Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 19:27

«Мигрант келиндер ден соолугун ойлобойт»


Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн аптада Кыргызстанга Орусиядан кайтып келген 400гө жакын адамдын басымдуу бөлүгүн балалуу жана кош бойлуу аялдар түздү. Ага чейин учакка отурбай калган мигрант аялдар карантинде оор кырдаалга кабылганын айтып, кыргыз бийлигине кайрылышкан.

Бул окуя Орусиядагы мигрант келиндердин абалына жана саламаттыгына байланыштуу маселени күн тартибине чыгарды.

«Баарына ыраазыбыз. Абалыбыз жакшы, обсервациянын шарты деле жакшы экен. Азыр тамагыбыз келди. Мекенибизге кайтып, кубанычыбызда чек жок», - деди бир апта мурда Москвадан Бишкекке учуп келген кош бойлуу келиндердин бири Асел. 26-майда Кыргызстан Орусиядан балдары менен дагы 400дөй жаранын алып келди. Москва-Бишкек каттамы менен келген учактагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү кош бойлуу жана балалуу аялдар болгон. Жүргүнчүлөрдүн тизмесин атайын комиссия түзгөн. Келгендердин баары дароо обсервацияга алынган.

Москвадан учуп келгендер. 26-май, 2020-жыл.
Москвадан учуп келгендер. 26-май, 2020-жыл.

«Карантинде мигранттар кыйналып, кетүүгө мажбур болуп калдык, - дейт ал. - Эгерде мындай кырдаал түзүлбөсө көбүбүз иштеп, өзүбүз аракет кылып Орусияда эле калмакпыз. Бирок шартка жараша акчабыз жок кыйналдык. 17-майда биринчи рейс Кыргызстанга чыгып кеткенде биз аябай жаман болдук. 100дөн ашык кош бойлуу келиндин бир канчасы гана учуп кетти. Калгандарыбыз, балдары бар аялдар да кете албай калышты».

Акыркы жылдары Орусияга үй-бүлөсү менен көчкөндөрдүн, өздөрү бир топ жыл бою миграцияда жүрүп, кийин балдарын жанына алып алган мигранттардын катары калыңдаган. Эки ай мурун карантин башталганда эле үч баласын Кыргызстанга салып жиберип, андан бери күйөөсү менен жумушсуз отурган Асел буга чейин балдарды өздөрү карап, тарбиялоого аракет кылып, Москвага чогуу келишкенин айтат.

Жети айлык боюнда бар келин балдарын сагынып, айы жетип калганына карабай мекенине кайтууга бел байлаганын айтып отурат:

«Мен балдарымды жиберип жатканда абал мынчалык оор болот деп ойлогон эмесмин. Алган насыябызды төлөгөнгө күйөөмө жардам бериш үчүн балдарды апама жиберип, өзүм ишке чыккам. Бирок ишибиз токтоп, болгон акчабызды балдарыма азыкка жиберип жаттык. Апам карыган киши, балдар менен абдан кыйналды. Ошондон улам да мен үйгө кайтышым керек эле. Бул жакка деле тирилигибизди оңдоп, насыяны төлөш үчүн келген болчубуз».

Орусиядагы кош бойлуу мигрант аялдардын көбү милдеттүү медициналык камсыздамага ээ эмес. Ошондуктан алдын-ала ооруканага каттоого турбастан, сааты жеткенде гана төрөтканага «Тез жардам» менен барып көз жаргандар арбын. Асел ушул убакка чейин Москвадагы бейтапканалардын биринде каттоодо турган. Ал өзү барган ооруканадан дээрлик кош бойлуу кыргыз келиндерин учураткан эмес.

«Мен өңдүү Орусияда дарыгердин көзөмөлүндө болгон кыргыз келиндери 10% да жетпейт, - дейт маектешибиз. - Аларды медициналык мекемелерден дээрлик учуратпайсың. Буга себептер бар. Мисалы, каттоого туруш үчүн атайын документтерди топтош керек. Аларды толтурганды, кайдан алыш керек экенин көбү билбейт. Ошол эле кезде орус тилин билбегени да чоң түйшүк жаратат. Мигранттарды кабыл алган бейтапканалар көп эмес. Орус тилдүү дарыгерлерге келиндер барбай качышат».

Асел өзү өңдүү мигрант келиндер менен Бишкектеги обсервацияда дагы бир аптадай жатат. Ушул эле учак менен келген Акылай мигрант аялдардын көбү Орусияда көз жарууну пландаганын, бирок вирус тез тараган Москвада саламаттыгынан чочулап мекенине кайтып келгенин айтты:

«Ушул учурга чейин Орусияда көз жарган кыргыз келиндери көп эле болгон. Иштеп, өзүбүздүн кем-карчыбызды өзүбүз толуктап келгенбиз. Бирок мигранттардын көбү ишсиз калып, абал оорлошуп кетти. Кош бойлуу келиндердин күйөөлөрү жумушсуз калышты. Ошол эле кезде вирус жугуп калат деп корктук. Балдарыбыз же өзүбүз сыртка чыгып сейилдей албай калдык. Ошондуктан мекенге кайтып келдик».

Москвадагы кыргыз мигранттарга арналган «Мээрим» жеке клиникасында ушу тапта онго жетпеген кыргыз мигрант келиндери каттоодо турат.

Клиниканын акушер-гинекологу Маиза Бердибекова мигрант аялдар, анын ичинде кош бойлуу келиндер өз саламаттыгына көңүл кош мамиле кыларына кейиди:

Маиза Бердибекова.
Маиза Бердибекова.

«Көбүнүн документтери туура эмес. Иштеген жеринен жумуш келишими жок. Ошондон улам камсыздандыруу полисин ала алышпайт. Ал жок болсо мамлекеттик бейтапкана каттоого албайт. Жеке менчик бейтапканаларга мигранттардын көбүнүн акчасы жетпейт. Москвада жүргөн келиндердин 60-70% каттоого турбайт деп айтсам болот. Алар ден соолугуна дээрлик кам көрүшпөйт. Боюнда бары деле күнүнө он сааттан ашык тынбай иштейт. Тамагы да начар. Керектүү азыктарды жешпейт. Өзүнөн акчасын аяшат. Ушундан улам кош бойлуулар арасында ооруп калгандар көп, анемия болушат. Төрөтү жакындаганда «Тез жардам» чакырып эле төрөтканага барышат. Москвада каттоосуна карабай ар бир төрөткана бейтапты кабыл алышы керек. Дарыгерлердин мамилеси деле жаман эмес. Айрымдары карточкасын алып Кыргызстанга төрөгөнү кетет. Негизи Орусияда деле көз жарган мигрант кыргыз келиндери көп эле».

Орусияда жылына 2 миллионго жакын ымыркай төрөлөт. Бирок эмгек мигранттарынын балдары, жаш курагы, мектептерде билим алганы тууралуу өзүнчө статистика жүргүзүлбөйт.

Москва шаары менен облусунда кыз-келиндерге көмөк көрсөткөн «Кам көрүү» уюмунун башчысы Токтокан Эсенова кош бойлуу аялдын көз жаргандан кийинки абалы деле миграцияда жеңил эмес экенин эске салды:

Токтокан Эсенова.
Токтокан Эсенова.

«Аял төрөтканадан чыккандан кийин ымыркай үчүн такыр шарты жок батирге келет. Адатта андай батирлерде үй-бүлө жалгыз жашабайт. Бир канча адам болушу мүмкүн. Эми эле көз жарган келиндин өзүн карап, тыңып кетиши да оор болот. Биздин уюмга кайрылган кош бойлуу мигрант келиндер көп эле. Алардын көбү жардамга муктаж. Себеби, арасында күйөөсү жок, жалгыз төрөп жаткан аялдар бар. Аларды атайын батирлерге жайгаштырган учурлар болот. Алардын көбү бизге анонимдүү негизде кайрылышат».

Укук коргоочу Токтокан Эсенованын айтымында, Орусияга агылган жаштардын басымдуу бөлүгү үй-бүлө куруу, ден соолугуна кам көрүү, балага карата жоопкерчилик деген түшүнүктөрдөн кабарсыз. Мунун өзү никесиз төрөлгөн балдар, жоопкерчиликтен качкан аталар жана жалгыз бой бала менен калган аялдар маселесин жаратып жатат.

Кыз кишини миграцияга жиберүүгө шашпай, билим алып, өз ишин табууга үйрөтүш керек. Миграцияга да түшүнүгү, жашы, акылы жеткен учурда гана жаштар келсе жакшы болот эле
Токтокан Эсенова.


«Бир нече ай мурда бир кыз бизге жардам сурап кайрылды, - дейт ал. - Жашы 18ге чыга элек экен. Бул жакка иштегени келип, алданып калганбы, айтор боюнда болуп калыптыр. Курсагы чоңоюп төрөрүнө аз калганда «көпүрөдөн секирем» деп жатканда токтотуп калышат. Ал кыргыздардын ашканасында официант болуп иштечү экен. Анан кош бойлуу болуп, «ата-энем укса уят» деп өзүнө кол салмак болуптур. Кош бойлуу болгонуна карабай тамакты жакшы жей элек экен, аябай курсагы ачыптыр. Сүйлөшө келсек «үйдүн улуусу болгондуктан иштеп, ата-энемди, инилеримди багам» деди. Атасы иштебейт, апасы кичүү инилери менен үйдө экен. Биз ал жигитти таап, сүйлөшүп отуруп экөө акыры үйлөнүштү. Азыр жакшы эле жашап жатышат. Жакында эле келин көз жарды, бирок баласы майып болуп калды. Ошондуктан менин ата-энелерге айтарым - өзгөчө кыз кишини миграцияга жиберүүгө шашпай, билим алып, өз ишин табууга үйрөтүш керек. Миграцияга да түшүнүгү, жашы, акылы жеткен учурда гана жаштар келсе жакшы болот эле».

Кыргыз өкмөтү 2011-жылдан бери Орусияда кыргыз жарандары баш тарткан 100дөн ашуун наристени мекенине алып келген. 2014-жылы ишке кирген өкмөттүк токтомго ылайык, буга жылына 1,5 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Наристелердин ата-энелери, туугандарын изделип же алар асырап алуга берилет.

Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова мигрант аялдарга жана алардын кош бойлуулугуна байланышкан маселелер буга чейин эле болуп келгенин, бирок ага көңүл деле бурган киши боло элек экенин айтат. Ал соңку жагдай муну ачык көрсөтүп койгонун белгиледи:

Дарика Асылбекова.
Дарика Асылбекова.

«Алардын көбүнүн жана балдарынын саламаттыгы жакшы эмес. Баласы майып төрөлүп, ыйлап келген келиндер көп кайрылган. Андан ары ал келинге ооруган баласы менен жүктөлгөн түйшүк оорлошот. Акчага муктаждык күчөйт. Жанында колдоо көрсөткөн адамы жок. Турмуш-шартынын оордугуна байланыштуу балдарын төрөп эле ата-энесине же жакындарына таштап иштеп кетүүгө аргасыз. Эмчек сүтүн эмбей энесинен алыс өскөн ымыркайлар бар. Балдар да мээрими жок өсөт. Эне да алардан алыс болот. Ошондуктан бүгүнкү күндө эне менен баланын көйгөйү - эң негизги маселе. Кийин ал балдардын келечеги эмне болот? Мээрими жок чоңойгон балдар ата-энесине да ошондой мамиле кылышы мүмкүн. Ошондуктан үй-бүлө пландоо тууралуу иштерди жүргүзүш керек. Балага жана өзүнүн саламаттыгына болгон жоопкерчиликти жеткириш керек».

Кыргызстанда орто эсеп менен жылына 160 миң аял төрөйт. Ал эми энелердин өлүмү боюнча Кыргызстан Борбор Азияда алдыңкы орунда турат. Былтыр өлкөдө 40ка жакын эне төрөт маалында жана көз жаргандан кийин каза болгон. Адистердин баамында, энелерди өлүмгө дуушар кылган жагдайлардын бири - миграция. Саламаттык сактоо министрлиги энелердин жана балдардын өлүмү боюнча талдоо жүргүзүп, төрөттөн каза болгон аялдардын арасында мигрант келиндер да болгонун билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашеванын айтымында, адатта мигрант келиндер көз жара турган маалы жакындаганда ооруканага кайрылышат.

Раиса Асылбашева.
Раиса Асылбашева.

«"Кепилдик" программасынын алкагында чет жерде жүрүп келген кыргыз жараны эч кандай акысы жок эле башкалардай кабыл алынат. Эгер Орусиянын жараны болсо, анда атайы эрежелери бар. Тилекке каршы, мигрант келиндер эрте дегенде 25-30 жумасында же андан да кеч, төрөргө аз эле калганда бизге кайрылышат. Алардын көбү буга чейин каттоодо турган эмес. Айрымдарынын оорулары бар. Бул жагдай балдардын жана энелердин саламаттыгына терс таасирин тийгизбей койбойт».

Акушер-гинеколог Гүлзина Матраимова энелерди кош бойлуу кезинде өзүнө кам көрүп, туура тамактанууга чакырды:

«Энелер толгон-токой оорулар менен келишет. Анан төрөгөндөн кийин эле «Бала эмнеге ооруп калды? Эмнеге чарчап калды?» деген суроолор жаралат. Эненин ар бир диагнозу балага таасир этпей койбойт. Аял баланын жана өзүнүн саламаттыгы үчүн ден соолугуна сөзсүз кам көрүшү зарыл. Эң оболу туура тамактанышы керек».

Орусияда мигранттар балдарын бала бакчага, мектепке берүүдө да кыйла кыйынчылыктарга туш болушат. Москвада мигранттын баласын бакчага орноштуруу дээрлик мүмкүн болбогондуктан, өз алдынча батирлерде бала багуу кызматын уюштуруп алгандар бар. Ошондой эле атайын мигранттардын балдарына ылайыкталып ачылган бакчалар иштейт.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттары расмий 700 миңден, расмий эмес эсеп боюнча бир миллиондон ашат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG