Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:33

AI: адам укуктары коркунучта


Качкындарга карата мамиле Эл аралык Мунапыс жаңы баяндамасында көңүл бурган негизги маселелердин бири. Сүрөт Венгриядан тартылган. 3-сентябрь, 2015-жыл.

Эл аралык Мунапыс уюму жаңы баяндамасында адам укуктары дүйнөдө коркунуч алдында калганын эскертүүдө. Мунун негизги себебин аталган уюм саясатчылар бийлигин бекемдөө үчүн “ачуу тилди” колдонуп, “агрессивдүү саясат” жүргүзүп жатканы менен байланыштырат.

Адам укуктарынын дүйнөдөгү абалы боюнча жылдык баяндамасын чыгарган Эл аралык Мунапыс уюмунун пикиринде, саясаттагы “жек көрүүчүлүктүн риторикасы” дүйнөдө 1930-жылдардан берки эң жаман деңгээлге түшүп кетти.

Бул өз кезегинде “адам укуктарынын артка сүрүлүшүнө салым кошуп, “массалык кыргындарга карата глобалдык жоопту дагы алсыратты”.

- Биздин бул жолку баяндамабыздын эң башкы эскертүүсү - 2016-жылы коркуу жана жек көрүү саясаты кооптондурган деңгээлге чыкканы. Дүйнөдө коомдорду бөлгөн, аларга ажырым салган, азчылыктарды, мигранттарды, качкындарды садага чапкан саясатчылар болду. Мунун эң башкы кесепети - адам укуктары боюнча абалдын толугу менен начарлоосу. Маселен, качкындар көйгөйү жакшы белгилүү, бирок былтыркы жылы бери дегенде 36 мамлекет качкындарды кайра артка, алар үчүн кооптуу жерлерге кайтарганын көптөр биле бербейт, - деди Париждеги басма сөз жыйында Эл аралык Мунапыстын баш катчысы Салил Шетти.

Бул уюмдун көз карашында, “2016-жыл ичи өкмөттөр согуш кылмыштарына көз жуумп, качкындардын башпаанек суроо укугун жокко чыгарган келишимдерге барып, ой-пикир айтуу эркиндигин бузган мыйзамдарды кабыл алып, кыйноону жана массалык көзөмөл жүргүзүүнү акташты, полициянын ыйгарым укуктарын кеңейтишти”.

2017-жыл ичи да Эл аралык Мунапыс “азыр башаламан болуп турган дүйнөлүк аренада адам укуктары боюнча жолбашчынын жоктугунан бул жааттагы кризис дагы тереңдейт деп боолгойт жана дүйнө адам укуктары үчүн күрөшкөн баатырларга муктаж болуп турганын да белгилейт:

- Биз адам укуктары саясаттын пайдасы үчүн садага чабылган кырдаалга келип калдык. Иш жүзүндө саясий лидерлер менен өкмөттөр бизди артка тартканы менен бактыга жараша адамдар мындайга каршы көтөрүлгөнүнө күбө болуудабыз. Мындайды биз президенттикке Дональд Трамп шайланган АКШдан, дүйнөнүн башка бөлүктөрүнөн да көрдүк, - дейт Эл аралык Мунапыс уюмунун башкы катчысы Салил Шетти.

Уюмдун быйылкы баяндамасында 159 өлкө камтылган. Адам укуктары боюнча глобалдык кырдаалды сүрөттөөдө Эл аралык Мунапыс буга чейинки баяндамаларында кездешпеген “демонизация саясаты” деген сөз айкашын колдонгон.

Мындай саясаттын жолун жолдогондор катары АКШ президенти Дональд Трамптан тышкары Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганды, Филиппин президенти Родриго Дутертени, Венгрия премьери Виктор Орбанды көргөзүшкөн жана өздөрүн “анти-истемблишмент” катары атаган саясатчылардын саны өсүп жатканына да токтолгон.

Укук коргоочулар адам укуктарынан Европа да четтеп кеткенине көңүл бурууда:

- Биз Европа континентинен байкаган нерсе - ал барган сайын өзү менен өзү болуп, чектелип, өз көйгөйлөрү менен гана алектенүүгө ыктап жатканы. Атүгүл ал өзүнүн ички саясатынын контекстинде да адам укуктарын кандайдыр бир оңтойсуздук, коопсуздукту камсыздоо, өздөрүнүн улуттук иденттүүлүгүнүн сакталышы үчүн бир жолтоо катары карай баштады. Ички саясатта адам укуктары боюнча эл аралык стандарттардан четтөө өз кезегинде тышкы саясатка да таасирин тийгизүүдө, - дейт Эл аралык Мунапыстын директору Жон Дальхусен.

Ал эми постсоветтик республикалардын көбүндө адам укуктары боюнча кырдаал жакшы жагына өзгөргөн жок. Орусия жана Азербайжан жарандардын жеке эркиндиктерин мурдагыдан да чектөө саясатын улантты. Борбор Азияда Өзбекстан менен Түркмөнстанда да абал эски калыбында.

Өзбекстандын абак жайларында кыйноо практикасы уланып жатса, Түркмөнстан көз карандысыз байкоочулар үчүн али жабык мамлекет бойдон калууда. Казакстан менен Тажикстанда болсо абал мурдагыдан да начарлаган.

Казакстан боюнча Эл аралык Мунапыстын баяндамасында бейөкмөт уюмдардын лидерлерине каршы алгачкы ирет кылмыш мыйзамдары колдонулганын, Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразылык билдирген демонстранттардын жүздөгөнү камакка алынганы айтылат.

Жер кодексине каршы демонстранттар камакка алынган учур. Алматы, 21-май, 2016-жыл.
Жер кодексине каршы демонстранттар камакка алынган учур. Алматы, 21-май, 2016-жыл.

Тажикстанда болсо тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясына каршы олуттуу куугунтук жүргүзүлдү.

Ал эми Кыргызстанга байланыштуу Эл аралык Мунапыс 2010-жылкы улут аралык жаңжалды иликтөө боюнча “нукура аракет” көрүлбөгөнүн кайрадан эске салып, "кыйноого жана аялдарга каршы зомбулукка тиешеси барлар 2016-жылы да жазасыз калып жатты" деп белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG