Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

58 өлкөдө тогуз миңдей кыргыз жараны мекенине кайтууга жардам күтүп жатат


Бишкек. "Манас" аэропорту.
Бишкек. "Манас" аэропорту.

Бүгүнкү күнгө карата дүйнөнүн 58 өлкөсүндө 8712 кыргызстандык жаран кыргыз өкмөтүнөн мекенине кайтууга жардам күтүп жатат. Бул тууралуу 12-майда онлайн брифингде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылып, чектөөлөр киргизиле баштагандан бери 23 өлкөдөн учак жана автоунаа менен 9196 адам, алардын 995и соңку 12 күндүн ичинде алынып келинди.

Май айынын аягына чейин дагы 1 миңге жакын кыргызстандыкты мекенине кайтаруу планы бар: Катардан 36, Кувейттен 105, Ирандан 16, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан 58, Түркиянын Стамбул шаарынан 349, Орусиянын борбору Москвадан 402, Корея Республикасынан 35, Жапониядан 30 жана Беларустан 37 адам.

Айдарбеков бул багытта иш күнү-түнү жүрүп жатканын билдирди.

15-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында коронавирустун айынан чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай жаткан кыргыз жарандары тууралуу маселе кызуу талкууланган.

29 апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекенине кайтууну пландап, бирок коронавирустун айынан чет мамлекеттерде калууга мажбур болгондорду сабырдуулукка чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG