Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:37

Милиционердин өлүмүнө шектүүлөр кыйноого кабылганбы?


Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто "милиция кызматкерин өлтүрдү" деп шек саналган кишинин жубайы укук коргоо органдарынан өзү жана үй-бүлөсү кыйноо көргөнүн айтып бийликке кайрылды. Ал күйөөсүнө "айыпты кыйнап туруп коюшту" деген пикирде. Ош шаардык милициясы бул айтылгандарды жазадан кутулуу амалы катары баалап жатат.

Наргиза Ражапованын иниси Мурат жана жолдошу Дамир Шабыралиев ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрөш башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн кызматкери, милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмү боюнча шектүү катары он айдан бери камакта отурушат.

Эки күн бою кабары билинбеген маркумдун сөөгү 2017-жылы 23-мартта Ош шаарына караштуу Учар айылында көчө боюнда токтоп турган машиненин ичинен табылган.

Көп өтпөй Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал башына сокку жеп, киши колдуу болуп өлгөнүн, кылмышка шектүү катары төрт киши кармалганын билдирген. Укук сакчылары шектүүлөр бир үй-бүлө мүчөлөрү - жубайлар, алардын баласы жана аялдын бир тууган иниси экенин жарыялашкан. Милициянын версиясы боюнча, кылмышка кызганыч түрткү болгон.

Кийинчерээк эне-бала абактан бошотулуп, калган экөө "киши өлтүргөн" деген кине менен камакка алынган. Наргиза Ражапова "Азаттык" радиосуна үй-бүлөсү милиционердин өлүмүнө тиешеси жок экенин кайталап, кыйноо жөнүндө ачык айтып чыкканы үчүн өзүнө ар кандай жалаа жабуу аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

- Башыма пакет кийгизишти. Ар кандай уят сөздөр менен сөгүштү, аялдык ар-намысыма шек келтиришти. Шымымды чечип баклажка менен зордуктап, ошонун айынан бир жарым айлык эгиз балдарым боюмдан түшүп калды. Мурда "эркектер кыйноого кабылат" деп укчумун. Бирок мага окшогон аялдарды да аёосуз кыйнашат экен. Кыйноо боюнча соттук-медициналык, соттук-психологиялык, республикалык комиссиялык экспертизалардан өтүп, "баары Стамбул протоколуна шайкеш келет" деген жыйынтык чыкса да, прокуратура эч кандай аракет көрбөдү. Былтыркы окуядан кийин "Акипресс" агенттигинде журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөм. Ошондон кийин 20-апрелде мага эч себепсиз эле 166-берене (алдамчылык) менен кылмыш ишин мыйзамсыз козгоп, камап коюшту. Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына алып кирип, колу-бутумду кишендеп, бир кишилик камерада отургузуп, суу бербестен, электр жарыгын өчүрүп, ушундай оор кыйноолорго кабылдым.

Ражаповдордун адвокаты Айсалкын Карабаева да Наргизанын кыйноого алынганын соттук-медициналык экспертиза аныктаганы менен укук коргоо органдары аны көз жаздымда калтырып жатышканын билдирди.

- ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрөшүү боюнча кызматкерлери Наргиза Ражапованы 2017-жылы 23-мартта саат 10-11 чамасында бөлүмгө алып келип, мыйзамсыз түшүнүк кат алган. Ошол бойдон үйүнө коё беришкен эмес. Кечки саат 4-5 чамасында Ош шаардык милиция кызматкерлерин чакырып, ошолорго өткөрүп берген.

Милиционердин сөөгү табылгандан кийин шектүү катары кармалып кайра коё берилген Наргиза Ражапова бул иш боюнча күбө катары сурак берип келген. Ражаповдордун үй-бүлөсү жана алардын адвокаты Наргизанын бир жарым айлык эгиз балдарынын бойдон түшкөнү, милициянын зомбулугу жөнүндө Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго бир нече жолу арыз жазган.

Замир Сыдыков
Замир Сыдыков

Милиция болсо бул айтылгандарды куру доомат деп атады. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Ражапованын күйөөсү Дамир Шабыралиев убактылуу кармоочу жайга киргизиле электе эле күнөөсүн моюнга алганын айтты. Анын айтымында, шектүүлөр жазадан кутулуш үчүн жалган жалааларды ойлоп тапкан.

- Кыйналбай-этпей эле кармалары менен баарын айтып берген, тергөө абагына жете электе эле. Эми жоопкерчиликтен качуу максатында милиция кызматкерлерин жаманатты кылып, каралап жатышат. Шектүү кармалары менен бир сааттан кийин мен видеого тарткам. Ошондо эмне кылганын, ага өкүнүп жатканын өз оозу менен айткан. Биз ал видеону сотко жибергенбиз. Милиция кызматкерлери ал айткандай жоруктарды жасабайт. Биз деле адамбыз. Анын айткандары жалган.

Наргиза Ражапова өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен президентке, башкы прокурорго, Жогорку Кеңештин спикерине кайрылуу жиберди. Ош шаардык милициясы болсо подполковниктин өлүмүнө байланышкан ишти сотко өткөрүп берген.

Маркум Таирбек Уларовдун жакындары болсо "тергөө калыс жүрдү, шектүүлөр туура аныкталды" деп эсептешет.

Кыргызстанда кыйноо боюнча бийликке кайрылуу өткөн айда да болгон. Уурулукка байланыштуу шек менен кармалган 13 жаштагы секелектин атасы Кубанычбек Жээнтаев Интернет аркылуу видео жарыялап, кызын коргоого аракеттенгенин, бирок күч кызматкерине каршылык көрсөтүү беренеси менен өзүнө да кылмыш ишин козгоп коюшканын айтып, президенттен жардам сураган:

- Ноябрда кызым экөөбүздү тең Бишкектин Октябрь райондук милиция бөлүмүндө кармап, кыйнап, акча талап кылышты. Бийликтен бул сыяктуу көрүнүшкө бөгөт коюуну суранабыз.

Кубанычбек Жээнтаевдин кайрылуусуна байланыштуу прокуратура териштирүү жүргүзүп жатат. Октябрь райондук милиция бөлүмү болсо "кылмыш курамы жок" деп секелектин уурулукка шектелип жатышы боюнча иш козгоодон баш тартканы кабарланды.

Башкы прокуратура өткөн жылдарга салыштырмалуу былтыр Кыргызстанда кыйноо 11 пайызга азайганын жарыялаган. Анткен менен укук коргоочулар бул маалыматка ишенбей, жабык жайларда кыйноо боюнча абал өзгөрбөстөн калганын айтып, тынчсызданып жатышат.

Алар прокуратура кыйноо көргөн жарандардын арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан учурлар көбөйгөнүн билдирүүдө. "Кыйноого каршы күрөшүү коалициясы" бейөкмөт уюмунун юристи Улан Сейитбековдун айтымында, элден келген арыздар 2012-жылдан бери кыйноо азайбаганын көрсөттү.

- Түшкөн арыздар, кайрылуулар боюнча иш жакшы жүрбөй жатат. Кыйноого каршы натыйжалуу күрөштөн аксап жатабыз. Кыйноо боюнча милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыздар көп түшөт. Анткени аларда мурдагы союз мезгилиндей "планды аткарыш керек" деген түшүнүк калыптанып калган. "Кандай жол менен болбосун кылмыштын бетин ачыш керек" деп ушундай кадамдарга барышат.

Улан Сейитбеков кошумчалагандай, өлкөдө соңку беш жыл ичинде тартип коргоо органдарына карата жазылган арыздардын 4-8 пайызына гана кылмыш иши козголгон. Ал эми 2017-жылдын он айында Башкы прокуратурага кыйноо боюнча 325 жаран жардам сурап кайрылган. Анын ичинен тогуз даттануу УКМК, бешөө жаза аткаруу, 311и милиция кызматкерлеринин үстүнөн түшкөн. Былтыр бул багытта канча иш козголуп, сотко ашканы азырынча белгисиз. 2016-жылы кыйноого байланыштуу 435 кайрылуу келсе, анын 35ине иш козголуп, сотко өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG