Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Үй-бүлөнү пландоого коом даярбы?


Кыргызстанда үй-бүлөнү пландоо маданияты калыптана элек. Ушундан улам энелердин боюнан алдырып каза болгон көрүнүштөр менен эселек кезинде боюна бүткөн кыздар туш болгон көйгөй коомдо катуу талаш жаратат.

Үй-бүлөнү алдын ала пландоо зарылбы? Бул маданиятты коомдо калыптандыруу үчүн кандай аракеттер зарыл? Мектепте сексуалдык тарбияны жолго салууга мезгил жеттиби? “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы мына ушул маселеге арналды.

Талкууга Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-профилактикалык бөлүмүнүн башчысы Айгүл Бообекова, Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева жана үй-бүлөнү пландоо боюнча Кыргыз альянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгорпоева катышты.

“Азаттык”: Айгүл айым, кечээ Бишкекте үй-бүлөнү пландоого арналган тегерек үстөл жыйыны болуп, бул жааттагы көп көйгөйлөр айтылды. Анын ичинде Кыргызстанда үй-бүлөнү пландоо маданияты али калыптана элек деген да көз караштар айтылды. Ага негиз барбы? Чын эле үй-бүлөнү пландоого айрым жаштар, жаш үй-бүлөлөр даяр эмеспи же ага шарт жокпу?

Айгүл Бообекова: Кыргызстан үй-бүлөнүн пландаштыруу жана бойго болтурбоонун алдын алууга зарыл каражаттарды 2015-жылга чейин БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунан алчу. Азыр ал каражаттар түгөнүп бара жатат.

Өкмөт үй-бүлөнү пландаштыруу маселесин өзү чечет

Өкмөт үй-бүлөнү пландаштыруу маселесин өзү чечет

Кыргызстан үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча маселелерди мындан ары өзү чечиши керек. БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду Кыргызстанга бойго болтурбоочу каражаттарды бекер берүүнү токтотту.

Ошон үчүн өкмөт аялдарга зарыл каражат менен камсыз кылсын деген талапты ушул жыйында көтөрдүк. Ал үчүн жылына 40 миң доллар зарыл экен. Өкмөт ошол каражатты бөлүп, кепилдик алсын деп жатабыз. Анткени Кыргызстандагы аялдардын 27,9% бойго болтурбоо каражаттары менен сактанышат. Ага карабастан каза болгон энелердин 30% аялдардын жыныстык органдарынын оорусунан улам мерт болушат. Ошон үчүн энелер убагында бойго болтурбоочу каражаттарды пайдаланып, оорусун атайын медициналык иликтөөнүн негизинде дарылатып, анан үй-бүлөнү пландоосу зарыл.

Үй-бүлөнү пландоо адамдын жашоосунун бардык тармагын камтыган абдан татаал жана маанилүү маселе. Бул талапты билбегендиктен Кыргызстанда жылына балдар үйүнө 200гө жакын наристе ташталат. Андан тышкары өспүрүм кыздар дагы жыныстык жактан тарбиянын жоктугунан улам боюна бүтүп калып, оорулуу, майып балдарды төрөп, өздөрүнүн дагы ден соолугун бузуп алышат. Ошон үчүн биз өкмөткө жок дегенде каражаттарды алууга кудурети жетпеген жакыр жана социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдү камсыздасын деген талапты коюп жатабыз.

“Азаттык”: Бактыгүл айым, Кыргызстанда 2014-жылы жүргүзүлгөн иликтөө балалуу болууну токтото турууну каалагандардын же такыр эле бойго бүтүргүсү келбегендердин саны 11% деп көрсөткөн 1997-жылкы иликтөөгө караганда 8% өскөндүгүн, башкача айтканда 19% болду деген маалыматты тараттыңар. Буга эмне себеп? Төрөп турган курактагы аялдардын бала багууга шарты жоктугун көрсөтөбү же бойго бүтүрүү жоопкерчилиги жогорулап жаткандыгын көрсөтөбү?

Бактыгүл Бозгорпоева: Бул маалыматтын пайда болушуна негиз түзгөн эки жагдай бар. Биринчиси - көп аялдардын ошондой каражаттар тууралуу маалыматынын жоктугу же кандай каражаттар бар экендиги жана аларды кайдан алып, кандай колдонууну билбегендиги.

Экинчиден, үй-бүлө мүчөлөрү диний көз караштан улам же башка себептерге байланыштуу андай каражаттарды колдонууга каршы болушат. Биз жакында эле түштүк тарапта иликтөө жүргүзүп келдик, ошол жердеги аялдардын айткандары бул ойду далилдейт.

Иллюстрация
Иллюстрация

“Азаттык”: Гүлшан айым, былтыр Нарында 14 жаштагы мектеп окуучусу балалуу болуп, коомдо катуу талкууга түштү эле. Мындай окуялар жылдан жылга көбөйүп баратат. Ушундан улам мектеп окуучулары арасында сексуалдык тарбия же башкача айтканда өз ден соолугу үчүн өзү жоопкер сезимин жаштарда калыптандыруу зарылдыгы бышып жетилди деген көз караштар пайда болду. Ага макулсузбу?

Гүлшан Абдылдаева: Биз буга макулбуз. Анткени бул маселе Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде көтөрүлгөн. Азыркы учурда бул эң көйгөйлүү маселе, себеби 12-14 жаштагы кыздардын боюна бүтүп калган учурлары катталып жатат. Ага көбүнчө кыздардын зордук-зомбулукка кабылуусу негиз берип жатат. Ошондуктан биз көптөгөн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү аракетин көрүп жатабыз.

Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге “Жашоонун сергек мүнөзү” деген программа иштелип чыккан. Анда бир гана кыздардын кош бойлуу болуп калуусун алдын алуу эмес, балдардын жеке гигиенаны, саламаттыгына кам көрүү эрежелерин сактоо маселеси да камтылган. Анткени кийинки кезде миграциянын негизинде балдар кароосуз калып, ар кандай жугуштуу ооруларга, ичегисине курт кирген дарттарга көп чалдыгып жатышат.

Ошон үчүн ата-энелердин жоопкерчилиги камтылган “Биздин балдар жана биз” деген программа да иштелип чыккан. Балдары чоңоюп калганда көп ата-энелер түшүнүшпөйт, балдарынын организминде болуп жаткан өзгөрүүлөрдү байкашпайт жана өзгөрүүлөрдү жөнгө салган витаминдерди берүү зарылдыгын биле беришпейт. Бул 10 сааттык программа мектептерде 2015-жылдан бери окутулуп жатат. Натыйжасы жаман эмес, жаш кыздар эрте бойго бүтсө майып бала төрөлүшү мүмкүн экендигин жана ал бир гана үй-бүлөнүн көйгөйү эмес жалпы мамлекеттик деңгээлдеги социалдык көйгөй жаратаарын биле башташты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:56 0:00
Түз линк

Үй-бүлөнү пландоо маданияты (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:49 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG