Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Булганган шым үчүн мерт болгон бөбөктөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн жумада Ош шаарында эки жашар баланы сабап өлтүрдү деген шек менен анын тууганынын аялы кармалып, эки айга тергөө абагына камалды.

Эксперттердин баамында, акыркы убакта ата-энеси ажырашкан же миграцияда жүргөн үй-бүлөнүн балдары зомбулукка көп кабылып жатат. Алар мындай көрүнүштүн алдын алуу жана токтотуу үчүн баланы калтырган туугандары менен кошо ата-эненин да жоопкерчилигин күчөтүүгө чакырышууда.

Энесиз калган беш бала

Жергиликтүү социалдык коргоо мекемесинин маалыматына караганда, баланын өлүмүнө шектүү катары камакка алынган аялдын үй-бүлөсү Базар-Коргон районунан Ош шаарына келип иштеп жаткан. Ал беш баланын энеси. Балдардын экөө мектепте окушат, калгандары мектепке чейинки куракта. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаарындагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди:

Гүлзина Раева.
Гүлзина Раева.

- Булар өздөрү Базар-Коргондон келип, бул жакта убактылуу иштеп жатышкан экен. Атасы базарда араба түртүп иштейт экен, мектепте окуган 11 жаштагы жана сегиз жаштагы эки баласын атасы алып калды. Калган эки, төрт жана алты жаштагы кичинекейлерин бир тууган таежеси алып кетти. Биз анын социалдык абалы тууралуу Базар-Коргондогу социалдык жактан коргоо мекемеси менен байланышып, маалымат алдык. Балдардын мындан аркы тагдырына көзөмөл кылып турабыз. Ал эми чарчап калган баланын алты жашар бир тууганын атасы Орусиядан келип алып кетти.

Токмоктун уусунан өлгөнү кеп болуп жаткан эки жашар баланын апасы кайда экени белгисиз. Белгилүү жагы - атасы аялы менен жарым жыл мурда ажырашып, ортодо төрөлгөн эки баланы өзү колуна алып калган. Ал алты жана эки жаштагы уулдарын бир тууган ага-жеңесинин колуна калтырып, Орусияга иштегени 30-декабрда кеткен. Бирок бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жергиликтүү өкүлдөрүнө кабар берилген эмес.

«Шымын булгап койгону үчүн» токмок жеген наристелер

Мигранттардын же ата-энеси ажырашып кеткен балдардын түрдүү зордук-зомбулукка же өлүмгө дуушар болгон учурлары аз эмес. Акыркы эки-үч айда эле ата-энеси ажырашып же эмгек миграциясына кетип, жакындарынын колунда калган үч наристе алардын колунан мерт болду. Ноябрь айынын аягында Чүйдө эки жашар бала ооруканада чарчап калган. Дарыгерлер баланын башы шишип, мээсиндеги кан айлануу бузулганын, ичи, көкүрөк органдары травма алганын жана денесинде көптөгөн көк ала тактар болгонун маалымдашкан. Баланын апасы миграцияга кетип, аны курбусунун кароосуна калтырып кеткен экен. Милиция 32 жаштагы ал аялга карата Кылмыш-жаза кодексинин «Адамдын ден соолугуна атайылап залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

23-декабрда Жети-Өгүздө ушундай эле окуя катталып, шымына заара кылып койгону үчүн бир жарым жашар наристе таежесинен токмок жеп өлгөн. 10-январда Ошто чарчап калган бала да ушундай «айыбы» үчүн жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Мигранттардын балдарын өкмөт көңүлүнө алат

Мындай кайгылуу окуяларды алдын алуу жана бөгөт коюу максатында кыргыз өкмөтү балдарга карата ырайымсыз мамиленин, зордук-зомбулукту жана укук бузууну алдын алуу боюнча 2019-2020-жылдар үчүн аткарылчу иштердин долбоорун коомчулуктун талкуусуна чыгарганы жатат. Бул маселе вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жетектеген, 14-январдагы өкмөттүк жыйында талкууланды.

Бул долбоор кыргыз өкмөтү былтыр 2018-2028-жылдар үчүн үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча кабыл алган атайын программанын алкагында ишке ашмакчы.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Адилет Кудайбердиеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул долбоор ата-эненин жана баланы караган туугандын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган:

- Бул план негизги үч бөлүктөн турат, - дейт ал. – Биринчиси - жалпы өлкө боюнча маалымат өнөктүгүн жүргүзүп, балдарга зордук-зомбулук кылууга жол берилбей тургандыгы тууралуу социалдык роликтерди көрсөтүп, элдин бардык катмарына түшүндүрүү. Экинчиси - оор акыбалда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктап, аларды камкордукка алууну тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө тапшыруу. Ал эми үчүнчүдөн жергиликтүү бийлик ээлерин, тагыраак айтканда квартал башчыларын, айыл башчыларын ата-энесинин кароосуз жашап жаткан балдарды каттоого милдеттендирүү.

Ал эми жарандык коом өкүлдөрү Балдар кодексине өзгөртүү киргизип, ата-энелердин жоопкерчилигин да күчөтүүнү сунуш кылышууда. «Балдардын укуктарын коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова ата-энелер балдардын алдында өз жоопкерчилигин билбегени үчүн аягы кайгылуу бүткөн окуялар көп болуп жатат деп эсептейт:

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

- Ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтпөсө болбойт, - деди ал. - Анткени алар балдарына өтө эле шалаакы мамиле кылып жатышат. Туугандары чындап эле баласын жакшы карап береби деп ойлонушпайт да. Ошондуктан, биз Балдар кодексинин 76-беренесине өзгөртүү киргизип, мыйзамды күчөтүүнү сунуш кылып жатабыз. Биздин сунуш боюнча, ата-энеси башка жакка кетип жатканда баласына туугандарынан камкорчу же көзөмөлчү дайындап, бул тууралуу аталган министрликтин кызматкерлерине билдирип, анан гана таштап кете алат. Бул мыйзам менен бекитилсе, балдарын таштап кетип жаткан ата-энелердин да, аларды алып калган туугандарынын да жоопкерчилиги күчөйт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда мигранттардын балдарынын саны отуз миңдин тегерегинде. Ал эми укук коргоочулар ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн 256 миң бала бар экенин, алардын ичинен 119 миң баланын ата-энеси экөө тең миграцияда жүрүшкөнүн айтып келишет. Адистер болсо балдардын коопсуздугун коргоо ата-энелердин, өкмөттүн гана эмес, жапырт коомчулуктун милдети экенин байма-бай эскертип жатышат.

ИИМдин маалыматы боюнча, былтыр жашы жете элек балдарга карата жасалган 1291 зордук-зомбулук фактысы катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG