Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 23-январь, 2020 Бишкек убактысы 02:53

Ференци: Адам укуктарын окутууну балдардан башташ керек


Беа Ференци.

10-декабрь күнү Адам укуктарынын жалпы декларациясына 70 жыл толот.

Ушунча жылдан бери дүйнөлүк документ адамзаттын жашоосун канчалык өзгөртө алды? Кыргызстанда адам укуктары жаатында кандай жылыштар жана өксүктөр бар? Ушул суроолордун тегерегинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссариатынын регионалдык өкүлүнүн орун басары Беа Ференци менен Венера Сагындык кызы маектешкен.

Ференци айым адегенде сөзүн Кыргызстандагы адам укуктарынын абалынан баштады.

Беа Ференци: Кыргызстан Адам укуктары боюнча маанилүү он эл аралык конвенциянын сегизин ратификациялады. Ал келишимдердин аткарылышына тийиштүү комитеттер тарабынан байкоо жүргүзүлүп турат. Биз ушул конвенциялардын ичинен кайсынысына комитеттер тарабынан эң көп кеңеш, сунуштар түшкөнүн карап көрдүк. Андай көбүрөөк тынчсыздануу жараткан маселе - бардык адамдар үчүн бирдей сот адилеттүүлүгүн орнотуу болуп чыкты. Соттордун көз карандысыздыгы, соттордун бардык адамдардын укуктарын бирдей камсыздап бериши, адилеттүүлүк стандарттарына байланыштуу тынчсыздануулар.

Жаңы жылдан тарта күчүнө кире турган жаңы Кылмыш кодекси, Кылмыш процессуалдык кодекси алардын иш жүзүндө аткарылуу деңгээлине жараша айрым маселелерди жеңилдетет деген үмүт бар.

Экинчи чоң маселе - кыйноо, уруп сабоо көйгөйү. Кыргызстан бул багытта бир топ аракеттерди жасап жатат. Атүгүл кыйноолорду алдын алуу боюнча атайын Улуттук аракеттер планы да бар. Эми өкмөт ошол планды турмушка ашырууда чечкиндүүлүгүн көргөзүшү керек. Биздин маалымат боюнча, кыйноолор тууралуу элден түшкөн арыздар көбөйдү, бул оң жылыш. Бирок алардын сотко жеткендери абдан аз.

Кыйноо деген эмне экенин чечмелеген аныктаманы, аны далилдөө ыкмаларын кайра карап чыгуу керек деп эсептейбиз. Андан тышкары сексуалдык азчылык тобуна киргендердин, майыптардын, аялдардын, этникалык, диний азчылыктардын укуктарын коргоо жаатында маселелер бар. Ала качуу көйгөйүнө мамлекет олуттуу көңүл бурушу керек.

Дагы бир маселе - омбудсменди шайлоо эрежелери эл аралык стандарттарга шайкеш келбейт. Акыйкатчыны шайлоо тууралуу мыйзам долбоорго өзгөртүүлөр киргизилип, бул институт бийликтен көз карандысыз болушу керек. Финансылык жана саясий көз карандылык камсыздалышы зарыл.

"Азаттык": Аялдардын укуктарына токтоло кетсек, Кыргызстан кыз ала качуу кеңири практикаланган мамлекет катары таанылып келатканы жалпы улуттун аброюна көлөкө түшүрүүдө. Андан сырткары үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук азайбай жатканын укук коргоочулар такай айтып коңгуроо кагып келатышат. Сиз буга чейин көп эле мамлекеттерде иштептирсиз. Кыз-келиндердин жашоосун оорлоткон ушундай көрүнүштөрдү токтото турган мыйзам долбоор же дагы башка легалдуу механизмдер барды?

Беа Ференци: Албетте, бул жерде мындай кылмыштарды кан буугандай токтото турган күчтүү улуттук мыйзамдар болушу керек. Мыйзамды кабыл алгандан кийин анын аткарылышы андан да маанилүү. Аны аткара турган механизмдер так иштелип чыгышы зарыл.

2014-жылы 18 уюм Кыргызстандагы аялдарды басмырлоо маселесин иликтеп чыгуу өтүнүчү менен БУУнун Адам укуктары бонча комитетине кайрылган. Ошол иликтөө жүзөгө ашырылып, жакында эле атайын баяндама жарыяланды. Анда ала качууну токтотуу үчүн кандай мыйзамдык аракеттер жасалышы мүмкүн экени так жазылган. Мисалы, алардын бири никелешкен түгөйлөр арасындагы зордуктоого аныктама берүү жана ага каршы легалдуу аракет көрүү зарылдыгы айтылат.

Жакында эле Кыргызстанда чоң чуу жараткан Бурулайдын окуясын алсак, милиция кызматкерлери, тергөөчүлөр кыз ала качууга олуттуу кылмыш катары мамиле жасабаганына күбө болдук. Ушул эле баяндамада жазылгандай, ала качууну коомчулук дагы эле салт катары кабыл алганы да чоң көйгөй жаратууда. Мамлекет, бийликтегилер кыз ала качуу кылмыш экенин элдин калың катмарынын аң сезимине жеткирүү жагын колго алышы керек. Баяндамада мындан башка да реалдуу бир топ кадамдар көргөзүлгөн.

"Азаттык": Сиз айткандай, кыз ала качуу, үй-бүлөдө аялдарга кордук көргөзүү, уруп-сабоо дал ушул укук коргоо органдары мындай көрүнүштөргө көп учурда кайдыгер мамиле жасап, "өзүңөр сүйлөшүп алгыла, келишип алгыла" дегендей мамиле жасагандыктан токтобой келатат.

Беа Ференци: Ооба, бул чоң көйгөй. Кыз ала качуу, аялды уруп сабоо эл аралык гана эмес, Кыргызстандын улуттук мыйзамдары боюнча да кылмыш деп эсептелет. Ошол мыйзамдарды аткаруу жагы аксап келатат. Укук коргоо органдары бул иште чечкиндүүлүгүн көргөзсө, бир топ жылыш жасалмак.

"Чечимдер кагазда калбаса..."

"Азаттык": Жакында эле АКШнын жаңы элчиси Доналд Лу менен маектешкенибизде, ал 13 жыл мурда Кыргызстанда иштеп кеткен экен, азыр карапайым эл өз үнүн, арыз муңун бийликтегилерге жеткирүү, ортодогу байланыш жаатында эбегейсиз жылыш жасалганына таң калганын айтып калды. Интернет, андагы "Фейсбук", "Инстаграм" сыяктуу социалдык тармактардын кеңири жайылышы, каалаган адам кандай болбосун окуяны колундагы телефонго тарта калып видеосун калкка жайылтып жатканы жалпы сот системасын, адилеттүүлүк системасын реформалап, өзгөртүүгө түрткү боло алабы?

Беа Ференци: Албетте, бул технологиялардын кеңири жайылышы жалпысынан адам укуктарынын абалынын жакшырышына абдан чоң салым кошо алат, кошуп да жатат. Ошентсе да, бийликтегилер тарабынан да кандайдыр чечкиндүү аракеттер сөзсүз жасалышы керек.

"Азаттык": Сотторго, прокуратурага, ички иштер органдарына ишенич, сый урмат төмөн деңгээлде кала берүүдө. Улам бир жаңы бийлик келген сайын "сот системасын реформалайм" деп убада кылат. Азырынча олуттуу жылыш байкалбайт. Ушул сот системасын чындап турмушка ашыруунун кандай реалдуу кадамдарын атай кетет элеңиз?

Беа Ференци: Бул татаал суроо. Мурдагы кыргыз президенти, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да сот системасын реформалоо артыкчылыктуу маселе экенин белгилеп келатышат. Бул багытта бир катар жаңы мыйзамдар кабыл алынып, Кылмыш кодекси, Кылмыш процессуалдык кодекси жаңыланды. Бул мыйзамдар жаңы жылдан тарта күчүнө кириши керек. Эгерде бул мыйзамдар кагазда жазылгандай так аткарылса, жалпысынан адам укуктары жаатында бир топ жылыштар жасалышы керек.

Бул мыйзамдар боюнча судьяларга беш жылдык сыноо мөөнөтү берилет. Мындай көрүнүш судьялардын ишинин ырааттуулугуна, көз карандысыздыгына залал келтиреби деген тынчсыздануулар бар. Позитивдүү кадамдар менен катар ушундай нерселер да бар. Бийликтегилер чын дилинен элдин сотторго, адилеттүүлүккө, прокуратура органдарына ишеничин бекемдегиси келсе, кандай кадамдар жасалышы керектигин билишет. Эми ошол айтылып келаткан ниеттерди жүзөгө ашыруу гана талап кылынат.

Бардык тараптар - соттор, прокуратура, милиция органдары жаңы мыйзамдар боюнча кандай өзгөрүүлөр болорун, аларды кантип турмушка ашыруу жагын үйрөнүп даярданышы керек. Калктын бардык катмарлары, анын ичинде этникалык азчылыктар арасында сотторго ишеничти калыбына келтирүү дагы бир топ күч-аракетти талап кылат.

"Азаттык": Этникалык азчылыктарга келгенде, 2010-жылкы кагылышуулардан кийин сот адилеттүүлүгүнө ишенич мурдагыдан да кыйла начарлап кеткени айтылып эле келатат. Ошол жердеги ынтымак, бейкам жашоону биротоло калыбына келтириш үчүн кандай аракеттер жасалышы керек?

Беа Ференци: Оор суроо. Биз бул маселе боюнча атайын долбоордун үстүндө иштеп, жагдайды жакшыртыш үчүн кандай конкреттүү кадамдарды жасаса болот деген теманы изилдеп чыктык. Расмий статистикалык маалымат көргөзгөндөй, ар кандай этникалык азчылык топтору ушу тапта Кыргызстан калкынын 28% түзөт. Изилдей келсек, сот, прокуратура, ички иштер, жалпы күч түзүмдөрүндө алардын өкүлдөрү 4-8% гана түзөт экен. Бул жалпы калктын санындагы үлүшүнө салыштырганда, абдан төмөн көрсөткүч. Ошондуктан биз бийликтегилерге бардык эле мамлекеттик органдарда, мекемелерде этникалык азчылыктардын өкүлдөрүн көбөйтүү зарыл экенин айтып кеңеш берип келатабыз.

Позитивдүү дискриминация деген түшүнүк бар. Мисалы, бир жумуш ордуна эки талапкер ат салышып жатса, этникалык азчылык өкүлүнө артыкчылык берүү дегендей.

Дагы бир биздин салымыбыз - Ош, Жалал Абад, Баткендеги университеттер менен кызматташып, студенттерге көп түрдүү маданияттар тууралуу сабактар окутулду. Аларда кеңири жайылып кеткен терс стереотиптерден кантип арылуу керек, толеранттуулук, сабырдуулукка үйрөнүү, көп улуттуу коом деген эмне, ар түркүн маданияттар бири-биринен көп нерсени үйрөнсө болорун, жаңы маданиятка кантип жуурулушса болот дегендей темалар талкууланды. Ушундай сабактар аталган үч университетте гана эмес, Кыргызстандагы бардык окуу жайларда, мектептерде да өткөрүлүп турса, таасирдүү жемишин бермек деп ишенебиз.

2010-жылдагы окуялардын кесепеттерине келсек, дагы эле күйүтү басыла элек, кылмыш иштери тергелип аягына чыга элек окуялар бар. Азыркыга чейин кылмыш жообуна тартылып, соттолгондордун 70 пайыздайы өзбектер экенин билебиз. Мунун баары ачык булактардагы расмий маалыматтар. Көрсөткүчтөр ал окуялардын тегерегинде адилеттүүлүк маселесинде дагы көптөгөн суроолорду жаратат.

"Баланы башынан үйрөтөлү"

"Азаттык": Адам укуктарынын универсалдык декларациясын окуганда, адамдар өңү-түсүнө, келбетине, жынысына, тилине, маданият, каада-салтына, диний ишенимине карабастан, эч убакта басмырланбашы керек, бири бирин түшүнүп сыйлап жашашы керек. Дүйнө ар түрдүүлүгү менен кымбат дегендей ар бир сөзү, жобосу дүйнөдө адамгерчиликти, адилеттүүлүктү, боорукерликти бекемдөөгө багытталып жазылганы айкын болуп турат. Бирок ошондо жазылгандар ар бир адамга, айрыкча жаштарга, балдарга жеткиликтүү формада жайылтылдыбы? Улуттар уюму ушул жагынан аксап жаткан жокпу? Гумандуулук, адамгерчилик принциптерине негизделген документтерин элге жеткирүү жагынан дегеним.

Беа Ференци: Биз билим берүү мекемелери аркылуу жайылтуу керек деп ишенебиз. Эң башынан, балдардын кичинесинде эле ушул маанилүү ойлорду, адамзат жараткан орток асыл баалуулуктарды аң сезимде калыптандыруу керек.

"Азаттык": Бала бакча, мектептерде Адам укуктарынын жалпы декларациясы түшүндүрүлүп окутулуп жатабы?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Беа Ференци: Кыргызстанда кээ бир окуу жайларда саясат таануу сабагына атайын тема болуп киргизилген. Азыр ЮНИСЕФ (Улуттар уюмунун Балдар фонду) менен биргиликте кыргыз мектептеринде жаш балдарга адам укуктары деген эмне экенин түшүндүргөн атайын сааттарды өткөрүү жагында иштеп жатабыз. Башка улуттар, башка диндер бар экенин, алардын ортосунда сабырдуулук, түшүнүшүү зарыл экенин окуткубуз келет. Ушундай сааттар жалпы билим берүү мектептериндеги сабактарга киргизилсе мыкты болмок. Ошондо балдар кичинекейинен дүйнөдө ар түркүн улуттар, расалар, маданияттар, тилдер, диний ишенимдер бар экенин аңдап билип калышмак. Ынтымак, толеранттуулук маанилүү экенин түшүнүп калмак.

Билим алуу, медициналык тейлөө мамлекет тарабынан бардык жарандарга бирдей камсыздалып жатканын, андай тең укуктуулук жок коомдордо кандай көйгөйлөр бар экени балдарга жаштайынан айтылышы керек.

"Азаттык": Рахмат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.​

     

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG