Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Чачылган элдин кор болгон балдары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) катуу зомбулукка кабылды деген эки жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу кабатырлануусун билдирди.

Балдар укуктарын коргогон бул эл аралык уюм кыргыз бийлиги чет өлкөгө иштегени кетип жаткан ата-энелердин жана алар балдарын кароого калтырып жаткан тараптардын жоопкерчилигин мыйзам чегинде бекемдөө боюнча сунуш киргизди. Ал бул багытта саясий чечим кабыл алынарына үмүттөнөрүн билдирди.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Мунир Мамедзаде "Азаттыкка" уюмдун сунушу Балдар жөнүндө кодекстин бир бөлүгү экенин жана бул демилге учурда бийлик өкүлдөрү тарабынан да оң кабыл алынып жатканын билдирди:

- Жакында эле эки жашар бала менен болгон окуянын кайталанышын биз каалабайт элек. Биздин өлкөдө ушундай окуяларга реакция кылуу системасы эле болушун, эртең унутуп калып, орой айтканда эми ушундай окуя болгондо кайра кыймылдап калганды каалабайт элек. Ошондуктан биз мигранттардын балдарын убактылуу каттоого алуу, ал балдарды караган туугандарын колдоо, жөлөкпул берүү жана башка түшүндүрүү, алдын алуу сыяктуу маселелерди көтөрүп чыктык. Маселелердин алкагы кенен. Келаткан жылы да ушул ишибизди улантабыз жана тийиштүү деңгээлде саясий чечимдер кабыл алынат деп үмүттөнөбүз.

ЮНИСЕФ Чүй облусунда чарчап калган эки жашар наристенин өлүмүнөн соң ушундай билдирүү тараткан.

Маалыматка ылайык, эси-учун жоготкон абалдагы эки жашар бала 28-ноябрда Панфилов райондук ооруканасына жеткирилген. Эртеси күнү Эне-баланы коргоонун улуттук борборуна которулган. Бирок бала эсине келбеген бойдон 6-декабрь күнү чарчап калган.

Эне-баланы коргоо борборунун башкы дарыгери Гүлнара Жумагулова баланын абалы тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:

- 29-ноябрда келип түштү. Эс-учу жок, текшерүүгө эч кандай реакция берген жок, бирок өзүнчө дем алып жатты. Текшере келгенде башына аябай чоң доо кетиптир. Башы шишип, мээсиндеги кан айлануу бузулган, ичи жана көкүрөк органдары травма алган жана денесинде көптөгөн көк тактар болгон. Бизден тийиштүү бардык дары-дармектер берилди, бирок биздин аракетке эч кандай реакция болгон жок.

Аймактык милиция окуяны териштиргенде бала апасынын таанышы, Кайыңды шаарчасында жашаган 32 жаштагы жалгыз бой келиндин колунда жашаганы аныкталган. Апасы ноябрь айынын башында Орусияга иштегени кеткен.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык Ички иштер министрлигинин Панфилов райондук бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Адамдын ден соолугуна атайылап залал келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергей баштады.

- Факты боюнча Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда бардык керектелүүчү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө, - деди Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева.

Балдар ур-токмоктон жабыркап, өлүмгө чейин жеткен мындай учурлар Кыргызстанда биринчи жолу катталып жаткан жок. Мындай фактылар айрыкча ата-энеси башка бирөөнө асыроого берип койгон, эмгек миграциясына кеткен балдар арасында көп катталып жатат. Зомбулукка кабылган буга чейинки окуялардын эң оору жана кайгылуусу – эки жашар Ибрагимге байланышкан окуя 2015-жылы болгону белгилүү. Зомбулук көрсөткөн жакындары жазаланганы менен кичинекей Ибрагим өмүр бою майып болуп калды.

Балдардын укуктарын коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова балдардын зордук-зомбулукка кабылышына негизинен ата-энесинин жоопкерсиз мамилеси себеп болуп жатканын билдирди:

- Балдарын узак убакытка жөн эле таштап койгон болбойт. Мыйзам чегинде ар бир ата-эне милдеттүү. Алар сөзсүз түрдө жергиликтүү бийлик органдарына арыз жазып, асыроочулук система аркылуу бекитип, анан гана жөнөсө болот. Эгерде андай кылбаса, ата-энелер өздөрү жоопкерчиликке тартылат. Бизде болсо буюм калтыргандай эле кетип калып жатышпайбы. Ошондуктан бала жоголуп кетсе да, укуктары бузулса да белгисиз болуп калып жатат.

Укук коргоочу зомбулукту азайтуунун төмөнкүдөй жолдорун белгиледи:

- Ал үчүн Кыргызстанда бир жарым миңден ашык балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргогон атайын социалдык кызматкер киргизиш керек. Социалдык кызмат боюнча атайын мыйзам кабыл алыш керек. Анан Жогорку Кеңеш бюджеттен каражат бөлүшү керек. Себеби качан социалдык кызматкерлер балким зомбулук болуп калат деген үй-бүлөлөрдү мониторинг жүргүзүп туруш керек. Мындай системалуу мамиле кылбасак биз балдарды жогото беребиз, - деди Турдубекова.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн 256 миң бала бар. Алардын ичинен 119 миң баланын ата-энесинин экөө тең эмгек миграциясына кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG