Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:14

Мектебин алдыга тарткан мигрант балдар


Иллюстрациялык сүрөт.

"Орусияда мигранттардын балдары көбүнчө чабал мектептерде окушат. Бирок алар тырышчаак, зээндүү келет жана ксенофобиядан алыс". Орусиянын Улуттук изилдөө университетинин социологдору Москванын мектептеринде атайын изилдөө жүргүзүп, ушундай жыйынтыкка келишкен.

"Кызым менен жарым жыл чогуу окудум"

Жолдошу менен Орусияда иштеп жүргөн Нургүл Эндешова үч жыл мурда жети жаштагы кызын Кыргызстандан алып келип, Москвадагы мектепке берген. Кесиби боюнча педагог мигрант эне бул оңой түйшүк болбогонун эскерди:

- Кызым окууга жаңы келгенде кыйналдык. Кыргызстандагы окуу программасы менен бул жактыкы бир топ айырмаланат. Тапшырманы көп беришет. Кызым сабакты жакшы өздөштүрө албай, күнүнө беш-алты саат чогуу окуп жүрдүк. Жарым жыл дегенде илип кетти. Уулум бул жактагы бала бакчага барды. Ал 1-класска барганда кыйналган жокпуз. Орус тилин бала бакчадан эле үйрөнүп, жергиликтүү балдарга ошондо эле аралашып кетти.

Нургүл Эндешова
Нургүл Эндешова

​Нургүл кызы Айканын классташтары менен тил табышуусу да оор болгонун айтты:

- Эртең менен мектепке ыйлап барчу. Башында классташтары «сен кытайсың» деп ызаланткан учурлар болгон. Ошол маалда биз дагы чачын карэ кылып кесип коюппуз. «Чачым жакпайт, мектепке барбайм» деп каччу. Баланын өзүнөн да көп нерсе көз каранды. Кийин чыйралып, көнүп кетти. Кыргызстанда жүргөндө англис тилди жакшы окуган. Классташтарына «силердин тилиңерди билбесем да, англисчени силерден мыкты билем» деп моюн бербей кетти.

Учурда 4-класста окуп жаткан Айка А.С. Пушкиндин ырларын жатка айтат. Бирок мектепте улутун, түпкү мекенин сурагандар болсо жооп бербей кутулат экен.

Кыздын энеси Нургүл баштан өткөн тажрыйбасы менен бөлүшүү максатында мигранттар үчүн Kids Club бала бакчасын ачкан. Анда 1-класска бара турган балдарды даярдайт.

Мектеп - интеграция болууга жардам берет

Орусиянын баш калаасы Москванын мектептеринде 60 миңдей мигрант балдарды окуйт. Ар бир класста башка улуттун өкүлдөрү 10-16 пайызды түзөт.

Биринчи орунда – Азербайжан, Армения, Грузиядан (22,6%) келгендер турса, экинчи орунда Дагестандан келген ички мигранттардын балдары (11%), андан кийин борбор азиялыктар (8,5%) турат. Мындай изилдөөнү Москвадагы Улуттук изилдөө университетинин Билим берүү институту жүргүзгөн.

Бул институттун адиси Надежда Бысик орус коомундагы мигранттардын балдары тууралуу буларды айтты:

- Коомчулукта мигранттардын балдары мектеп, бала бакчаларга толуп кетти, орус тилин начар сүйлөп, мектептерди артка тартып жатат деген ойлор айтылып келет. Бирок бул пикир туура эмес. Биздин изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, кайсы бир чабал мектепте мигранттардын балдары көбүрөөк топтолуп калса, дал ошол балдар мектепти алдыга сүйрөйт экен. Мигранттардын балдары Орусияда калгысы келип, билим алууга көбүрөөк умтулушат, -дейт Бысик.

Изилдөөчү Москвада мигранттардын балдары көбүнчө чабал мектептерде окушарын белгилейт. Буга мигрант ата-энелердин материалдык шарты, балдардын билим деңгээли менен даярдыгы себеп болуп жатканын белгиледи. Ал эми алдыңкы деп эсептелген лицей, гимназияларда көбүнчө жергиликтүү элдин балдары билим алат.

Мындан улам Москвада келгиндердин балдары топтолгон «мигранттардын мектептери» пайда болгон.

Аталышы жектегендей угулганы менен адистин айтымында, мындай полиэтникалык мектептерде улутчулдук, ксенофобия жокко эсе.

Надежда Бысик
Надежда Бысик

Надежда Бысиктин айтымында, мигрант балдардын Орусияда толук кандуу билим алуусуна тоскоол болгон көйгөйлөр башка:

- Жалпысынан Москвада баланы мектепке берүү үчүн документ топтоодо кыйынчылыктар бар. Билим берүү министрлигинин сайты аркылуу кезекке туруу керек, андан тышкары мигрант ата-энеден миграциялык каттоо сыяктуу кошумча кагаздар талап кылынат. Бул көйгөйлөргө орусиялыктар, ички мигранттар деле кабылат. Адатта, мигранттар балдарын жашаган жерине карап, шаардын чет жакасындагы лицей, гимназия эмес, жөнөкөй мектептерге беришет. Мындай мектептерде бир класста чет өлкөлүктөрдүн балдары көп окуганына карабай, орус тили боюнча кошумча сабактар өтүлбөйт. Европа өлкөлөрүндө келгиндердин балдары үчүн мындай сабактарды атайын уюштурушат. Бизде болсо, мектептин жетекчилигинин, ата-энелердин демилгеси менен гана иш бүтөт.

Адис балдардын чоочун чөйрөгө тез көнүп кетишине ата-энелердин жоопкерчилиги чоң экенин белгилейт. Балага мектепте ыңгайлуу чөйрө түзүү үчүн, ата-эне өзү биринчи ошол мектеп менен тыгыз байланышта болушу керек.

- Мектеп бир гана балага эмес, мигрант ата-энеге да социалдашууга, жергиликтүү калк менен карым-катнаш түзүп, интеграция болушуна шарт түзөт. Мигрант аял же киши өзү орусча жакшы билбей, мугалимдерден, башка ата-энелерден оолактай берсе, биринчиден, баласы менен мамилеси бузулат, баласы үчүн да мектепте жагымдуу маанай түзүлбөйт.

Москвадагы Улуттук изилдөө университетинин Билим берүү институту быйыл Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген мигранттардын балдары боюнча изилдөөнү улантат. Анын жыйынтыгында орус өкмөтү, Билим берүү министрлигине окуу процессин жакшыртуу боюнча сунуштарды жөнөтмөкчү.

Укук коргоочулардын баамында, Кыргызстанда ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн 256 миң бала бар. Алардын ичинен 119 миң баланын ата-энесинин экөө тең эмгек миграциясына кеткен. Кыргызстанда калган мигранттардын балдары зордук-зомбулукка кабылган окуялар акыркы убакта тынбай катталып келет.

Бул арада чет жакка ишке балдарын кошо ала кеткен мигрант ата-энелер көбөйгөнү да байкалат. Орусиянын миграциялык кызматынын маалыматы боюнча өлкөдө 650 миңдей кыргызстандык жаран бар. Алардын 15 пайызын жашы 18ге толо элек балдар түзөт.

"Балаң үчүн кемсинтүүгө да чыдайсың"

Москвада балдарды орусиялык мектепке даярдаган «Ковчег -21» жеке лицейинде иштеген Гүлбарчын Жаанбаева мигранттар балдарын кошо ала келгени менен чет жерде алардын билим алуусуна, жашоосуна жакшы шарт түзө албай, кыйналып калышарын айтып берди.

- Негизи эле кыргыздар балага көңүл бурбайт экенбиз. Орустарды карасаң, алар ишин таштап коюп, биринчи кезекте балдарына кам көрүшөт. Биз болсо 10-12 сааттан иштейбиз, күндө ишке чыгыш керек. Бала менен отуруп сабак окутуп, мектебине барып, кошумча секцияларга жазып, көңүл бура албайбыз. Мен өзүм деле чогулушка бара албай калам. Анан "Вотсаптан" мугалимине жалынып-жалбарып, «баламды карап койчу» деп суранам, майрамда белек берем. Аны кээ бир мугалим түшүнөт, кээ бири «окуй албасаңар кеткиле» деп кагат. Батиримде бир келин баласы менен жашады. Тигиниси байкуш темселеп иштейт, тигиниси эмне жеп, мектепке эмне кийип, кантип сабак окуп жатканы белгисиз. Бир нерсе десең, айылдагыдай «эжекеси карайт да» деп жоокерчиликти мектепке оодарып коюшат.

Гулбарчын Жаанбаева "Ковчег-21" борборунун окуучулары менен экскурсияда
Гулбарчын Жаанбаева "Ковчег-21" борборунун окуучулары менен экскурсияда

Эки баласы Москвада мектепте окуган эне жергиликтүү коомчулук да дайыма эле меймандос, көтөрүмдүү келе бербестигин белгилейт.

- Мен иштеген лицейде деле, балдарым окуган мектепте деле «толуп кетти», «баары кара», «жүдөмүштөр», «булар менен аралашып жүрүп балам орусча унутуп калды» деген сөздөр көп эле болот. Угасың, капаланасың, бирок, эч кимге даттана албайсың. Мугалими деле, ата-энелери деле айтат минтип. Анан «кой, башкысы, балдарым окусун, билим алсын» деп анча-мынча сөздөргө көңүл бурбаганга аракет кыласың. Балага андан бетер оор. Сен бирин-экин барып угасың, бала болсо жергиликтүү балдар менен аралашып, достошуп, окуу программасын өздөштүрүп кеткиче оор психикалык-моралдык сыноодон өтөт.

Социологдор менен билим берүү боюнча адистердин белгилешинче, мигранттардын балдары орусиялык мектептерде кабылган тил жана психологиялык оорчулуктар убактылуу.

Мектеп - мигрант балдар жана алардын ата-энелери үчүн жергиликтүү коомго интеграцияланышууга жардам берген эң башкы мекеме. Ал эми Орусияга ата-энеси менен келип, ар кандай шарттардан улам окуусун уланта албай, эмгек эксплуатациясында жүргөн балдардын так саны азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG