Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Өмүрбекова: Мигрант балдарына камкорчу керек


Алтынай Өмүрбекова 1-топтогу майып Гүлмайрам Алимбай кызынын үй-бүлөсүнөн кабар алуу учуру. 13-октябрь, 2018-жыл.
Алтынай Өмүрбекова 1-топтогу майып Гүлмайрам Алимбай кызынын үй-бүлөсүнөн кабар алуу учуру. 13-октябрь, 2018-жыл.

Акыркы эки-үч айда эле ата-энеси ажырашып же эмгек миграциясына кетип, жакындарынын колунда калган бир нече наристе жашоо менен кош айтышты. Ноябрь айынын аягында Чүйдө эки жашар бала ооруканада чарчап калып, аны баккан аял камакка алынган.

Декабрда Жети-Өгүздө ушундай эле окуя катталып, шымын булгап койгону үчүн бир жаштан өткөн наристе таежесинен токмок жеп өлгөн. 10-январда Ошто чарчап калган бала да ушундай “айыбы” үчүн жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Бул окуяларга байланыштуу “Азаттык” вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы кепке тартты. Ал мындай кайгылуу көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча өкмөттүн аракеттери жөнүндө айтып берди.

“Азаттык”: Алтынай айым, мына жакында эле Ош шаарында эки жашар баланы сабап өлтүрдү деген шек менен анын тууганынын аялы кармалып, эки айга тергөө абагына камалганынан кабарыңыз болсо керек.

Мурдараак Чүйдө, Жети-Өгүздө жана башка аймактарда да ушуга окшош окуялар катталды. Балдар болбогон себептер үчүн сабалып, чарчап калганы ачыкка чыкты. Бийлик өкүлдөрү үрөй учурган окуялардын алдын алуу үчүн кандай чараларды көрүп жатат?

Өмүрбекова: Биз бул көрүнүштөрдүн алдын алуу чарасын мурдатан эле көрүп келебиз.

Декабрда Кайыңдыда, Ысык-Көлдө, Нарында балдардын өлүмү катталгандан кийин биз селектордук эки жыйын өткөргөнбүз. Бири премьер-министрдин алдында, бирин мен алып баргам. Ошол жыйындарда биз республика боюнча балдарга карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу штабын түзгөнбүз.

Мурдагы жылдары ошондой штаб иштеп, кийин жоюлуп кеткен. Биз аны кайра жанданттык. Азыр окуп жатсаңыз керек, штабдын аймактардагы кызматкерлери үймө-үй кыдырып, кароосуз калган же ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын баарын тизмеге алып жатабыз.

Акыркы жолу тизмени чыгарганыбызда туугандарынын колунда жашаган, кыйналган, оор шартта жашаган балдардын саны 175 миң деп аныкталган. Азыр биз аны да тактап жатабыз. Бул электрондук форматта болот. Ал онлайн базага киргизилген балдарды тиешелүү адистер, социалдык педагогдор үзгүлтүксүз көзөмөлгө алып турат.

Маселен, Акматов деген бала кирди дейли, аны тиешелүү адамдар статусун карап, текшерип, ага кандай жардам керек, эмне кылыш керек деген нерселерин билип турушат. Ошого жараша көмөк беришет. Бул маалыматтар базасын февралга чейин ишке киргизебиз.

Кечээги күнү ИИМ, Саламаттык сактоо министрлиги, Социалдык өнүгүү министрлиги жана башка мамлекеттик органдардын 2019-2020-жылга карата “Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча” мекемелер аралык планын иштеп чыктык. Муну коомдук уюмдар менен чогуу талкуулап, сунуш-пикирлерин кошобуз. Натыйжада ошол пландын негизинде балдарга болгон зомбулуктун алдын алуу иш-чараларын күчөтөбүз.

Биз мыйзамдык негизде айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде социалдык кызматкер аттуу штатты киргизүүнү сунуштадык. Өзүн өзү башкаруу органдары боюнча мыйзамдарда ошол нерсе буга чейин каралбай калган экен. Райондук деңгээлде бар, бирок ал бир райондо канча айыл, канча бала болсо анын баарын көзөмөлгө алышы кыйын.

Эми ошол штаттык бирдик киргизилсе, ал мектеп менен чогуу көңүл бурууга муктаж балдарга жардам берет. Бул Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдында балдардын укугун коргоо департаменти катары иштейт. Бирок негизинен жергиликтүү деңгээлде иш алып барат.

“Азаттык”: Сөзүңүзгө аралжы. Соңку кайгылуу окуяларда көбүнчө балдар ата-энеси чет өлкөгө иштегени кетип, кароосуз калгандан улам болуп жатат. Маселенин төркүнүн түзгөн миграцияны кыскартуу багытында өкмөттүн кандай аракеттери бар?

Өмүрбекова: Албетте, миграция эми бул абдан чоң, системалык маселе да. Ал социалдык тармактагы мекемелердин эле эмес, ошол эле Финансы, Экономика министрлиги, Миграция кызматтары да чече турган маселе. Ал кечээ же бүгүн эле пайда боло калган жок жана бир күндө чечилбейт.

Бирок биз анын ичинде миграциянын балдарга таасирин талдап, андан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Жаш кыз-келиндерибиз балдарын курбуларынын, туугандарынын үйлөрүнө таштап коюп кетип калып жатышат. Ага байланыштуу “Балдар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Маселен, кыска мөөнөткө кетип жатса, баласын “мына мен кетип жатам, баламды мобу эжем карайт же тиги тууганым карайт” деген “ишеним кат” менен калтырат. Алты айга чейин кетсе, балдарын калтырган кишиге “убактылуу багуучу” катары укук берип, мыйзамдык жактан бекитип анан табыштайт. Алты айдан узагыраак болсо анда сот аркылуу “камкорчуну” бекитип, анан калтырышы керек.

Мына ушулар ишке кирсе, электрондук база иштеп баштаса, атайын кызматкерлер аларды карап, ата-энеси миграцияда жүргөн балдарга көңүл бөлүп турушат.

Натыйжада ошол балдарды багып жаткан туугандары мамлекет балага көзөмөл кылып жатат соттолуп кетем, чара көрүлөт” деген жоопкерчиликти сезиши керек.

Кыз-келиндерибизди, балдарыбызды үй-бүлө куруунун алдында жоопкерчиликти сезүүгө, балалуу болордун алдында пландаштырууга үйрөтүүбүз зарыл.

Албетте, мунун баары “кесепет”. Биз буга жеткирбей, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жаатын күчөтүшүбүз шарт. Ошол эле кыз-келиндерибизди, балдарыбызды үй-бүлө куруунун алдында жоопкерчиликти сезүүгө, балалуу болордун алдында пландаштырууга үйрөтүүбүз зарыл.

Ар бир эне “балалуу болсом эртең бага аламбы, тарбия бере аламбы” дегенди ойлонушу керек. Ошондо да миграцияга кете турган болсо балдарга “камкорчуну” расмий түрдө дайындашы керек. Бул энеге да, атага да тиешелүү.

Миграция дегенде өкмөттүн жарандарды иш-менен камсыз кылуу аракети да бар. Бирок жалаң эле аны менен эмес эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, балага карата жоопкерчилик түшүнүгүн киргизүү жөнүндө да маалыматтык өнөктүк жүргүзүүдө.

“Азаттык”: Кеп болуп жаткан балдардын өлүмдөрүнүн дээрлик баарында зомбулуктун элементи бар экени айтылып жатпайбы. Сиз кеп кылып жаткан мыйзамдарга өзгөртүү аракеттеринде, ошол эле зомбулукка карата жазаларды катаалдатуу да каралганбы?

Өмүрбекова: Ооба, активисттер да ошондой демилге көтөрүп, Кылмыш- жаза кодексине балдарга карата зомбулук көрсөткөндөргө жазаны катаалдатуу боюнча сунуштарын айтып жатат. Бул маселелерди азыр карап жатабыз. Бирок бул “кесепет” менен күрөшүү. Биз биринчи кезекте анын алдын алуу чараларын күчөткөнү турабыз. Зомбулукту болтурбоого аракетибизди аябайбыз.

Бир эле мисал, Саламаттык сактоо министрлигине жаңы эле тапшырма берилди. Бүт аймактагы медициналык мекемелер өлкөдөгү алты жашка чейинки балдардын баарына милдеттүү кароо жүргүзүшөт. Бул алардын ден соолугун да текшерүү максатын көздөйт, бирок башкысы балдардын денесинен кандайдыр бир тактар, белгилер жок экендигин аныктоо. Эгерде кандайдыр бир зомбулуктун белгилери аныкталса, аны багып жаткандарга карата чара көрүлөт жана иликтөө иштери алынып барылат. Бул да бир чара. Бирок зомбулукту алдын алуу чаралары комплекстүү жүрө турганына ишендирип кете алам.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, коомчулук кайдыгер болбошу керек. Кайсы бир жерде бала ур-токмокко кабылып жатканын билсеңиз милицияга же 111 телефон кызматына кайрылып, бул көрүнүштүн алдын алууга салым кошуңуз деп суранып кетким келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG