Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

Нарын: кыйноого шектүүлөр соттолду


Иллюстрация
Иллюстрация

Нарын шаардык соту ушул айдын башында Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурдагы башчысын жоопко тартты.

Ага Кылмыш кодексинин негизинде кызмат абалын аша чаап пайдаланган, кылмышка шектүүнү кыйнап, пара талап кылган деген айыптар тагылган. Тартип сакчылары жоопко тартылган мындай учур Нарында биринчи ирет катталып жаткандыктан, коомчулукта кызуу талкууга алынды.

Окуя өткөн жылдын май айында болгон. Нарын шаарынын тургундары Азат Оркоев менен Канатбек Осмоновду, Нарын районунун Куланак айылынын тургуну Жаркынбек Жумабаевди Ат-Башы районунун ички иштер бөлүмүнө эшек уурдоого шектүү катары кармап, алып барышкан.

Кармалган шектүүнүн агасы Уландын айтымында, кылмышты моюнуна алдыруу максатында милиция кызматкерлери кармалгандарга күч колдонуп, кыйноого алган:

- Мен барсам оперлер «мына, иниңиз баатыр болуп эле атты эле, минтип эле моюнуна алдыртып койдук. Темирди деле жоно берсе сынат, адамды бат эле сындырып коебуз" дешти. Мен барганда инимдин жаагы шишип кетиптир. Аябай сабаганы билинип турат. Таң аткыча уруп, моюнуна алдыртып коюшкан экен. Анан 120 миң сом талап кылып, ишти жаап беребиз дешти. Биз УКМКнын Нарындагы өкүлчүлүгүнө кайрылдык. Акыры пара алып жаткан жеринен карматтык.

Бул окуядан кийин Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы жана аталган бөлүмдүн эки кызматкери жоопко тартылган.

Милиция кызматкерлеринин жактоочусу иш бир жактуу тергелди, соттук отурумда фактылар жетишсиз болгонуна карабай, өкүм чыкты деп жатат.

Бирок Нарын шаарынын прокурорунун орун басары Улан Сулайманов мындай дооматты төгүндөдү:

- Шаардык сот тарабынан өкүм чыккандыктан, тергөө органдары ишти так жана туура тергеген деп жыйынтык чыгарсак болот. Бирок азыркы учурда соттолуучулар тарабынан шаардык соттун өкүмүнө карата апелляциялык арыз катары даттануу келтирилген. Эми облустук соттун кароосунун алдында турат.

Кызмат абалынан аша чабуу милиция кызматкерлеринин арасында көп эле болорун Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Нурбек Курманалиев жашырган жок.

Нарын шаары
Нарын шаары

Жыл башынан бери эле облустагы тартип сакчыларга карата мындай 144 учур болгон. Аларга кызматтык чаралар колдонулуп, сөгүш, эскертүүлөр берилген.

- Бизде атайын ички иликтөө жана текшерүү тобу деген бар. Алар менен бирдикте рейд жүргүзөбүз. Жумуш убагында тартип бузган кызматкерлерге убагында чара көрөбүз. Ар бир айда кызматкерлерибизге жыйналыш өтүп, аша чаппагыла деп эскертип турабыз.

Ал эми акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаев милицияга кылмышка шектүү катары түшкөндөргө кыйноо мурдагыдан азайып баратканын белгиледи. Бирок ошол эле убакта милиция денеге так калтырбаган кыйноонун башка түрүнө өтүп жатат деп билдирди:

- Коркутуп-үркүткөн да моралдык кыйноого кирет. Аны кантип далилдесе болот? Башына желим баштык кийгизип кыйнашат. Анда да так калбайт. Муну далилдөө абдан оор. Бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу милициядан кыйноо көрдүк деп кайрылгандар азайды. Мисалы 2014-жылы ушундай арыз менен 14 адам кайрылса, быйыл бир эле киши арыз жазды.

Акыйкатчы белгилегендей милициянын кыйноосуна кабылгандар 2007-2010-жылдары күч алган. Ошол убакытта укук коргоочу Бектемир Акунов милициянын убактылуу кармоочу жайында каза тапкан. Буга милиция кызматкерлерин кыйноосу себеп болгон деп айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG