Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Оренбургда жүздөгөн өзбек мигранты чогулду


Орус-казак чек арасындагы өзбекстандык мигранттар. 12-май, 2020-жыл.
Орус-казак чек арасындагы өзбекстандык мигранттар. 12-май, 2020-жыл.

11-майдан тартып казак-орус чек арасына өзбекстандык мигранттар да топтоло баштады. Алар Казакстан менен Өзбекстандын бийлигине кайрылып, мекенине жетүүгө жол ачып берүүнү суранышууда.

Казак бийлиги кошуналарында коронавирус илдетине байланыштуу абал оңолмоюнча чек арасын ачпай турганын расмий билдирди.

Орусияда жүргөн өзбекстандык эмгек мигранттары да Орусиянын Казакстанга чектеш Оренбург жана Саратов облустарына топтоло башташты. Фарух аттуу өзбекстандык мигрант чек арадагы «Маштаково» бажы бекетине 10 күн мурун келген. Азыр өзүндөй болуп бекеттин жанында жүргөндөр 500гө жакын экенин айтты.

«Бул жерге машинелер менен 10 күн мурун келгенбиз. Казак бажысы 11-майда ачылат деп укканбыз. Бирок 11-майда казак тарап чек арасын ачкан жок. Мында 500дөй киши бар. Баары Өзбекстандын жарандары» - деди Фарух. Ал ошол жерде турган 100дөй кыргызстандыктарды топтоп, алып кетишкенин кошумчалады.

Чек арада топтолгондор видео кайрылуу тартып, казак жана өзбек бийлигине жиберип жатышат. Видеодо «жалаң өзбектербиз» деп сүйлөп жаткандардын арасында жаш балалуу аялдар да көрүнөт.

Фарух «Казакстан жолун үч күнгө ачып берсин деген гана суранычыбыз бар» деп, ээн талаада машинелерде түнөп аткандар жүдөп кеткенин айтты:

«Азыр бул жер 100-150 машине токтогон борбор болуп калды. Адам көбөйүп кеткендиктен полиция курчоого алып, ары-бери бастырбай көзөмөлдөп турат. Тамак-аш алып келүүгө эки кишиге гана уруксат берилет. Адамдар машинеде жатышат».

Фарухтун айтымында, чек арага барбай, өткөрмө бекеттерге жакын шаарчаларга келип, убактылуу батир таап, жашап аткан өзбектер да көп.

Казак өкмөтү 11-майдан тартып өлкөдө өзгөчө абал токтотуларын, бирок карантин шарттары сакталарын жарыялаган. Сырттан киргендер 14 күндүк карантинге алынары, ал эми жолоочулар милдеттүү түрдө коронавируска тест тапшырары белгиленген.

8-майда Казакстандын коомдук саламаттык борборунун башчысы Дамир Көпжасаров эл аралык абалдан улам чек аралар ачылбай турганын билдирген:

«Өзүбүздө абал оңолду деп, чек араларды ачып салсак, башка өлкөлөрдүн жолоочуларын киргизип жиберсек, абал кайра начарлашы мүмкүн».

Казакстандын бийлиги Орусияда коронавируска байланыштуу абал оор болуп жатканына өзгөчө көңүл бурууда. Орусияда 13-майга карата COVID-19 вирусу жуккандар 242 миңден ашты. Анын ичинен 2200дөн көп адам каза болду.

Чатырда коргологон кыргыз мигранттары

Майдын алгачкы жумасында Оренбург облусунда орус-казак чек арасынан Кыргызстанга өтүп кетүүнү суранып 250дөй кыргыз мигранты топтолуп турганы кабарланган. 7-майда Соль-Илецк аймагынан 519 кыргызстандык тогуз автобус менен Кыргызстанга жеткирилген. Ондогон айдоочу ошол жерде калган.

«16-марттан бери жүргөн 100гө жакын киши калды. Көбү машинесин таштап кете албагандар жана акы төлөнгөн тралга автоунаасын жүктөөгө акчасы жоктор калды», - деди чек арадагы айдоочулардын бири. Анын айтымында, азыр орус-казак чек арасында кыргызстандыктардын 100дөн ашуун автоунаасы турат.

Бирок андан бери Оренбургга карай агылган кыргыздардын аягы тыйылбай, ээн талаада чатырда жаткандар 500гө жакындап калганы кабарланды.

Кыргыз диаспорасынын Оренбург облусундагы уюмунун жетекчиси жана ардактуу консул Таалайбек Жандар уулу мигранттар менен жолуккандан кийин кыргыз бийлигине кайрылган. «Соль-Илецкиден дагы 63 киши бул жерге келди. Оренбургдун жергиликтүү бийлиги чатыр тигип берип, мигранттар алдына чөп төшөп жатышат. Бузулук айылында жолдо калгандар да ошондой шартта үч-төрт күндөн бери жатышат», - деген ардактуу консул колдон келишинче мигранттарды алып чыгып кетүүнү өтүнгөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү бардык мигранттарды алып келүүгө шарт жок экендигин расмий жарыялаган. Ага карабастан Москва, Санкт-Петербург жана башка аймактардан ондогон адамдар Орусия менен Казакстандын чек арасына жөө келип, төрт күн талаада түнөшкөн. Ал эми Соль-Илецкиден келгендердин ичинен 55 адам СОVID-19 дартын жугузуп алганы аныкталган. Мындан кийин Саламаттык сактоо министрлиги оорунун таралышын ооздукташ үчүн чет өлкөлөрдөгү жарандарды эч жакка чыкпай турууга чакырган.

Расмий маалыматка таянсак, Орусияда Кыргызстандын 700 миң, Тажикстандын бир миллион, Өзбекстандын бир миллиондон ашуун жараны эмгектенет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG