Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Гитлер болууну эңсеген Филиппин президенти


Родриго Дутерте
Родриго Дутерте

Филиппин президенти Родриго Дутерте Адольф Гитлер үч миллион жөөттү кыргандай эле үч миллион баңгини жок кылууга даярдыгын айтты.

Буга чейин да бир топ элди айраң калтырган радикалдуу билдирүүлөрү менен таанылган Родриго Дутерте мындай жол менен өлкөдөгү баңгилик маселесин чечсе болооруна ишенет. Эл аралык уюмдар болсо акыркы бир нече айда маңзаттарына каршы мыйзамды бузган деп шектелген үч миңден көп киши тергөө-сотсуз эле өлүмгө тартылганын сындашууда.

30-сентябрда түштүктөгү ири шаар Даваодо сүйлөп жатып, Дутерте "кийинки муундун саламаттыгын ойлоп", баңгилерди өлүмгө тартууга даярдыгын билдирди:

- Гитлер 3 миллион жөөттү кырган. Бизде азыр 3 миллион баңги бар. Мен аларды жок кылмакмын. Германияда Гитлер болсо, Филиппинде мен бармын.

Белгилей кетчү нерсе, тарыхта Холокосттун курмандыктары 6 миллиондон көп болгон деп айтылып жүрөт.

АКШ президенти Филиппинде
АКШ президенти Филиппинде

Жогорку кызматка май айында киришкен Дутерте ошондой эле Евробиримдик менен АКШнын саясатын эки жүздүү деп атады. Брюссель жана Вашингтон аны маңзаттарына каршы мыйзамдарды бузган деп шектелгендердин соттун өкүмүсүз эле өлүм жазасына тартылып жатышы үчүн сындап келишет. Эл аралык уюмдар Дутерте кызматка келгенден бери үч миңдей кишинин өлтүрүлүшү жөнүндө маалымат бар дешет.

Президенттин маңзат бизнесине аралашкан кишилер жана баңгилер боюнча саясаты буга чейин да сындалып, өткөн августта чоң чуу чыккан эле. Ошондо БУУнун эксперттери Дутертенин чакырыктарын эл аралык мыйзамдарга ылайык кылмыш деп бааласа болоорун айтышкан.

Президенттин жообу көпкө күттүргөн жок. Дутерте аларды "келесоолор" деп атап, бир топ оозго алгыс, орой сөздөрдү жаадырган. Атүгүл Улуттар уюмунан чыгып Кытай жана Африка мамлекеттери менен альтернативалуу уюм түзөрүн эскерткен эле. Бирок кийин муну тамаша деп атаган.

Ал эми Филиппиндин тышкы иштер министри Перфекто Ясай 24-сентябрда Башкы Ассамблеянын трибунасынан калган өлкөлөрдү президенттин кылмыштуулук менен күрөшүнө кийлигишпөөгө чакырган.

- Биз улуттук максаттарыбызга жетүү үчүн ички көйгөлөрүбүздү чечип жаткан кезде негизсиз кийлигишпөөгө, өз ишибизди аткарууга тоскоолдук кылбоого үндөйбүз.

Элдин көбүн баңгилик жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү убадалары менен тарта алган Дутерте 9-майда президенттик шайлоону жеңген. Ушул кыска убакытта ал эл аралык сахнада өзүнүн сылык деп айтуудан алыс, дипломатиялык эмес билдирүүлөрү менен таанылууга үлгүрдү.

Өткөн айда Лаосто АСЕАНдын саммитинде Филиппин жетекчиси АКШ президенти менен жолугушмак. Барак Обама адам укуктары темасын да козгошу мүмкүн деген божомолдорго жооп кайтарып, Дутерте анын дарегине өтө одоно сөз айтып, кездешүү үзгүлтүккө учурап калган.

Рим папасы Филиппинге өткөн жылдын январь айында келген
Рим папасы Филиппинге өткөн жылдын январь айында келген

Ошондой эле сөз Рим папасы жөнүндө сүйлөп жаткан кезде да чыгып кеткен. Франциск Филиппинге 2015-жылы келген эле, Дутерте анда Давао шаарынын мэри болуп турган. Понтификтин айынан жолдордо тыгын пайда болду деп нааразы болгон болочок президент: «Папа, үйүңдө эле отура бербейсиңби, бизге эмне келдиң?» - деп айткан.

Католик салттары күчтүү болгон өлкөдө Рим папасынын дарегине айтылган катуу сөздөр да Дутертенин популярдуулугуна таасир эткен жок. Кийин ал Ватиканга барып Францисктен кечирим сурарын айткан, бирок кат жолдоо менен эле чектелди.

Филиппиндер Кытай менен бир нече арал жана рифтер боюнча талашып келатат. Маселени чечүү үчүн Дутерте "талаштуу жерде кытайлар салган аэропортко барып өз колум менен желек саям" деп убада кылганы бар.

Филиппин мамлекет башчысын АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп менен салыштыргандар да жок эмес. Бирок Дутерте "ал – фанатик, мен андай эмесмин" деп жооп берген.

XS
SM
MD
LG