Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Өзбекстанда алгачкы банк ээси абактан чыкты


Рустам Усманов.
Рустам Усманов.

Өзбекстанда алгачкы жеке менчик банк ээси Рустам Усманов абактан чыгарылды.

Алтымыш тогуз жаштагы Усманов түрмөдө эң узак отурган өзбек ишкерлеринин бири болду. Бул окуя бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери өзбек саясий айыпкерлеринин айрымдары түрмөдөн бошотулгандан кийинки учурга туш келди.

Түбү кыргызстандык Рустам Усманов түрмөдөн он тогуз жылдан кийин бошотулганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматына анын жакын туугандарынын бири ырастады.

Алардын айтымында, Усманов 13-февраль күнү Өзбекстандын айтылуу “Жаслык” түрмөсүндө олтурган жеринен эркиндикке чыкты. Усмановдун тууганы “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде ал абактан бошотулганы үчүн президент Мирзиёевге “ыраазы” экенин да кошумчалады.

1948 - жылы Жалал-Абадда туулган Рустам Усманов жеке ишкерликке 1980-жылдардын соңунда, кайра куруу доорунда эле багыт алып, алгачкы капиталды жер семиртүүчү кызыл курттардын Борбор Азиянын климатына ыңгайлашкан жаңы түрүн өстүрүү жолу менен жыйнаган.

Түбү кыргызстандык ишкердин Өзбекстандагы ийгиликтери 1990-жылдардын башында кыргыз гезиттеринде да бир топ жазылып, ал тарыхый мекени менен да ишкерлик байланыштарды орноткон эле.

1992-жылга барып Рустам Усманов Өзбекстандагы алгачкы жеке менчик банк - “Рустамбанкты” ачкан.

Ити чөп жаткан ишкер мурдагы президент Ислам Каримовдун көз кырына илинип, бирок көп өтпөй эле банкы натыйжалуу каржы уюму болгонуна карабай, кайра жабылып, өзү президенттин каарына кабылган:

- Маселе ал оппозициялык партияларды колдогонунда эле. Өзбекстанда кезинде “Бирлик” деген кыймыл болгон, андан “Бирлик” жана “Эрк” деген эки оппозициялык партия бөлүнүп чыккан. Усманов кийин диссиденттик кыймылга айланып кеткен мына ушул уюмдарды колдогон ишкерлердин бири эле. Каримовдун каарына мына ушул үчүн кабылып, анын жеке буйругу менен репрессияланган, - деди “Азаттык” менен маегинде өзбекстандык укук коргоочу, кеңсеси Францияда жайгашкан уюм - Адам укуктары боюнча Борбор Азия ассоциациясынын башчысы Надежда Атаева.

Рустам Усмановду алгач Анжиян облусунун соту 1998-жылы көз бойомочулук, чет элдик валютаны мыйзамсыз сатуу-алуу деген айыптардын негизинде 14 жылга кескен.

Андан соң 2012-жылдын октябрь айында Усмановдун мөөнөтү жуп бүтөр алдында түрмөнүн ички тартибин бузду деген кине менен анын жазасы дагы беш жылга узартылган.

Ишкер расмий экономикалык кылмыштар үчүн соттолду делген менен укук коргоочулар Рустам Усмановду саясий айыпкер деп санашчы:

- Усманов Өзбекстандагы башка саясий айыпкерлердин көбү сыяктуу эле адекваттуу эмес жазаланып, бир нече ирет соттолуп, ден-соолугу бузулду. Анын абактан чыгарылуусу, албетте, биз үчүн абдан жакшы жаңылык. Эркиндикке эми жарандык коомдун башка өкүлдөрү да чыгат деп үмүттөнөбүз. Биз бул адам темир тордо адилетсиз олтурганы үчүн абактан бошотулушун такай талап кылып жүргөнбүз. Анын тагдыры Өзбекстан менен Евробиримдик диалогу алкагындагы акыркы жолугушууда да козголгон. Усманов өз көз-карашын ачык айтып, жарандык туруму бар адамдарды колдогону үчүн эле ушундай татаал өмүрдү баштан кечиргени мен үчүн абдан өкүнүчтүү,- дейт укук коргоочу Надежда Атаева.

Өмүрүнүн дээрлик жыйырма жылын абакта өткөрүүгө мажбур болгон Рустам Усмановдун түрмөдөн мунапыска байланыштуу эмес, жаза мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу чыгарылуусу президенттикке Шавкат Мирзиеев келгенден бери өзбек саясий айыпкерлеринин саналуусу абактан бошотулгандан кийинки учурга туш келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG