Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

УКМК: Сириянын согуш аймактарында 150 кыргызстандык каза болгон


Сириянын түндүгүндөгү шаарлардын бири.
Сириянын түндүгүндөгү шаарлардын бири.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта каза болгон. Бул тууралуу атайын кызматтын Терроризмге каршы борборунун жетекчисинин орун басары Канжарбек Бакаев билдирди.

Буга чейинки маалыматтарда Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар 600дөн ашканы, согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгону айтылган.

Буга чейин күч органдары Сириядагы согушка катышкан жыйырмадай киши кайтып келгенин жарыялаган. Бирок аларга карата кандай чара көрүлгөнү, аларды эмне тагдыр күткөнү белгисиз. (TSh)

XS
SM
MD
LG