Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Кыйноолорго каршы биригүү зарылдыгы айтылууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор кылмыштын бул түрүнө каршы биргелешип аракеттенүүгө чакырууда. Бүгүн аталган мекеменин башчысы Нурдин Сулайманов Бишкекте маалымат жыйын куруп, бул жааттагы абал тууралуу айтып берет.

БУУнун чечими менен 1997-жылдан бери 26-июнь - Кыйноолорго каршы эл аралык күн катары белгиленет.

Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалициянын адистерине 2016-жылы 112 адам жардам сурап кайрылган, алардын 72сине юридикалык көмөк көрсөтүлгөн.

Башкы прокуратура өткөн жылдарга салыштырмалуу Кыргызстанда кыйноолор 11 пайызга азайганын билдирген. Укук коргоочулар милиция кызматкерлери тергөө учурунда шектүүлөргө кыйноо колдонуларын айтып келишет.

Өткөн жылы 120 милиция кызматкеринин үстүнөн 48 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Кетиреңов "Кыргызстандагы кыйноолорду иликтөөнүн абалы" деп аталган талкууда билдирди. Анын айтуусунда, булардын 35инде милициянын жетекчи кызматтарында иштеген 100 адамга кылмыш иш козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG