Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Тажикстан-Өзбекстан: 25 жыл күттүргөн авиакаттам


Тажикстан менен Өзбекстан ортосунда авиакаттам жанданууда. Биринчи рейс 20-февралда аткарылмакчы. 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда, Өзбекстан коопсуздук маселелерин жүйө келтирип, түз авиакаттамдарды токтотуп койгон. 90-жылдардын аягында болсо коңшу өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин киргизген.

"Сомон Эйр" авиакомпаниясы 1-февралда Дүшөмбү-Ташкент багытында билеттерди сата баштады. Компания тараткан маалыматта кышкы сезондун аягына чейин дүйшөмбү күндөрү жумасына бир рейс аткарылып турары, жайында эки жолу учаары айтылат.

"Биринчи рейс 20-февралда күтүлүүдө. Билет 1 164 сомони же болжолу менен 150 доллар турат. Дүйшөмбү убактысы боюнча саат ондо учуп чыгат. Учуу мөөнөтү 45 мүнөт", - деди аэропорт кассасынын кызматкери Рухоллах Саидов.

Келечекте Өзбекстан менен аэропорттогу тейлөө үчүн бааны азайтуу боюнча мунаса табылса, билет арзандашы мүмкүн. Биринчи рейс 20-февралда күтүлүүдө. Биринчи учак менен Өзбекстан баш калаасына "Сомон Эйр" компаниясынын делегациясы жөнөмөкчү. Алар "Өзбекстан аба жолдорунун" жетекчилери менен жолугушуп, каттамдын ачылышы боюнча маселелерди чечишет деп маалымдалды

Дүйшөмбү аэропортунун кызматкерлери рейске кызыккандар, бааларды билүүнү сурап кайрылгандар көп болуп жатканын ырастоодо. Бирок "Өзбекстан аба жолдору" компаниясы 1-февралда "Азаттык" радиосунун тажик кызматына жаңы каттам боюнча азырынча маалымат түшө электигин айтышты. Ал тууралуу эл аралык прессадан окушканын, бирок жетекчилик азырынча бул багытта иштерди аткара электигин билдиришти.

Эки өлкө ортосундагы келишимде Дүйшөмбүдөн Ташкентке каттамды "Сомон Эйр" компаниясы аткарат, Ташкент-Дүйшөмбүнү "Өзбекстан аба жолдору" тейлейт деп айтылган.

Ошентип, эки коңшу өлкөнүн жашоочуларынын ары-бери каттоосу 25 жылдан кийин кайрадан жеңилдемекчи. Буга чейин алар чек арадан автотранспорт менен гана өтүшчү. 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда Өзбекстан коопсуздук маселелерин жүйө келтирип, түз авиакаттамдарды токтотуп койгон. 90-жылдардын аягында болсо коңшу өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин киргизген.

Өткөн жылдын күзүндө Өзбекстанда бийликке президент Шавкат Мирзиёев келгенден бери коңшу өлкөлөр менен алкаларды жакшыртуу багытында бир топ иштер жасалууда.

Тажикстандын Турсунзаде шаарынын жанындагы «Дусти» чек ара пунктунан өткөндөн кийин өзбекстандык Хосият Сатторова карапайым эл Дүйшөмбү менен Ташкенттин мамилелеринин жакшырышына чоң үмүт артарын айтат:

- Виза режимин эч ким ала элек. Виза алуу үчүн чакыруу талап кылынат. Бирок баары бир акыркы саамалыктар үмүт жаратууда. Он жылдан бери биринчи жолу эжеме барам. Визаны алып салып, жолдорду ачышса, элдин турмушу кыйла жеңилдемек. Мына эжем ооруп калды деп чалышты эле, дароо жолго чыктым.

Мындай үй-бүлөлөр чек аранын эки жагында жүз миңдеп саналат. Чек арадан өтүү эрежелери татаал болгондуктан, туугандар эки жакка көп каттай алышчу эмес.

«Дусти» тажик-өзбек чек арасындагы чоң пункттардын бири. Чек ара аймагында жашагандар акыркы жарым жылда чек арадан өтүү кыйла жеңил болуп калганын айтышат. Күнүнө бул жерден эки багытта ондогон киши каттап турат.

Эки мамлекеттин чек арасы 1332,9 километрди түзөт. 2002-жылы кол коюлган өкмөттөр аралык келишимге ылайык, 16 чек ара өтмөгү түзүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG