Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 16:13

Мигранттардын соодаланган балдары


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда бала сатуу үчүн айыпталып жаткан кыргызстандык келин 4,6 жылга түрмөгө кесилди. Дагы үч кишинин иши сотто каралууда.

«Москванын бир көчөлөрүнүн кесилишинде ыңаалаган ымыркайды эки эне ары-бери жулкулдатып, талашып турушат. Өзү бала бойдон болсо да, кан-жанынан жаралган наристесинин үнүн уккан сайын эмчегине сүт толуп, ийип турган жаш эненин көз жашы он талаа. Колундагы ымыркайды ансайын бооруна бекем кыскан орто жаштагы келинди карай «баламды бериңиз» деп жалбарат. «Мен сенин балаңды кор кылбай багып алам. Сен жашсың, турмушуңду оңдоп кетесиң» дейт беркиниси.

Москвада үй-жайлуу болуп, турмушун бекемдеп алган жубайлар бир гана балага зар. Гинеколог болуп иштеген таанышы никесиз боюна бүтүп калып же ичин челкейтип ата-энесине бара албай, же Москвада түнөк таба албай эки ача жолдо турган жаш кыз тууралуу кеп кылганда эле келин аны менен жакындан таанышып, жаш немени бал тилге салып алдап-cоолап, баласын багып алууга көндүрө баштаган. Алты айлык кезинде өзүнчө батир ижаралап, тамак-ашын белендеп, бар-жогун алып берип, көзүнүн агы менен тең айланган. Толгоосу башталганда ооруканага өзү алып барып, ымыркайды өзүнүн паспортуна жаздырып чыккан. Эми Кыргызстандагы туугандарына уулдуу болушканын сүйүнчүлөп, бешик тойго чакырып койгон маалда баласын кайтарып берүүнү суранып келген немеге ачуусу келип, ага кеткен чыгымдарды эскертип, аны зекип, бир чети ушунча жылдан бери өзүнүн согончогу канабай, энелик бакыттан кур жаралганына наалат айтып, шолоктоп жиберет».

Ушу тапта Москванын Пресненский райондук сотунун чечими менен Садырбаевдин үй-бүлөсү 22 жаштагы Айгүл менен бирге бала сатуу үчүн айыпталып, үчөө тең камакта отурат. Тергөөнүн божомолунда, былтыр августтагы макулдашуу боюнча төрөлө элек баласын Садырбаевдерге 150 миң рублга соодалаган Айгүл төрөтканадан чыкканда эле чүрпөсүн «сатып алуучуларга» өткөрүп берген. Айыпталуучулардын жактоочулары оозеки макулдашууну тастыктаган факты жок экенин, жубайлар кош бойлууну камкордукка алышканын айтып, аларды актоо аракетинде. Орусиянын Жазык кодексинде адам сатуу алты жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Ал эми башында баяндалган көрүнүш - журналисттик ишмердигимде мен өзүм күбө болгон окуялардын бири.

Миграцияда никесиз төрөлгөн ымыркайлар, жоопкерчиликтен качкан аталар, таштанды балдар кадыресе көрүнүшкө айланып калса, эми наристелерди Интернетте соодалаган энелер чыга баштады. 17-февралда Москванын Преображенский райондук соту наристесин 1 миллион рублга баалаган 24 жаштагы кыргызстандык Барнохон кызы Расулжанды адам сатууга байланыштуу айыптап, 4,6 жылга түрмөгө кескенин жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Аниса Жээнбекова жердештердин ата-энеси баш тарткан ымыркайлар тууралуу маалыматтарды жаап-жашырып, наристелерди жең ичинен тааныш-билиштерге асыроого берүү аракеттеринен улам Орусияда мигранттар эми бала сатуу үчүн айыпталып жатканына кейиди:

Аниса Жээнбекова.
Аниса Жээнбекова.

«Бул көрүнүш биздин укуктук сабатыбыз жоктугун билдирип жатпайбы. Билимдүү-илимдүү, элге аралашып жүргөн эле аялдар ушул иштер менен эбактан бери шугулданып жүрүшкөн. Кээ бирлери колго түшпөй жүрөт, качканы Кыргызстанга качып кеткен. Балдарды соода-сатыкка айланткандардын кээ бирин өзүм тааныйм. Наристелер балдар үйүндө чоңойгончо жакшы үй-бүлөгө туш болуп калышса унчукпайсың. Бирок, биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. «Кыргыздын менталитети, биздин убакта балдарды ушинтип эле багып алышчу» деп коюш такыр туура эмес. Мамлекеттик деңгээлде муну караш керек. Улуту кыргыз болсо, Орусияда деле мыйзам чегинде, документтештирип кыргыздарга багып алганга шарттар түзүлүшү керек. Орусиянын мыйзамдары боюнча баланы асырап алуу аябай татаал. Талаптары көп. Үй-жайыңа, жумушуңа чейин текшерет».

Кыргыз өкмөтү 2011-жылдан бери Орусияда кыргыз жарандары баш тарткан 100дөн ашуун наристени мекенине алып кеткен. 2014-жылы ишке кирген өкмөттүк токтомго ылайык, буга жылына 1,5 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Наристелердин ата-энелерин, туугандарын издөө же аларды асырап алчу башка үй-бүлөлөрдү табуу иштери Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жүктөлгөн. Бирок бул балдардын көбү балдар үйлөрүндө калат. Жалпысынан Кыргызстанда ар кандай багыттагы 127 балдар мекемесинде 11 миңден ашуун кароосуз бала тарбияланып жатат.

Аниса Жээнбекова Орусиядан Кыргызстанга алынып кеткен таштанды наристелердин азыркы абалы деле чоң суроо жаратарын кошумчалады:​

«Ал балдар деле кандай күн көрүп жатат? Мамлекет өзү кыйналып турат. Ата-энеси бар балдар деле зомбулукка кабылып, кандай шарттарда жашап жатканын билебиз. Анан балдар үйүндө өсүп жаткан наристелер эмне күн кечирип жатканын ким билет?»

Москва шаары менен облусунда кыз-келиндерге көмөк көрсөткөн «Кам көрүү» уюмунун башчысы Токтокан Эсенова миграцияда оор акыбалга туш болгон, зомбулукка кабылган аялдарга кризистик борбор ачуу зарыл деп эсептейт. Эсенова чет жерде ара жолдо калган кыз-келиндерге өз маалында убактылуу баш калкалоочу жай, адистик кеңеш сыяктуу керектүү жардам көрсөтүлсө, ымыркайларынан баш тарткан энелер азаят деген оюн айтты:

Токтокан Эсенова.
Токтокан Эсенова.

«Жакында эле ай-күнүнө жетип калган бирөөсүн баласынын атасы менен сүйлөшүп, турмушка бердик. Экинчисин ата-энесине байланышып, аларга акыбалды түшүндүрүп, Кыргызстанга жөнөттүк. Үчүнчүсү азыр төрөтканада. Азыр кыз-келиндерге өзүбүз эптеп баш паанек таап берип, ар кайсы батирлерге жашатып жатабыз. Мунун баары өз күчүбүз, коомчулуктун жардамы, мекенчилдик менен жасалып жаткан иштер. Москвада аялдарга кризистик борбор керек. Бул боюнча элчиликке кайрылып, кат жазгам. Жеке менчик клиникалар менен сүйлөшүп, психолог-психотерапевт, гинекологдорду жолугушууларга чакырып, азырынча биз өз аракетибизди жумшап жатабыз».

Ал эми Москвадагы «Умай клиник» медициналдык борборунда иштеген акушер-гинеколог Назгүл Каримова мигрант кыз-келиндерди бала сатууга чейин түрткөн көйгөйдүн өзөгүн кыргыз коомчулугунда жыныстык катнашта сактануу маселеси тууралуу сөз кылганга тыюу салынганы менен түшүндүрдү:

«Ушунчалык жүрөк ооруйт. 17-18 жаштагы кыздарыбыз ушундай чоң мүшкүл менен жалгыз калышат. Алданып калышат. Анан көздөрүн жалжылдатып «жардам бериңиз» деп отурушат. Жыныстык катнашта сактануунун жолдорун билишпейт. Жөнөкөй гигиенаны сакташпайт. Жапжаш туруп, бойдон түшүрчү ар кандай дарыларды ичип, ден соолугун талкалап жатышат. Балдарыбыз деле жыныстык жол менен жукчу оорулар жөнүндө кабары жок. Биз окуп жүргөн кезде дарыгерлер келип, кыздар менен өзүнчө жолугуп, мектеп партасынан көп нерсени түшүндүрүшчү эле. Анан биздин менталитетибиз. Биздин ата-энелер бул темада балдары менен эзели сүйлөшпөйт».

Назгүл Каримова.
Назгүл Каримова.

Каримова миграция агымы үй-бүлөлөрдү үчкө бөлүп койгон кезде үй-бүлө институту, эненин ден соолугу, бала төрөтүн пландоо сыяктуу маселелерге такыр көңүл бөлүнбөй калганын да белгиледи:

«Аялдар азыркы кезде сыртка чыгып, сырттын оокатын кылып, үйгө кирип үйдүн оокатын кылып жатышат. Кенедей кыздар чоң кишилердей иштеп жүрүшөт. Күйөөсү бар аялдар деле келишет. «Балага даяр эмеспиз, той кылышыбыз керек, анан насыябыз бар, ипотекабыз бар» дешет. «Эмне себептен анан баланын төрөтүн пландаган жоксуңар?» деп сурасаң: «Эми ушундай болуп калды» деп эле жооп беришет».

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык, чет жакта 840 миндей жаран эмгек миграциясында жүрөт. Анын ичинде Орусияда иштегендер 728 миңден ашат. Миграциядагы жарандардын дээрлик 50% аялдар түзсө, алардын көбү 35 жашка чейинки кыз-келиндер.

2018-жылы Санкт-Петербургда төрөп, чүрпөсүн иштебеген муздаткычка катып койгон кыргызстандык келин кармалган. Ушул эле жылы Пермде 18 жаштагы кыз жаңы төрөлгөн баласын өлтүргөн деп айыпталган. Былтыр сентябрда Москванын метросундагы дааратканада төрөп, наристени таштап кеткен кыргызстандык аял тууралуу кабарланган. Бул маалымат каражаттарында ачыкка чыккан гана окуялар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG