Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Казакстан Сириядан 91 баланы алып келди


“Ислам мамлекети” террордук уюмунун катарына кошулуп кеткен казакстандыктардын балдары деген видеодон алынган сүрөт.
“Ислам мамлекети” террордук уюмунун катарына кошулуп кеткен казакстандыктардын балдары деген видеодон алынган сүрөт.

Мектеп жашындагы балдар кадимки орто мектептерде билим алууда. Балдардын көбү арабча сүйлөп калгандыктан же тили арабча чыккандыктан, аларга азыр казак тили да үйрөтүлүп жатат.

Алар ата-энелери Сириянын жана Ирактын аймагындагы “Ислам мамлекети” террордук уюмунун катарына кошулуп кеткен казакстандыктардын балдары.

Бөтөн жерде, анын ичинде согуш жүрүп жаткан аймакта чоңойгон балдарды казак коомчулугуна аралаштыруу жаатында кандай иштер жүрүп жатат?

Казакстандын бийлиги Сирия жана Ирактан алып келген 91 баланын көбү кыздар. Бул тууралуу 19-декабрда Билим жана илим министрлиги билдирди. Учурда аларды казак коомуна аралаштыруу боюнча ар кыл иштер жүрүп жатат.

- Бүгүнкү күндө Казакстанга 39 үй-бүлө алынып келинди. Ал 39 бүлөнүн 91 баласы бар. Бул 18 жашка чейинки балдар. Алар менен тиешелүү жумуштарды жүргүзүп жатабыз. Балдар үчүн тогуз борбор ачылды. Ошол борборлор аркылуу аларды коомго жуурулуштуруу, радикалдашуудан кайтаруу жумуштарын жүргүзүүдөбүз, - деди Билим жана илим министрлигинин балдардын укуктарын коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Ержан Ерсайынов 19-декабрда Астанада өткөн балдардын укугун коргоого арналган жыйында.

Билим жана илим министрлигинин өкүлү Ержан Ерсайынов.
Билим жана илим министрлигинин өкүлү Ержан Ерсайынов.

Анын айтымында, мектеп жашындагы балдар өздөрү жашаган жерлердеги орто мектептерде башкалардай эле форма кийип, тартип сактап, билим алып жатат. Балдардын көбү арабча сүйлөп калгандыктан же тили арабча чыккандыктан, аларга азыр казак тили да үйрөтүлүүдө.

Билим жана илим министрлигинин өкүлү Ержан Ерсайынов кошумчалагандай, балдар менен психологдор да иштеп жатат:

- Албетте, балдар террористтик аймактарда туулуп-өсүп, тарбиялангандан кийин алардын психологиясы бөлөкчө. Бул жаатта жумуштар жасалууда. Алардын психологиясын Казакстандын менталитетине жуурулуштуруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Билим берүү министрлигинин өкүлү куралдуу кагылыштар жүрүп жаткан аймактардан казак балдарды алып келүү иши уланып жатканын кошумчалады.

Ошол эле кезде Жакынкы Чыгыштагы согуш аймагынан кайтып келүүдөн баш тарткан казакстандыктар да жок эмес. Жезказган шаарынын тургуну Мухамедкали Даниканов Сирияга эки жолу барып, неберелерин алып келе алган эмес.

- Мен биринчи жолу барганда уулума жолуктум эле. Кийин дагы барганымда кайтыш болгонун айтышты. Неберелерим мени менен кетүүгө макул болушту, бирок келиним баш тартты.

Сүрөттө террорчуларга көмөктөшкөн деп соттолгон КМШлык аялдар балдары менен.
Сүрөттө террорчуларга көмөктөшкөн деп соттолгон КМШлык аялдар балдары менен.

​Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети буга чейин согуш жүрүп жаткан Сирия менен Ирактагы жихадчыларга кошулуу үчүн жалпы 800дөй казакстандык кеткенин кабарлаган. Мекеменин 2018-жылдын июль айындагы маалыматына караганда, ошол учурда бул мамлекеттердеги эл аралык террордук уюмдардын катарында 120 эркек, 250дөн ашык аял жана 500дөй бала болгон. Ал эми 280дөй казакстандык согуш талааларында набыт болгон.

Ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Нургали Билисбеков 125 казакстандык өлкөгө алынып келингенин маалымдаган. Анын маалыматына ылайык, Сириядагы жаңжалга мыйзамсыз аралашканы үчүн айыпталып, Казакстанга кайтып баргандан кийин абакка алтымыш жаран кесилсе, Ирактагы согушка катышканы үчүн жыйырма адам эркинен ажыратылган.

Дүйнөдөгү бир канча мамлекет сыяктуу эле Казакстан да “Ислам мамлекетин” 2015-жылы террористтик уюм деп тапкан. Кезегинде Ирак менен Сириянын бир канча аймагын ээлеп турган, катарында миңдеген чет элдик согушкерлер да болгон бул куралдуу топ акыркы эки жылда сүрүлүп, күчүн жоготту. Маселен, Ирактын бийлиги быйыл декабрда “Ислам мамлекети” уюмун жеңгенинин бир жылдыгын белгиледи.

Сирия менен Ирактагы өз жарандарын алып келүү боюнча Казакстандан тышкары Тажикстан, Өзбекстан, Орусиянын Чеченстан Республикасы бир катар иштерди жасап жатканы маалымдалган.

Кыргызстан бул жаатта кандай иш жасап жатканы же канча жаранын алып келгени тууралуу расмий маалымат жок. ​

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин быйыл июль айындагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон. “Ислам мамлекетине” кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар. Алардын көбү балдарын ээрчите кеткен же ошол жактан балалуу болушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG