Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Казакстан Сириядан өз жарандарын кайтарды


Сириядагы качкындар лагерлеринин биринде баласын көтөргөн аял. 26-март, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Сириядагы качкындар лагерлеринин биринде баласын көтөргөн аял. 26-март, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын күч түзүмдөрү “Жусан” деген атайын операциянын алкагында 5-6 январь күндөрү Сириядан ондогон казак жарандарын алып келишти. Алардын көбү аялдар жана балдар.

«Жусан» операциясы

Казакстандын атайын кызматтары 9-январда жарыялаган видеотасмада «Жусан» операциясы кантип жүргүзүлгөнү көрсөтүлгөн.

5-январда «Актау» эл аралык аэропортунан атайын учактар менен аскерлер Ирак менен Сирия тарапка бет алышкан. Бирок алар бул эки мамлекеттин кайсынысына так конгону белгисиз. Видеодо болгону «эваукациянын орду» деп жазылат. Ал жерден аскерлер ондогон аялдар менен балдарды ары жактан жетелеп келип, учакка отуругузушкан. Арасында ымыркайлар да бар.

Ошондой эле тасмада беткап кийгизилген, колдору кишенделген эркек кишилерди да аскерлер жетелеп келатканын көрүүгө болот.

Учак түн ортосунда кайра эле «Актау» аэропортуна конду. Андан чыккан аялдардын көбү көзүнө жаш алып, мекенине кайтканына ишене албай турушту. Аялдарды жана балдарды дароо атайын даярдалган борборлорго алып келишти. Эми алар медициналык текшерүүдөн өтүп, психологдун көмөгүн алышат.

- Мен мекениме кайтканда же ыйларымды, же кубанарымды билбей, нес болуп калдым. Ишене албай турам. Буга чейин өзүмдү өлкөмдү сатып кеткендей сезип жүрчүмүн. Ошондой эле болду да, биз башка мамлекетке кетип калдык. Бирок ошого карабай казак бийлиги бизди ал жакта калтырбай, алып келди. Бизди жарандыктан ажыратып салышабы деп коркуп жүрчүмүн, - дейт кайткандардын бири.

Назарбаев: "Алардын көбү Сирияга алданып кетишкен"

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев алгач ирет Сириядан кайтарылган казакстандыктар боюнча өз пикирин билдирди. Ал бул операция жеке өзүнүн тапшырмасына ылайык, «өнөктөш мамлекеттин жардамы менен» ишке ашканын айтты:

- Сириядан 47 жаран кайтарылды. Алардын отузу балдар, калгандары аялдар. Алардын баары ар кандай сөздөргө алданып, Сириядагы согуш аймактарына кетип калышкан. Кайтыш болгондор да бар. Сириядан келгендерге көмөктөшөбүз, колдойбуз. Ал кишилер медициналык текшерүүдөн өтүп, бир ай көзөмөлдө болушат. Аларга көмөк көрсөтөбүз.

Мамлекет башчы «куралдуу кагылышуу жүрүп жаткан аймактардан казак жарандарын, асыресе балдарды мекенине алып келүү операциялары мындан ары да уланарын» кошумчалады.

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

«Associated Press» маалымат агенттиги кабарлагандай, күрт жана араб кошуундарынан турган «Сирия демократиялык күчтөрү» кыймылы ондогон казак жарандарын алып кетүүгө уруксат берген. Агенттик «Сирия демократиялык күчтөрү» соңку жылдары «Ислам мамлекети» деп аталган террордук топтун катарында согушуп жүргөн 700дөй чет элдик жаранды туткунга алганын жазат. Алардын арасында куралдуу кагылышууларга катышкандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү да бар. Аталган кыймылдын өкүлү Абдулкарим Омар «The Wall Street Journal» басылмасындагы маегинде туткунга 48 мамлекеттин жарандары түшкөнүн айткан. Ал бул мамлекеттердин бийлик органдарына өз

Сириядан келе албай жүргөн кыргызстандыктар да бар

Омардын сөздөрүнө караганда, Казакстандан тышкары Орусиянын, Индонезиянын, Судандын жарандары да өз мамлекеттерине кайтарылган. «Сирия демократиялык күчтөрүнүн» колуна туткунга түшүп, кийин лагерге жөнөтүлгөндөрдүн арасында кыргыз келиндери бар экени маалым.

Бул тууралуу былтыр ноябрь айында «Азаттыкка» байланышка чыккан Амина аттуу келин айтып берген. 23 жаштагы Амина Сириянын Эл-Хасака провинциясындагы Эл-Маликия деген чакан шаардагы лагерлердин биринде кызы менен баш калкалап жатканын жазган:

«Лагерде жашап жатканыма бир жыл эки ай болду. Шарты аябай начар. Менден башка кыргыз аялдар да бар. Өзүм Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан болом. Кыргызстанга аябай баргым келет, бирок бизди кабыл албай коюшабы деп чочулайм. Күйөөм каза болгон. Бизди кайра экстремисттердин «Ислам мамлекети» деген тобуна кошуп салышпаса экен деп корком. Мен алардын арасына баргым келбейт».

Сириянын Ракка шаарынан чыгып бараткан аялдар. 5-апрель, 2017-жыл.
Сириянын Ракка шаарынан чыгып бараткан аялдар. 5-апрель, 2017-жыл.

​Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети буга чейин согуш жүрүп жаткан Сирия менен Ирактагы жихадчыларга кошулганы жалпысынан 800дөй казакстандык кеткенин кабарлаган. 280дөй казакстандык согуш майданында мерт болгон. Былтыр жыл соңунда Астана Сирия менен Ирактан 91 казак балдарын алып келгенин кабарлаган.

Кыргызстан бул багытта кандай иш жасап жатканы же канча жаранын алып келгени тууралуу расмий маалымат жок. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) быйыл июль айында таратылган маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон. «Ислам мамлекети» радикал уюмуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG