Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Толбой калган учактын тополоңу


Аэропортто учак күткөн кыргызстандыктар.
Аэропортто учак күткөн кыргызстандыктар.

400 орундуу учак Бишкекке толбой учуп кеткени элчилик менен коомдук комиссиянын ишине айыпты күчөттү. 

32 жаштагы Куралбек Анарбеков - 17-майда чартердик каттам менен Кыргызстанга учуп кете албай калган мигранттардын бири. Буту кырсыктап, Москвада жарым жылдан бери ооруканаларда жүргөн Куралбек аэропортко чоң үмүт менен барып, бирок артка кайткан.

«Кыргызстандан 20-февралда келгем, - дейт ал. - Бир жыл мурун бир бутум сынып, темир салынган болчу. Бул жакта он күндөй иштегенден кийин бутум шиший баштады. 10-мартта «Тез жардам» менен №64 ооруканага түшүп калдым. Бутум ириңдеп кеткен экен. «Операция жасап, темирди алыш керек» дешти. Ошондо эле элчиликке кайрылгам. Анан карантин башталып, Кыргызстанга учуп кеткенге жетишпей калдым. Бул жактагы ооруканалар коронавирус менен оорулууларды кабыл алып жатканын айтышып, операция жасатууга мүмкүн болбой калды. Баса албай үйдө эле жаттым. Май айында чартердик рейс болорун укканда эле элчиликке медициналык маалымкат менен документтеримди жөнөттүм. 16-майда түнкү 11де «тизмеге кирдиңиз, аэропортко келип калыңыз» деп чалышты. Эки саатта аэропортко жетип, таңкы 9га чейин үч жолу кезекке туруп, өтө албай калдым. Улам «тизмеде жоксуң» деп кайтарып жиберишет».

Москвадан чартердик каттам менен 379 жаран Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Алардын ичинде 116 оорулуу, 27 киши оорулууларды коштоочулар, 8 майып, 38 улгайган курактагы адам, 78 кош бойлуу келин, 77 балалуу ата-энелер, ошондой эле марттын аягынан бери аэропорттордо калып, элчилик уюштурган хостелдерде убактылуу жашап жаткан 35 жаран кеткени кабарланды.

«Аэрофлот» компаниясынан учакка мурунтан билет сатып алып, бирок аба каттамдары токтотулганына байланыштуу Кыргызстанга кете албай калган жарандар ошол билеттери менен, калгандары 12-16 миң рублдан сатып алып учушкан.

Азамат Адылгазиев.
Азамат Адылгазиев.

Коомдук комиссиянын мүчөсү Азамат Адылгазиев аэропортко тизмеге кирбеген жарандар барып алып, узак кезек түзүлүп, көпчүлүктүн тартипсиздигинен улам каттоодон 30дай жаран өтүүгө жетишпей калганын социалдык тармактагы видео кайрылуусунда айткан:

«Анча-мынча кыйынчылыктар, талаш-тартыштар болду. Саат түнкү 1де башталган учакка каттоо эртең мененки 9га чейин уланып, 400 адамдын баарын өткөрө албай калдык. 30дай орун бош кетти окшойт. Анткени тизмеге кирбегендер деле барып алып, кезекке туруп, кассага жеткенде «Эмнеге мен жокмун?» деп териштирип жатып, ушунча узарып кетти. Кээ бирөө балалуу келиндерди да кезектен өткөрбөй коюшту. Кээ бир жигиттер ооруканалардан алган кагаздарын көрсөтүп, кирип кетишти».

Орусия Кыргызстандагы жарандарын алып кетиш үчүн 200 орундуу учак жиберери 11-майда маалым болгон. Анда элчи Аликбек Жекшенкулов кыргыз тарап ошол каттам менен Москвадагы жарандарын алып кетүүгө 400 орундуу учак сураганын кабарлаган.

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

«"Коррупциялык иштер болду" деген ар кандай кеп болбошу үчүн комиссия түзүлдү. Ал комиссияны диаспоранын өкүлдөрү жетектейт. Ага штабдын мүчөлөрү да кирет. Орусияда элчиликке жүрөгү, бөйрөгү, ашказаны ооругандар, операцияга келгендер, өсмө оорусу барлар көп кайрылган экен. Булар тизмеге киришин комиссия карайт. Экинчи кош бойлуу аялдар, кичинекей балдары бар аялдар кирет. Ушулар менен эле толуп калат го деп ойлоп жатабыз», - деген анда Жекшенкулов.

Бул кабар тарагандан кийин үч күн бою Москвадагы элчиликке ондогон мигранттар топтолуп, биринчи кезекте аларды кетирүүнү талап кыла башташкан. Шаардагы карантин чаралары, коомдук тартип бузулгандыктан, Орусиянын күч кызматкерлери дипломатиялык өкүлчүлүккө келип, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзгөн «Роспотребнадзор» эскертүү бергени айтылган.

Кыргызстанга кетиш үчүн элчиликтин тизмесине миңден ашуун киши катталган.

«Аксы биримдиги» коомунун башчысы Шамшар Чотонов элчилик менен диаспора өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия калыс иштегенин, учакка орун сатылды деген айыптар «таптакыр негизсиз» экенин айтты:

Шамшар Чотонов
Шамшар Чотонов

«Комиссиядагы ондой адам миңден ашуун кишинин кайрылуусун карап чыктык. Басымдуу бөлүгү элчиликтеги штабга кайрылгандар, анан коом башчылары киргизген жарандар. Ошонун ичинен терип, өтө оор абалдагы 400 адамдын тизмесин чыгардык. Мен өзүм мага кайрылгандардан 65 жарандын тизмесин бергем, алардын 35-40ка жакыны гана кетти. Менин тизмемде «кош бойлуу» бир да жигит жок болчу. Жаштардан операциядан чыккан же операцияга муктаж оорулуулар киргизилген. Бирок, тилекке каршы, аэропортто алардын баары учуп кете алган жок. Комиссия мүчөлөрүн айыптоого болбойт, биз тизмедеги ар биринин документтерин карап чыктык. Биз аэропортко аларды учурууга барганда да ошол жерден «булар орун сатып жатышат» деп ызы-чуу салгандар чыкты. Бирок эч бири оозеки айтылган дооматтарын далилдеп бере албады. Ушундай кыйын кезеңде, Орозо айында эч кимдин акча жасоого дити барбайт болчу. Кассадан элчиликте тастыкталган тизме менен гана билет сатып жатышты. Бул жерде марттан бери хостелдерде «кетебиз» деп долуланып жаткан мекендештерге 40тан ашуун орун берилген. Ошолордун тизмесин гана тактаган эмеспиз. Ошол жактан жигиттер болушу мүмкүн».

Коомдук комиссияга «KG-RUSS» кайрымдуулук фондунун өкүлү Асел Лабаева, «Kginfo.ru» малыматтык-талдоочу порталынын журналисти Асылбек Эгембердиев, «Аксы биримдиги» коомунун башчысы Шамшар Чотонов, «Кара Суу» коомунун башчысы Ж.Шамшидинов, «Камкөрүү» аялдар коомунун башчысы Токтокан Эсенова, «Мекеним Ала-Тоо» уюмунун өкүлү Чынгыз Жамбилов, ишкер Азамат Адылгазиев, КР ИИМнин өкүлү Аскат Алиев, элчиликтин кызматкерлери Д.Ли, Гүлбарчын Байымбетова, Эдуард Насиров жана Дастан Ниязалиев кирген.

Кыргызстанга уча албай калган кыргызстандыктар жана социалдык тармактарда нааразы болгондор жалпы тизмени талап кылып жатышат.

Элчилик жеке мүнөздөгү маалымат тууралуу кыргыз мыйзамдарына ылайык, учуп кеткендердин тизмесин жарыялай албай турганын билдирди. Дипломатиялык мекеме учурда орус-казак чек аралары жабык экенин эскертип, эпидемиологиялык абалга байланыштуу Орусиядагы карантин эрежелерин сактоону өтүндү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Оренбург облусунун Бузулук районунда топтолгон кыргыз жарандарын мекенге кайтарыш үчүн 200 орундуу чартердик каттам уюштурулганын маалымдады.

7-майда Оренбург облусунан Казакстан аркылуу мекенге 541 жаран кайтарылган. Ага чейин өкмөт 28-апрелде Екатеринбург шаарынан чартердик каттам менен 157 кыргызстандыкты, 22-апрелде Новосибирск шаарынан учак менен 176 кыргыз жаранын алып кеткен.

Саламаттык сактоо министрлиги алардын баары обсервацияга алынганын маалымдаган. Екатеринбургдан кайтарылган 69 жаштагы жаранда коронавирус табылып, ал илдеттен көз жумган. Оренбургдан кайтарылгандардын 98инен коронавирус табылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG