Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:01

Филиппин президенти БУУнун катарынан чыгарын эскертти


Родриго Дутерте
Родриго Дутерте

Филиппин президенти Родриго Дутерте өз өлкөсү БУУнун курамынан чыгышы мүмкүндүгүн эскертти. Мындай билдирүүнү ал БУУ Филиппинди эл аралык укуктарды бузду деп айыптагандан кийин жасады.

19-августта Улуттар уюмунун соттон тышкаркы өлүм жазалар маселеси боюнча атайын баяндамачысы Аньес Калламар Дутертенин наркодилер деп шектелгендерди өлтүрүү тууралуу чакырыгын аша чапкандык жана кылмышка тете жоопкерчиликсиз кадам катары баалаган.

Буга жооп иретинде Родриго Дутерте 20-августтагы маалымат жыйынында "Балким, БУУдан чыгып кетебиз. Мындай келжирек кептерди угуп эмне кереги бар" деди.

Президент уюмду Сирия менен Ирактагы ачарчылыкты, террорчулук менен куралдуу кагылыштарды токтотууга жөндөмсүз деп сынга алып, Кытай жана Африка мамлекеттерине жаңы глобалдык бирикме түзүүнү сунуштоо керектигин белгиледи. БУУнун маалыматы боюнча, быйыл майдан тарта, Дутерте бийликке келгенден бери баңгизат соодагерлерине каршы полициянын операциясында 800дөн ашык адам өлтүрүлдү.

Кылмыштуулук менен маңзат соодасын жок кылуу Родриго Дутертенин шайлоо алдындагы башкы убадаларынын бири болчу.

XS
SM
MD
LG