Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 14:05

Кыргызстанга кайтууну көздөгөндөр көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус илдетине байланыштуу кырдаал Кыргызстандын миграция саясатындагы көп көйгөйдү ачыкка чыгарууда.

Мекенге кайтып келүүнү каалагандар, жеринде жардамга муктаж кыргызстандыктар көбөйүп жатат. Мигранттардын массалык түрдө ооп келиши кандай маселелерди жаратышы мүмкүн? Аларга жумуш берүүгө өкмөт даярбы? Миграция процессин жөндөө боюнча кандай саясат жүргүзүү керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, өкмөткө караштуу миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов жана Москвадан «Мекеним Ала-Тоо» бирикмесиинин төрайымы Жамила Бегиева катышты.

«Азаттык»: Жамила айым, Орусиядагы, айрыкча Москвадагы мекендештерибиздин абалы оор экени айтылууда. Учурда кыргыз мигранттарынын жалпы абалын кандай мүнөздөөр элеңиз, аларды түйшөлтүп жаткан негизги маселелер кайсы?

Жамила Бегиева.
Жамила Бегиева.

Жамила Бегиева: Мекендештерибиздин негизги эле талабы – Кыргызстанга кайтуу, ансыз да карантинде отургандыктан, өз үйүндө болууну самап жатышат. Алардын көпчүлүгү эмгек келишимдери менен жумушка орношкон эмес, көпчүлүгү күнүмдүк акча таап жүргөндөр болууда.

Убактылуу иш берүүчүлөр эмгек акы төлөшпөгөнү үчүн батир акысын, башка коммуналдык төлөмдөрдү төлөй албай калышууда, тамак-аш тартыштыгы да бар. Ошондуктан өз мекенине кайтууну көздөп жатышат. Авиа, темир жол токтогон, такыр байланыш жок. Ага карабай маселелер чыгууда.

2 миңге жакын кишинин мурда эле Орусиянын «Аэрофлот» компаниясынын учактарына сатып алган билеттери бар, алар кантип кетерин билбей жатышат. 17-майда Бишкекке каттам болорун угуп алышып, маселени чечүүнү үмүт кылып, элчиликтин алдына чогулушту.

«Азаттык»: Ушул маселелерди чечүүдө Москвадагы кыргыз элчилиги, консулдук кызматтар кандай иштеп жатат, аларга сын айткандар көп болуудабы?

Жамила Бегиева: Илдет башталган күндөн эле элчиликтин алдында штаб түзүлгөн. Штаб күндөп-түндөп иштеп жатат, аларга жер-жерлердеги активист мекендештерибиз да кол кабыш кылышууда. Диаспора башчылары жан аябай чуркап жүрүшөт. Мамлекет акча бергиче эле өз каражаттарын топтоп, жардамга муктаждарга кол сунуп жатышат. Элчиликте иштегендер да маяналарынан чогултуп, алар да көмөк көрсөтүүдө.

«Азаттык»: Самат мырза, Орусияда, андан кийин Түркиядан кайтууну көздөгөн мекендештерибиз көп болуп жатканы маалым. Жалпы жонунан алганда чет өлкөлөрдөн кайтууну көздөп жаткан мекендештерибиз боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

Самат Токтоболотов: Чет жердеги мекендештерди алып келүү боюнча Тышкы иштер министрлиги абдан жакшы иштерди алып барууда. Өзгөчө абал башталгандан бери Кыргызстанга 8 миңден ашуун мекендештерибиз келди. Дагы 9 миңге жакын адам мекенине кайтууну күтүп жатат. Мунун баары жакынкы күндөрү эле чечиле турган маселе эмес.

Тышкы иштер министрлиги өзүнүн жол-жобосуна ылайык иштерди улантууда. Биздин миграция кызматы эмне иш кылууда? Президентке караштуу Миграция боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөн. Кеңеш ушул апаат келгенден бери өзүн көргөзүүдө. Бүткүл дүйнөдөгү мекендештерибиздин диаспораларын бир платформага бириктире алдык, атайын «Вотсап» группа ачып, байланышты күчөттүк. Ошол группа аркылуу мекендештерибизге байланыштуу кайсы өлкөдө, кандай көйгөй бар экенин билип жатабыз. Көп маселелерди жеринде чечип, колубуздан келбей тургандарын мамлекеттик органдарга билдирип жатабыз.

«Азаттык»: Марлен мырза, пандемия илдетинин шартында жашаган жеринен чыкпай туруу талабы айтылып жатпайбы. Ошого карабай мекенине кайтууну көздөгөндөрдүн көбөйүп жатышына парламент депутаттарынын өкмөткө койгон талабы таасир этип жаткан жокпу? Эл өкүлдөрү мигранттарды козутуп койду деген пикирлер да бар.

Марлен Маматалиев: Мекендештерибиз эмне үчүн келебиз деп жатышат? Ал жакта да карантин башталып, иш токтоп, көп кишилер жумушсуз калууда. Тамак-ашы жок, батир акысын төлөй албай отургандар көп. Айласы кеткенде мекенине кайтууну ойлоп, көбү депутаттарга кайрылып жатканы чын. Ошондон улам парламентте маселе көтөрүп, суроолорду чечүүгө өкмөткө тапшырма бергенбиз. Тилекке каршы, ал жакта калганга мүмкүнчүлүгү барлары деле Кыргызстанга кетүүнү эңсеп жатышат.

Мага телефон чалгандарга «жаштар, сабыр кылып күтө турсаңар жакшы болот эле» деп жатам. Биринчи кезекте оорукчан адамдарды, кош бойлуу аялдарды анан балдарды алып келишибиз керек. Экинчи жагынан депутаттардын койгон маселелери "мекенине кайтам" деген мигранттардын санынын көбөйүшүнө түрткү болду окшойт. Бирок, бул иште биз тараптан мүчүлүштүктөр кетип калды.

Биздин өкмөт Орусиянын жергиликтүү бийликтери менен сүйлөшүп, мигранттарды ошол жакта убактылуу жайларда кармап туруу боюнча макулдашууларга жетишкенде, керек болсо ал жакка акча бөлүп, маселени чечкенде бардык тараптар үчүн жеңил жана арзан болмок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (18)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG