Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-май, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:31

Кайткан мигранттарга жумуш табылабы?


Москвадагы кыргыз мигранттары.

Акыркы күндөрү чет өлкөлөрдөн, өзгөчө Орусиядан мекенине кайтууну көздөгөн кыргызстандыктардын агымы күчөдү.

Миграция процесси мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн? Кыргыз өкмөтүнүн абалды жөндөөгө чамасы жетеби? Жумушчу орундарын түзүүгө планы барбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Мамлекеттик миграция кызматынын мурдагы статс-катчысы Тынычбек Табылдиев, Экономика министрлигин аймак аралык башкы башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев, Орусиянын Оренбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрага орун басары Урмат Жамгырчиев катышты.

«Азаттык»: - Урмат мырза, акыркы күндөрү Оренбург облусу, ага аймакташ облустардагы мигранттар Кыргызстанга кайтып келишти, дагы келе тургандар көп экени айтылууда. Учурдагы абал кандай?

Урмат Жамгырчиев: - 17-мартка караган түнү Казакстан чек арасын жаап койгондон бери мекендештерибиз Кыргызстанга жете албай отурушат.

Орусиянын Оренбург облусу Казакстан менен чектешкендиктен ондон ашык чек ара өткөрмө пункттары бар. Негизги чек ара өткөрмө жайы бул – Соль-Илецк. Учурда 600дөн ашык кыргызстандык Бозулук деген жерде кармалып турат.

5-майда чек араны ачты деген кабарды угуп алышып, өтүп кетебиз деген ниетте Москва тараптан келип алган бир топ жарандарыбыз да бар. Чек араны качан ачары тууралуу азырынча маалымат жок. Кармалгандар менен биринчи күндөн баштап Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери иштеп жатат.


«Азаттык»: - Зайнидин мырза, кыргызстандыктар дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөлөрүнөн мекенине кайтууну каалап жатышканын Тышкы иштер министолиги билдирүүдө. Алардын көпчүлүгү жумушсуз экенин эске алганда, өкмөттүн жумушчу орундарын түзүү планы барбы, болсо ал кандай чараларга негизделген?

Зайнидин Жумалиев: - Албетте, кыргыз өкмөтүнүн Кыргызстандагы жана анын сыртынан келе турган мекендештерибизди жумуш менен камсыз кылуу боюнча шарттарды түзүүдө пландары бар. Кыргызстандын өзүндө да коронавируска байланыштуу өндүрүш токтоп, соода-сатыгыбыз, тейлөө ишканалары солгундап кетти. Көптөгөн жарандарыбыз утурумдук жумушсуз калууда.

2020-жылдын 1-январына карата алганда Кыргызстанда 730 миңден ашык жарандарыбыз чарба, жеке ишкерлик менен алек болуп жаткан. Өлкөдө кичи ишкерлик менен 24 миңдин тегерегинде ишкана, орто ишкерлик менен 4,5 миң компания, 1,5 миңден ашык ири өндүрүш ишканалары иштеп турган. Айыл чарбасында 344 миң дыйкан чарбасы бар. Ошолордун баары Кыргызстанда эркин эмгек кылууга шарттар бар экендигинин белгиси.

Ар бир кыргызстандыкка ишкерлик кылууга, ишкана ачууга жакшы, жеңил мүмкүнчүлүктөр бар деген сөз. Орусиядан келеби, башка жактанбы мекендештерге жол ачык. Сырттан жүргөн мигранттарда курулуш багытында, тейлөө жана башка тармактарда чоң тажрыйбалар бар, аларды көбү билимдүү исандар, ошолорду өз өлкөсүндө колдонсо, өнүктүрсө болот.

1-майдан баштап өндүрүш ишканалары кайрадан жандана баштады. Кыргыз өкмөтү кошумча чараларды көрүүдө. Жакында ишкерликти, өндүрүштү колдоо иретинде 14 миллиард сом насыяларга берүүгө чечим чыкты. 2021-жылы ал сумманы 40 миллиард сомго чейин көбөйтүү планы каралууда. Айыл чарбасын насыялоо үчүн 7 миллиард сом каралууда.


«Азаттык»: - Тынычбек мырза, кыргыз өкмөтүнүн миграциялык процессти жөндөө боюнча алып барып жаткан бүгүнкү иши сизди канааттандырабы? Ал канчалык уюшкандыкта, ырааттуу жүрүп жатат?

Тынычбек Табылдиев: - Биздин мекендештер чет өлкөлөргө жыргаганынан кетишкен эмес. Кыргызстанда жумуш болбогондуктан мигрант болууга аргасыз болууда. Орусияда иштеп жүргөндөрдүн дээрлик көпчүлүгүнүн Кыргызстандын экономикасына инвестиция сала турган чоң акчасы жок. Көбү күнүмдүк оокат табыш үчүн гана жүрүшөт.

14 миллиард сом берилет деген насыяны Кыргызстандын ичиндеги токтоп калган ишканаларга бериле турган жардам деп түшүнүү керек. Сырттан жүргөндөргө өзүнчө чараларды көрүү зарыл. Орусияда кеминде 500 миңдин тегерегинде мекендештерибиз бар. Эгер алардын 50 миңи Кыргызстанга кайтып келсе, өкмөт эмне кылат, планы барбы, божомол-анализи барбы - муну билбейбиз. 50 миң эмес, 15 миңге жетпегени келгенде эле жүдөп калдык.

Москвадан 400 мигрант учак менен келди дейт, баары эле оорулуу, майыптар, дегеле соо кыргыз жок. Эгер Кыргызстанга 50 миң мигрант келсе, кайсы жерде обсервацияда жатат, кайсы жерде дарыланат, кыргыз өкмөтү даярбы? Сакайып чыккандан кийин да ошончо кишиге жумуш таап бере алабызбы? Өкмөттүн бул суроого жообун, программасын уга элекпиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG