Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:22

Өзбекстанда "Айкөл Манас" коюлат


Кыргызстандык маданий ишмерлер соңку 20 жылдан бери алгач ирет Өзбекстанга бир апталык турне жасап жатышат. 10-февралда башталган сапар чыгымын өзбек тарап көтөрүүдө.

Коңшу өлкөгө жасалып жаткан маданий сапар кандай максатты көздөйт?Соңку жылдары алака-катыштын абалы кандай эле?

Оштогу Бабур атындагы өзбек драма театрынын директору, Өзбекстанга бараткан топтун жетекчиси Набижан Мамажанов "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Өзбекстанга жасалып жаткан маданий иш-чара кимдин демилгеси менен уюштурулуп жатат?

Мамажанов: Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы алака-катыш 2016-жылдын соңунда жандана баштабадыбы. Кыргызстандын өкмөт өкүлдөрү Өзбекстанга, ал жактан бизге расмий өкүлдөр келишти. Жакшы нукка түшө баштаган мамиленин алкагында мындай турне ишке ашып отурат. Биз өзбек тараптын чакыруусу менен баратабыз.

“Азаттык”: Канча күн, кайсы шаарларда болосуңар? Канча адам кетип жатат? Планда кандай иш-чаралар каралган?

Мамажанов: 10-февралда Оштон Анжиянга барабыз. Бир күн даярдык көрүп, 11-февралда “Айкөл Манас” спектаклин коёбуз. Андан соң Наманган шаарына барып, эки күн болобуз. Кийин Фергана калаасына сапар тартабыз. Коңшу өлкөдө бир жума жүрөбүз.

Биздин чыгармачыл топ 2016-жылы “Айкөл Манас” спектаклин сахналаштырган. Манас эпосу чоң дастан, дүйнөгө белгилүү чыгарма болгону үчүн спектакль масштабдуу деңгээлде даярдалган. Өтө көп киши роль жаратты. Ошондуктан, Өзбекстанга бараткан топтун курамында 46 киши бар.

“Азаттык”: Өзбекстан менен мындай маданий алака-катыш акыркы жолу кайсыл жылдары болду эле?

Мамажанов: Менин билишимче, жыйырма жылдай убакыт мурда ушундай барды-келди бар эле. Кийин токтоп калган.

Бабур театрында коюлган спектаклдердин бири.
Бабур театрында коюлган спектаклдердин бири.

“Азаттык”: Оштогу Бабур театрына жакын арада Өзбекстан материалдык колдоо көрсөтөт деген маалымат чыкты эле. Ушуну тактап кетесизби, кандай колдоо көрсөтүп жатат?

Мамажанов: Былтыр жыл соңунда Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү, маданий ишмерлери Ошко достук сапары менен келишкен. Шаар башчылыгы менен жолуккандан соң вице-премьер-министр Адахам Икрамов биздин театрга да келген. Ошондо “50 миң долларлык жардам беребиз” деп айтып кеткен.

“Азаттык”: Өзбек өкмөтү берет бекен?

Мамажанов: Анысын билбейм, бирок ушундай убада берилген. Азыр Өзбекстанга чоң топ маданий сапарга барып жатпайбызбы. Чыгымдарыбыздын баарын – жол кире, тамак-аш, мейманкана чыгашасын өзбек тарап мойнуна алды. “Достук” чек ара пунктунан өткөн соң ал жактан бизди машинеде тосуп алышат жана сахна жасалгаларыбызды жүктөп кетишет.

Бишкекте өткөн Өзбекстандын маданият күндөрү. 20-февраль, 2015-жыл.
Бишкекте өткөн Өзбекстандын маданият күндөрү. 20-февраль, 2015-жыл.

“Азаттык”: Бул үчүн сиздерден кандай жооп болот коңшуларга?

Мамажанов: Биз аларга кызыктуу спектакль тартуулайбыз. Кийинчерээк Ошко Намангандагы драма театрдын жамааты келет. Баса, биз акын жана философ Бабур тууралуу тарыхый спектакль даярдоону да пландап жатабыз. Чыгармага колдонула турган кийим-кечени Ташкенттен даярдап бермей болушту.

“Азаттык”: Азыр Бабур театрынын материалдык-каржылык абалы кандай? Канча адам иштейт?

Мамажанов: Башка маданий мекемелердеги көйгөйлөр бизде да бар. Транспорт жана башка чарбалык маселерде көйгөйгө тушугуп келебиз. Бирок токтоп калбай, алга умтулуп чыгармачылыкты улантуудабыз. Театрда 160 адам иштейт. Анын ичинен 70 киши чыгармачыл топ. Арасында 11 адам Эмгек сиңирген, эки киши Эл артисти деген наамдарды алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG