Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Абактагы жигиттин жакындары милицияга нааразы


Бишкекте өткөн кыйноого каршы пикет. 23-январь, 2018-жыл.
Бишкекте өткөн кыйноого каршы пикет. 23-январь, 2018-жыл.

Карактоо кылмышына шектүү катары камалган Элдияр Туткучевдин туугандары тергөө адилетсиз болгонун айтышууда.

49 жаштагы Мурат Туткучев "уулумду милиция кызматкерлери аёосуз кыйнап, камашты" деп "Азаттык" радиосуна кайрылды.

Туткучевдин 23 жаштагы баласы Элдияр карактоо кылмышына шектүү катары жети айдан бери темир тор артында отурат. Жакындары нааразы болуп, Бишкекте пикет да өткөрүштү. Милиция иш сотко өткөнүн айтып, кыйноо жана башка мыйзам бузуу далилденсе, ага чара көрүлөрүн белгиледи.

Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Нурмамбет айылынын 23 жаштагы тургуну Элдияр Туткучев 2017-жылдын июнь айында камалган. Ал ошол жылы 8-январга караган түнү Бишкектеги акча алмаштыруучу жайды тоноп, миллиондон ашуун акчаны карактап кеткен деген шек менен колго түшкөн.

Элдиярдын атасы Мурат Туткучев 10-июнда түнкү саат он бирлерде үйдү тинтүүгө жарандык кийимчен беш киши келгенин, өздөрүн милицияданбыз деп тааныштырып, күбөлүктөрүн көрсөткөнүн айтты:

Мурат Туткучев.
Мурат Туткучев.

- "Күбө таап келиңиз" деп айтышты. Үйдө өзүм жалгыз элем. Алардын сөзүнө кирип, күбө алып келейин деп коңшума бардым. Кайра келе жатсам ошол беш жигиттин бирөө менин үйүмдөн чыгып бараткан экен. Өздөрү көчөдөн бир кишини токтотуп, ал дагы күбө болорун айтышты. Үйгө кирип тинтип, мен жаткан дивандын баш жагынан бир куту маңзат, паластын астынан желим баштыкка салынган тапанча алып чыгышты. Анысы оюнчук тапанча экен. Аны күбөлөргө көрсөтүштү. Бул кайдан экенин сурасам, "үйүңдөн чыкты" деп атышпайбы.

"Балам маңзат менен куралды мен жаткан диванга, паластын астына кантип жашырсын" деп таң калган Туткучев мунун баарын милиция өзү жасаган деп шектенүүдө. Анын айтымында, Элдияр мектептен кийин жогорку окуу жайга тапшырган эмес. Орусияга, Түркияга барып иштеп келген. Кийинки убакта үйдө талаа жумуштары менен алектенип жүргөн.

Элдиярга Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси ("Карактоо") боюнча кылмыш иши козголгон. Атасы андан бери уулу менен жолугуп, сүйлөшө албай жатканына кыжалат.

Элдияр Туткучевдин адвокаты Бактыбек Жумашев жабырлануучу мыйзамсыз кармалганын, үйдөн чыккан далил заттарда анын бармак изи бар же жок экени текшерилбегенин белгиледи. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны кыйнап, күнөөнү мойнуна алдырганын айтты:

Соттук-медициналык корутунду боюнча ал денесинен жараат алган, соттук-психиатриялык экспертиза да кыйноо колдонулганын, күч колдонулганын далилдеп жатат.

- Мен ишке эки күндөн кийин кириштим. Мыйзам боюнча шектүү милиция бөлүмүнө жеткирилери менен жактоочу берилиши керек эле, бирок андай болгон эмес. Бул да укук бузуу. Эгер жактоочу болсо, ал токмок жемек эмес. Соттук-медициналык корутунду боюнча ал денесинен жараат алган, соттук-психиатриялык экспертиза да кыйноо болгонун, күч колдонулганын далилдеп жатат. Демек, анын "карактагам" деп жазып бергени кыйноонун негизинде болгон, бул мыйзамсыз.

Адвокат Жумашев кыйноо колдонулганы тууралуу Октябрь райондук прокуратурасына ошол учурда арыз жазылып, экспертиза тыянагы бар экенине карабай, милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголбогонун билдирди. Анын чоо-жайын сурап Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына кайрылганыбызда, расмий кат жазыш керек экенин, ага он күн ичинде жооп берилерин айтышты.

Жакындары кыйноого кабылды деп жаткан Элдиярдын туугандары 23-январда Октябрь райондук прокуратурасынын алдында пикет да өткөрүштү.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов иш сотко өткөнүн белгилеп, баары мыйзам чегинде жүрүп жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Тергөө иштери толугу менен каралып, шектүү Элдияр Туткучев боюнча иш жүргүзүлдү. Ишке прокуратура көзөмөл кылып турат. Эгер укук бузуу аныкталса, чара көрөт.

Кыргызстандагы "Кыйноого каршы күрөш коалициясы" бейөкмөт уюмунун маалыматына ылайык, өлкөдө соңку беш жыл ичинде тартип коргоо органдарына жазылган арыздардын 4-8 пайызына гана кылмыш иши козголгон.

2017-жылы Башкы прокуратурага кыйноого байланыштуу 300дөн ашуун жаран жардам сурап кайрылган. Анын ичинен УКМК кызматкерлерине каршы тогуз, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине каршы беш, милиция кызматкерлерине каршы 311 арыз жазылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG