Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

"Human Rights Watch" адам укуктары боюнча баяндама жарыялады


"Human Rights Watch" эл аралык укук коргоо уюму дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасын жарыялады. Баяндамада Кыргызстандагы абалга баа берилип, былтыркы эң башкы окуя катары президенттик шайлоо көрсөтүлгөн. Анда 2017-жылдагы президенттик шайлоо Кыргызстанда эгемендик жылдарындагы экинчи жолу бийликти тынч жолу менен өткөрүү болгону жазылган.

Баяндамада шайлоону эл аралык байкоочулар атаандаштык шартта жана жалпысынан оң баалаганы менен административдик ресурсту колдонуу жана шайлоочуларга басым көрсөтүү, добуш сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуу учурлары болгону белгиленген.

“Шайлоонун алдында бийлик Бишкектин борборунда акцияларды өткөрүүгө тыюу салды жана жергиликтүү байкоочулардын ишмердүүлүгүн чектеди. Ар бир шайлоо участогунда бейөкмөт уюмдардан бирден гана байкоочу коюуга уруксат берилди” - деп айтылат баяндамада.

"Human Rights Watch" Кыргызстандын бийлиги 2010-жылдагы улут аралык жаңжал учурунда күнөөлүү деп соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаровду камактан бошотуу боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин аткарбай келе жатканына көңүл бурду.

Ошондой эле укук коргоо уюму былтыр бир катар маалымат каражаттары миллиондогон доого жыгылганын да белгилеген.

Баяндаманын авторлорунун пикиринде, жабык жайларда кыйноо фактылары уланып, ал үчүн жазага тартылгандар аз. Ошондой эле сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү ар кыл одоно мамилеге туш болуп жатканы да айтылат. (BkA)

XS
SM
MD
LG