Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:11

Кыйноо: Шектүү көп, соттолгон аз


Иллюстрация

Башкы прокуратура Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерине кыйноо фактысы боюнча айып тагып, ишин сотко жиберди. Учурда Свердлов райондук сотунда ушул эле Аламүдүн милициясынын кызматкерлери кыйноо боюнча шектүү болуп, бир нече иш каралууда.

Укук коргоочулар "соттор милиция кызматкерлерине жан тарткан чечимдерди чыгарып жатат" деп тынчсызданууда.

Шектүүлөргө кошумча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу "Таш-Дөбө" милиция бөлүмүнүн үч кызматкерине былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси менен ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") кылмыш ишин козгоп, ошонун негизинде УКМК аларды тергөө абагына камаган. Үч милиция кызматкерине "2017-жылдын 7-сентябрында Кыргыз гидрометеостанциясынын "Байтик" станциясында иштеген Замирбек Ниязалиевди негизсиз кармап, сабаган" деген айып тагылган.

Андан бери жүргүзүлгөн иликтөө иштери жана прокурордук көзөмөл "милиционерлер Ниязалиевди "ээнбаштык кылгансың" деп айыптап, андан керектүү көрсөтмө алыш үчүн кыйнаган, кийинчерээк бул иштерин жаап-жашырууга аракет кылган" деп тапкан.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн жогоруда сөз болгон үч кызматкерине дагы 305-берененин 1-бөлүгү ("Топтошуп кыйноо"), 315-берене ("Кызматтык жасалмалоо") жана 350-берене ("Алдын ала сүйлөшүп алып документтерди жасалмалоо") боюнча кошумча айып тагып, ишти кароону Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна 22-февралда жиберген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

"Милиция кызматкерлеринен кыйноо көрдүм" деген доомат менен Замирбек Ниязалиев былтыр күзүндө "Кылым шамы" бейөкмөт уюмуна кайрылып, укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

Уюмдун юристи Ырысбек Адамалиевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, алар Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери менен кошо Башкы прокуратурага кайрылышкан:

- Милициялардын ур-токмогунан кийин Ниязалиев ооруканага жатып, дарыланып чыккан. Ооруканадан чыккандан кийин ал бизге кайрылып, биздин жардамыбыз менен 11-сентябрда прокуратурага арыз жазган. Прокуратура кылмыш ишин козгоп, ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеп жаткан. Эми дагы кошумча айып тагылып, сотко жиберилди.

Тергөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин аты-жөнү ачык айтылган жок.

Прокуратура айыптайт, сот актайт

Ушул тапта Свердлов райондук сотунда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине каршы дагы бир иш каралууда.

Жабырлануучунун адвокаты Бактыбек Жумашев аз күн мурда Свердлов райондук сотунун судьясы Руслан Саткымбаевдин үстүнөн Соттук кеңешке арыз менен кайрылды. Анын айтымында, буга судья жакында чыгарган чечим негиз болгон:

Адам укуктары боюнча айтылгандарды өкмөт угабы?

Адам укуктары боюнча айтылгандарды өкмөт угабы?

Адам укуктары боюнча кеңеш бийлик органдарына элүүгө чукул сунуш жөнөткөн. Кеңеш терроризмге каршы күрөшүү жаатында өкмөткө жети сунуш Берген.

- Бул процессте Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкеринин кыйноо фактысы боюнча иши каралып жатат. Алар өздөрүнө керектүү көрсөтмө алыш үчүн шектүү Максат Балбаевди кыйноого алышканы сотто дээрлик далилденсе да, судья "кайра экспертиза жүргүзүлсүн" деп чечим чыгарып жатат. Ошондуктан мен бул чечимди бир тараптуу деп баалап, Соттук кеңешке кайрылдым.

Мурдагы милиция кызматкери Максат Балбаев "бажасын өлтүрдү" деп шек саналып, 2014-жылы кармалган. Адвокаттын айтуусунда, милиция кызматкерлери андан керектүү көрсөтмө алуу максатында сабашкан.

Укук коргоочулар милиция кызматкерлери катышкан кыйноо фактылары көп учурда ачыкка чыкпай каларын, аныкталгандары сотто акталып кеткен учурлар көп экенин белгилеп жүрүшөт.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2011-жылдан бери кыйноого байланыштуу айыпталган милиция кызматкерлери соттолгон беш учур катталган. Кыргызстанда кыйноо боюнча берене Кылмыш-жаза кодексине 2003-жылы киргизилген жана 2011-жылга чейин кыйноо үчүн айыпталган күч кызматкерлери тууралуу маалымат жок.

"Кыйноо" беренеси боюнча айыптаган, жазага тарткан чечимдердин пайыздык көрсөткүчү өтө эле төмөн.
Рысбек Адамалиев

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун юристи Рысбек Адамалиевдин "Азаттыкка" айтканына караганда, кыйноого кабылган жарандардын арыздары боюнча дайыма эле кылмыш иши козголо бербейт:

- Биздин уюмда эле беш жылдан берки убактагы кыйноо фактысы боюнча жыйырма арыз жатат. Ошолордун ичинен болгону беш гана арыз боюнча прокуратура кылмыш ишин козгогон. Булардын ичинен бир иш боюнча айыпталган милиция кызматкерлери сот тарабынан толугу менен акталып кетти. Азыр бизде дагы эки иш үчүнчү сот инстанциясынын кароосунда, анткени буга чейинки инстанциялар актаган чечим чыгарып беришкен. "Кыйноо" беренеси боюнча айыптаган, жазага тарткан чечимдердин пайыздык көрсөткүчү өтө эле төмөн.

Айыптуулар акталып кетет

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, кыйноого туш болгон адамдардын 30% гана даттанат, түшкөн арыздардын 90% милиция кызматкерлерине каршы жазылат. Ички иштер министрлиги бул багытта кызматкерлер менен такай иш жүргүзүлүп турарын, өз ишине кыянат мамиле кылгандар кызматтан четтетилерин белгилеп жүрөт. Ошол эле учурда министрлик милицияга каршы жазылган дооматтардын ичинде атайылап өч алуу максатында жаманатты кылыш үчүн жазылган арыздар да бар экенин билдирүүдө.

2017-жылдын он айында Башкы прокуратурага кыйноого байланыштуу 325 жаран жардам сурап кайрылган. Анын ичинен тогуз даттануу УКМК, бешөө жаза аткаруу, 311и милиция кызматкерлеринин үстүнөн түшкөн. Былтыр бул багытта канча иш козголуп, канчасы сотко ашканы туурасында маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

2016-жылы кыйноого байланыштуу 435 кайрылуу келсе, анын 35ине иш козголуп, сотко өткөн. Укук коргоочулардын айтуусунда, сотко өткөн иштерде да кыйноого шектүү күч кызматкерлери көбүнчө акталып же жеңил жазага тартылып калат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG