңчул жана популисттик партиялардын күнү тууйт, алар кайра эле мигранттарга каршы риторикасы менен жан сактоого өтүшөт. Мигранттар - бардык өлкөлөрдө үн-сөзү жок душмандар. Маселен, АКШ Мексика менен чек арасына бийик дубал тосмо курууда, ЕАЭБ өлкөлөрү ортодогу чек араларын тосуп салышты.

Биздеги мигранттар башка өлкөлөргө бет алып, бул жерден кетип калышат деп ойлобойм. Эмгек базарларынын баары бөлүнгөн. Маселен, араб өлкөлөрүндө пакистандыктар жарыбаган акчага эле иштешет, ага Орто Азиядан барган мигранттар көнбөйт. Жаңы эмгек базарын өздөштүрүү - узакка созулчу процесс. Ал жерде жергиликтүү жамааттар түзүлүшү керек, жаңы келгендерге иш, жатак жай таап берчү байланыштар калыптанышы зарыл.

Эмгек мигранттарына мен эмгек базарында өтүмдүү кесиптерге ээ болуп, билим алууну сунуш кылат элем. Маселен, Орусия кесибин мыкты билген жумушчуларга муктаж. Бул жерге эл аралык мамиле-катнаш боюнча жогорку билимдин дипломун чөнтөккө салып алып келиштин кажаты жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG