Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Ош: жаңжалдын айынан создуккан сот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто милиция кызматкеринин өлтүрүлүшү боюнча башталган соттук териштирүү тогуз айдан бери ордунан жылбай турат. Улам дайындалган соттук териштирүү айыпталуучу менен жабырланган тараптын жаңжалы менен коштолууда. Ал арада башында күнөөсүн моюнуна алган тарап эми алгачкы көрсөтмөсүнөн танып жатат.

23-мартта мурда Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинде иштеген милициянын подполковниги Таирбек Уларов өлтүрүлгөн.

Анын сөөгү Ош шаарынын четиндеги каналдын боюна токтотулган машинеден табылган. Ал кылмышка шектүү катары Уларов менен мурда тааныштыгы болгон Наргиза Ражапованын жолдошу Дамир Шабыралиев жана Наргизанын иниси Мурат Ражапов кармалган.

Бирок бул кылмыш иши боюнча соттук териштирүү боло элек. Анткени эки тараптын жаңжалынан улам соттук кароолор токтотулуп, улам башка күнгө жылып жатат. Уларовдун өлүмү боюнча айыпталган Дамир Шабыралиевдин аялы Наргиза Ражапова актыгын далилдөөгө шарт болбой жатат деп, соттун болбой жатканына милицияны күнөөлөдү.

- Ушунча милиция турат, ошолорду келтирбей койсо болбойбу? Биз сотко кирип, көрсөтмө беришибиз керекпи же жокпу? Негизги күбөлөр бизбиз го. Биз кааласак да, каалабасак да ал сотко келебиз. Тиги тараптагылар келип, бизди уруп, апабызды кошуп, тепкилеп, жулмалап жатышат. Милиция карап отурат. "Келбей эле койбойсуңарбы" деп коюшат. Муну кантип түшүнсө болот? Бизди сүйлөтпөй жатышат. Биздин далилдерибиз бар. Биз аны айтышыбыз керек да.

Наргиза анын үй-бүлөсү милиционердин өлүмүнө тиешеси жок деп эсептейт. Тескерисинче, кылмышкерди милиция өз катарынан издеши керек деген пикирде.

- Биз Уларовдорго эч кандай дооматыбыз жок. Биз деле ачыкка чыгып, аны өлтүргөн кишини тапкыбыз келет. Биздин эки бала жөн эле бейкүнөө отурат. Мени милиция баклажка менен зордуктап, эгиз балдарымды боюмдан түшүрдү. Булар ушундай жол менен өздөрүнүн күнөөсүн жаап жатышат. Маңзат бизнесин коргоп жатышат. Уларовдун машинесинен маңзат чыккан. Аны булар жашырып, айтпай жатышат. Бул эмне деген кордук?

Милициянын өлүмүнө шектүү Ражаповдордун жактоочусу Айсалкын Карабаева акыркы соттук кароого "коопсуздук камсыздалбай жатат" деген жүйө менен барбай койгон. Бирок ал коопсуз, бардык тараптардын сөзү угулган сот болсо Ражаповдор кылмышты моюнуна алган биринчи көрсөтмө кыйноо жолу менен алынганын далилдемекчи.

- Ражапова Наргизанын кыйноого алынганын, буттарынан кан агып турганын көрүп, жолдошу күнөөнү моюнуна алууну чечкен. Милиция аны менен алгач макул болгон. Бирок кийинчерээк Дамир таяксыз баса албаганына күбө болгондон кийин анын инисин кошту. Наргизанын кыйноого алынганы боюнча соттук-медициналык экспертиза болгон. Учурда экспертиза ал сүрөттөрдү жашырып, бизге бербей жатат. Бирок биз ал боюнча Башкы прокуратурага арыз даярдап жатабыз.

Булар адамды өлтүрүп алып, асмандын үстүндө калкып ойноп жүрүшөт.

Деген менен маркум Таирбек Уларовдун жакындары тергөө калыс жүрдү, шектүүлөр туура аныкталды деп эсептешет. Уларовдун бир тууган эжеси Зулфия Уларова "кылмышка шектүү тарап ар бир сотту жаңжалга айлантып жатат" деп, Ражаповдорду күнөөлөп келет.

- Ражапованын атасы дайыма келип, "башка салганын көрөм" деп унчукпай эле отурчу. Кечээ телевидениени алып келип алыптыр. Ар жактан эле уят сөздөр менен бизди сөгүп келатат. Анан өзү мурда "Тез жардамда" иштеген экен, аны чакыртып кетип калды. Булар адамды өлтүрүп алып, асмандын үстүндө калкып ойноп жүрүшөт. Жактоочусу бүгүн келбей койду. Ушинтип сотту артка жылдырып жатышат. Алар ошентип жаңжал чыгарып, ооруканага жатып алып, анан ар кайсы жакка жазыш керекпи?

Ош шаардык милициясы Ражаповдор суракта кыйноого алынбаганын билдирип жатат. Ал эми эки тараптын жаңжалынан улам жылдырылган соттук кароолорду шектүүлөрдүн айынан деп билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG