Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Эл үнү: Пакистанда 170 кыргызстандык мекенге жетүүнү самайт


"Пакистан эл аралык аба жолдору" компаниясынын учагы Исламабаддын аэропортунан абага көтөрүлүп баратат.
"Пакистан эл аралык аба жолдору" компаниясынын учагы Исламабаддын аэропортунан абага көтөрүлүп баратат.

"Эл үнү" аркылуу өкмөттөн жана кайрымдуулук уюмдардан жардам сурагандардын саны азайган жок. Оренбургда ара жолдо турган мигранттардын жана Пакистандан мекенге келе албай жаткан жарандардын үнүн угузабыз.

Жалгыз бой эне:

- Үч балам менен батирде турам. Гумжардам берсеңиздер. Жумуш жок, жолдошум жок.

Аты-жөнүн атабаган аял:

- Бизде да көйгөй сүт боюнча болуп жатат. Баарыбыздын караганыбыз эле сүт. Анын баасы түштү. Биздин Айыл чарба министрлигине ушунчалык капамын. Жер айдасак, анда жардам албайбыз. Телевизордон эле “жардам берип жатабыз” деп айта беришет. Кандай жардам берип, аны ким алып жатат? Күйүүчү май жагынан же малга вакцина жагынан эч бир жардам көргөн жокпуз. Бардыгын акчасын төлөп өзүбүз жасатабыз. Өз арабабызды өзүбүз тартып келатабыз. Канча жылдан бери өкмөттөн бир тыйын жардам албайбыз. Бирок салыкты, жарыктын акчасын кадимкидей төгүп келатабыз. Айыл жергесинде же иштебесек, башына тартсак аягына жетпейт. Биз качанкыга чейин кыйналабыз? Караганыбыз уйдун сүтү, анысы да арзан. Ал эми дүкөндө сүт азыктары кандай кымбат. Ошондуктан сүттүн маселесин ким чечет? Малды карап, аны жем-чөп берип бакканыбыз эч акталбай калды. Жогору жакта айылдыктардын ак эмгегин ойлогон эч ким жок. Ошого биздин ичибиз күйүп жатат. Жогору жактагыларга биздин үнүбүздү жеткирип берсеңер.

Чынара, беш баланын энеси:

- Мен тамак-аштан, ундан абдан кыйналып жатам. Мүмкүн болсо мага жардам берип койсоңуздар. Жолдошум Москвада курулушта иштечү, анын да жумушу токтоп, ошол жакта жатат. Мен азыр эмне кыларымды билбей, айлам кетип, балдарымды бакканга эч нерсем жок кыйналып жатам. Мүмкүн болсо кыргыз элимен, өкмөттөн жардам сурайт элем. Телефонум: 0703-174 935.

Бишкек шаарынын тургуну:

- Төрт балам бар. Бир да жолу өкмөттөн жөлөкпул алган эмеспиз. Карантинде кыйналып жатабыз. Батирдин акысын 3-айдыкын бере албай калдык, насыя да алганбыз. Аны үч айга жылдырганы менен үстөгүнөн сырткары пеня дагы төлөйт экенбиз. Насыяны “Мол Булак” компаниясынан алдык эле. Өкмөт кыйналган учурда насыянын пенясын караштырса болот эле. “Мол Булактан” акчаны 35-36% менен алганбыз. “Пеняны эмне үчүн кошуп жатасынар?” деп сурасак, “Биз коммерциялык банкпыз, микрокредиттик компаниялар пеня кошот” деп жооп беришти. Өкмөт ушул жагын караштырып берсе жакшы болот эле. Төрт баламды багышым керек, кызым быйыл мектептин бүтүрүүчүсү. Аны кантип окутам? Карапайым эл өкмөттөн бир сом сурабай оокат кылып келгенбиз, жөлөкпул албайбыз. Батирде жашаган канча киши кыйналып жатат. Биздин үнүбүздү өкмөткө жеткирип койсоңуздар.

Аты-жөнүн айтпаган жалгыз бой эне:

- Түркияда карантин башталгандан бери айына 1200 лирадан компенсация алып жатышыптыр. Бул сомго которгон 12 миңдин тегереги. Коңшу Казакстанда да жарандар 100 доллардын тегерегинде компенсация алууда. Эмне үчүн биз да компенсация ала албайбыз? Эл аябай муктаж. Мен жалгыз бой эне экениме карабай квартал башчыга арыз жазып, алган жардамым – 2 кг күрүч, 2 кг кесме, 2 литр май, 2 кг буурчак, бир чай. Мунун баары 500 сомдой болот. Коронавирус түздөн түз экономикага гана зыян келтирген жок, ар бир кыргыз жараны кыйналып турат. Бизге өкмөт башка учурда жардам бербесе да ушул кырдаалда компенсация төлөп бериши керек. Мен эки балама жөлөкпул же жалгыз бой энемин деп жардам алган эмесмин. Жөлөкпулга берсем “сенин иштеген жумушуң бар экен, сага төлөнбөйт” дешкен. Башка учурда биз өз жаныбызды өзүбүз бакканбыз, бирок азыр өкмөт бизге жардам берсин.

Маяна албаган курулушчулар

“Эл үнү” программасына Бишкек шаарындагы Боталиев атындагы көчөнүн жана Манас проспектисинин кесилиш аймагында курулуп жаткан “Балалык” паркын куруп жаткан “Меади” жоопкерчилиги чектелген уюмунун жумушчулары видео кайрылуу жолдошту.

Аты-жөнүн айтпаган эркек:

- Эки айдан бери айлык төлөнбөй, ызы-чуу болуп жатабыз. “Эртең беребиз, жума күнү беребиз” деп, анан дагы башка күндү болжошот. Анда келсек да жок. Айла кетти, үй-бүлөнү бага албай алдык. Биз иштеген акчабызды ала албай жатабыз. Өткөндө жетекчиси акча бермек тургай, жарымыбызды кубалап сөгүп, абийирибизди кетирди. Эмне кылышыбыз керек? Кимге арызданабыз. Кайда барышыбыз керек? Биздин үнүбүздү укчу киши барбы деги?

Аты-жөнүн айтпаган эркек:

- Көпчүлүк балдар батирде ижарада турушат. Квартал башчылардын көбү аларга гумжардам бербей коюптур. Балдар кыйын акыбалда. Дагы бири тамак-аш ала албай, дүкөнгө карыз. Үйдөгүлөр урушуп, кайда барарыбызды билбей калдык. Эми көчөдө калабызбы? Карантинге карабай, эки ай тынбай иштедик. Үйдө отурбай, ден соолугубузду аябай иштеп бердик. Иштегенге эч кандай шарт да түзүп беришкен жок. Эми ошол иштеген акчабызды ала албай калабызбы? Вице-мэр өзү келип, кубалап чыкты. “Кайда барсаңар, кимге арыздансаңар өзүңөрдү ишиңер, акча жок” деди.

“Меади” жоопкерчилиги чектелген уюмунун жетекчиси Улан Алымбаев мындай түшүндүрмө берди:

- Март айынын айлыгы авансы менен кошуп, толук жабылган. Ашып кетсе миң сом төлөнбөй калган. 5-6-апрелде булар табелин жаап, бухгалтерия баарын эсептеп чыккан. Ага чейин булар чыдабай, мас болуп алып, мени кыйнашты. Бухгалтерия эсептеп чыкса эле алышат. Ошол күнү мен 5000 сомдон колдоруна карматтым. Курулуш жүрүп жаткан жерден материалдар жоголуп, чыгым болуп жатат. “Мына бул киши алып кетти” дегенден алысмын. “Эмне үчүн ушундай болуп жатат?” деп сурасам, булар кайра мага түртө салат. Буларга нааразы болууга негиз жок. Алар сыноо мөөнөтү менен келген.

Оренбургда чатырда коргологон мигранттар

Орусиянын Москва, Санкт-Петербург жана башка шаарларында иштеген мигранттар Оренбург облусуна чейин жөө келип, ал жердеги бийликтин көмөгү менен чатырга жайгаштырылган. Алар бийликтен дагы эле чек арадан өткөрүп кетүүну суранып жатышат.

Кыргыз диаспорасынын Оренбург облусундагы уюмунун жетекчиси жана ардактуу консул Таалайбек Жандар уулунун мигранттар менен жолуккандан кийинки өтүнүчүнө кулак салалы:

- Урматтуу өкмөт, Оренбург облусуна кире албай, чек арадан өтө албай калган жана талаада жашап жаткан кыргызстандыктарды ушул жерден алып чыгып кетүүңүздөрдү суранабыз. Соль-Илецкиден дагы 63 киши бул жерге келди. Оренбургдун жергиликтүү бийлиги чатыр тигип берип, мигранттар алдына чөп төшөп жатышат. Бузулук айылында жолдо калгандар да ошондой шартта үч-төрт күндөн бери жатышат. Бийлик өкүлдөрү, болгон аракетти кылып, мигранттарды алып чыгып кетиңиздер!

Аты-жөнү айтылбаган мигранттар:

- Мирганттарда эмне күнөө? Ушинтип талаада жатабыз. Биз эмне оорулуубузбу? Биздин мамлекетке керегибиз жокпу? Биз эмне бөтөн элдин баласыбызбы? Карантин башталып, иш токтоду. Мигранттарда эмне күнөө?

Аты-жөнү белгисиз мигрант:

- Үч жолудан учакка билет алдык. Ошол билетин кармап ыйлаган бойдон калышты. Бизге акчанын да кереги жок, бизге болгону жол ачып бергиле. Машинебизди алып чыгып кетебиз.

Өткөн жумада өкмөт Соль-Илецк шаарында турган 540тан ашык жаранды автобус менен алып келген. Андан кийин Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү бардык мигранттарды алып келүүгө шарт жок экендигин расмий жарыялаган. Ага карабастан Москва, Санкт-Петербург жана башка аймактардан ондогон адам Орусия менен Казакстандын чек арасына жөө келип, төрт күн талаада түнөшкөн. Ал эми Соль-Илецкиден келгендердин ичинен 55 адам СОVID-19 дартын жугузуп алганы аныкталган. Мындан кийин Саламаттык сактоо министрлиги оорунун таралышын ооздуктоо үчүн чет өлкөлөрдөгү жарандарды эч жакка чыкпай турууга чакырган.

Пакистан: 170тей кыргызстандык мекенге жетүүнү самайт

Аты-жөнүн айтпаган аял:

- Пакистанда жүргөн 170тен ашуун кыргызстандыкка чартердик рейс каралат бекен? Өкмөт ошону кандай чечип жатат? Бул жакта 170тен ашуун киши бар, алардын баарынын колунда “оорудан таза” деген тастыктамасы анализдин жыйынтыгы менен бар. Бардыгы обсервацияда 15 күндөн ашуун жатышты. Андан кийин 2-3 жолудан анализ тапшырып, кагаздары колдорунда. Алар эки шаарда топтолуп жатышат. Алар өкмөттөн өз жарандарын чыгарып кетүүгө барчу чартердик рейс аркылуу коридор ачып берүүнү суранышкан. Алардын арызы өкмөткө берилген. Ошол маселе каралып жатабы, качан чечилет?

Урматтуу окурман, «Эл үнү» программасынын «WhatsApp» номери: 0550-988-755. Кайрылууңузду жазуу, аудио же видео түрүндө жөнөтүңүз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG