Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Мигранттардын балдары каттала баштады


Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө жергиликтүү социалдык коргоо кызматтарынын өкүлдөрү ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын абалын сурап жүрүшөт.

Социалдык өнүгүү министрлигинин облустук социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн маалыматына караганда облус аймагында мигранттардын 6192 үй-бүлөсү катталган.

Каракол шаарында мигранттардын үй-бүлөлөрүн кыдырып жүрүп, алгач 88 жаштагы Бүбүйша Жайсаңбаеванын үйүнө баш бактык. Ал жээн неберелери менен турат экен.

Бүбүйша Жайсаңбаева.
Бүбүйша Жайсаңбаева.

- Бул кыз Сымбат, муну мен карайм, - деп сөз баштады ал. - Анан өзүмдүн бир кызым да биз менен жашап жатат. Ал кызым өзүнүн эки кызын карайт, алар да окуйт. Сымбат менин жээн неберем, ага таене болом. Апасы Орусияда, атасынын көзү өтүп кеткен. Жашообуз эми Кудайга шүгүр, ушул эле жашоо болот.

Бүбүйша апа багып жаткан жээн небереси Сымбат 10 жашта. Азыр үйдө жүргөн бөлөлөрү менен чогуу үй ишин кылат. Биз барганда үйүн тазалап жаткан экен.

- Апам Орусиянын Норильск шаарында, - деди Сымбат. - Ал жакта үй тазалап иштейт. Кеткенине эки-үч жыл болду. Акыркы жолу мен 3-класста окуп жатканда келип кеткен. Андан бери телефондон эле сүйлөшүп турабыз. Сагынам, апамды. Кээде ыйлап алам, таенеме көрсөтпөй (күлүп). Апам бул жакка келсин деп тилейм.

​Бүбүшай апанын кызы Орусиядан ай сайын акча салып турат, ал акчага өз пенсиясын кошуп тиричилигин өткөрүшөт.

- 2 миң сомдон, 3 миң сомдон салат, - дейт ал. - Бул кызынын окуусуна, аны-мунусуна, баскан-турганына жетет. Менин пенсиям өзүмө жетет. Тамак-ашыбызды сатып алабыз. Ошентип жатабыз, Кудай деп.

Мигрант балдары бар үй-бүлөлөрдүн дагы бири - Жыргалбек Исабаевдики. Ал эки жээн небересин багат экен. Алар кичүү кызынын балдары. Кыз-күйөөсү ажырашып кеткен.

Кызы азыр эки баласын өз ата-энесинин колуна берип, Орусияда жалгыз бой иштеп жүрөт. Балдарынын экөө тең мектепте, биринчи жана төртүнчү класстарда окушат. Маектешибиз зайыбы экөөлөп неберелерин колдон келишинче кем-карчы жок багып атышканын кеп кылды:

Жыргалбек Исабаев.
Жыргалбек Исабаев.

- Азыр балдар апасы менен күнүгө телефон аркылуу сүйлөшөт. Эртеден кечке чейин эле өңү-түсү көрүнүп турган видео аркылуу сүйлөшүп эле жыргап атышат. Аларды биз кичинекейинен чоңойткондуктан өз ата-энеси ага-эжесиндей эле болуп калат экен. Бизди ата-эне дейт, «таята, таене» дебейт, биздин эле балдар болуп калды. Чоңойтуп атабыз, ошентип. Азыр өздөрүнөн деле сурасаңар айтып беришет. Энеси деле келип жыттап-жыттап кайра кетет, болду. Сагыныч тарагандан кийин биздин эле колдо. Кызыбыздын кеткенине беш жыл болду, экөөнү тең эле тырмактайынан биз чоңойттук.

Балдардын таенеси Света Исабаева эки жээн небереге чындыкты айтып тарбия берүүгө аракет кылып жатканын айтты:

- Чындап келгенде баланы мындай тарбиялап жатабыз. «Бул сенин энең, биз таята, таенеңбиз» деп үйрөтүп атабыз. Алар да энесин билсин да. Анан жалаң эле биздин мээримибизди көрө берсе, бул балдар башкача чоңоюп калышы мүмкүн.

​Каракол шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Иетбековдун айтымында, шаарда 479 мигранттын үй-бүлөсү бар.

- 14-январга карата 479 мигранттын үй-бүлөсү катталган, анын ичинен 85и ички миграцияда, 394ү сырткы миграцияда жүргөн мигранттын үй-бүлөсү. Ошол 479 үй-бүлөдөн 639 бала Каракол шаарында жашап жатат, - деди ал.

Социалдык коргоо министрлигинин облустук, райондук бөлүмдөрүнүн, райакимчиликтин, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү облус аймагындагы мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн абалы менен таанышып, мигранттардын балдарына социалдык паспортторду берип, көзөмөлгө алып жатышат.

Апта түрмөгү: Мигранттардын балдары кандай жашап жатат? 16.01.2019

Мигранттардын балдары кандай жашап жатат? (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:30 0:00
Түз линк

Социалдык өнүгүү министрлигинин Ысык-Көл облустук социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Максат Курманалиев мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн жашоо-шарты бир кылка эмес экенин белгилеп, алар өзгөчө камкордукка алынышы керек деп эсептейт.

Максат Курманалиев.
Максат Курманалиев.

- Биз кыдырып каттап жаткан үй-бүлөлөр бирине бири окшобойт, - деди ал. - Кээ бирөөнүн абалы чындыгында оор. Ал жерде көрүнүп турат, балдарды карап калган адамдардын да кепилдиги кичине азыраак экенин байкап, айыл өкмөттөрдүн социалдык адисине, ошол жерде түзүлгөн штабдарга көзөмөл жүргүзүүгө айрыкча басым жасадык.

Жалпы облус боюнча 2019-жылдын 11-январына карата мигранттардын 7201 баласы бар экени такталган. Анын ичинен жети жашка чейинкилер 1444 бала болсо, жети жаштан 18 жашка чейинки 5757 бала катталган.

Ал эми мигранттардын 6192 үй-бүлөсү такталып, анын ичинен ички миграциядагы адамдардын 1661, сырткы миграцияга кеткендердин 4531 үй-бүлөсү бар экени белгилүү болгон.

"Азаттыктын" архиви: Мигрант балдары: чоң эненин түйшүгү

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG