Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Үч кыздын атасы аялынан алимент доолады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Базар-Коргон районунун 34 жаштагы тургуну, үч кыздын атасы Айбек Акматов жубайынан кыздарына алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылды.

Акматов акыркы эки жылдан бери алган жары менен жараша албаган соң, куру намысты жыйыштырып, кыздары үчүн сотко кайрылууга агасыз болгонун айтууда. Учурда жубайлар ортодогу кыздарын бөлүшүү үчүн экинчи сотко даярданып жатышат.

"Аялым жарашпай койду..."

Айбек Акматов ушул жылдын башында жубайы менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан. Ал учурда багып жаткан үч кызына алимент өндүрүү максатында жубайынын үстүнөн сотко кайрылды.

Ал бул аракетин эки жылдан бери колуктусунун артынан ээрчип, жарашуудан майнап чыкпаганы менен түшүндүрдү.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

- Үч кызымды багууга кудуретим жетет. Ушунча жыл мени артынан ээрчитип, алдап жүргөнү ачуумду келтирди. Үй-бүлөнүн башчысы катары, кыздарымдын тагдырын ойлоп артынан бир нече жолу бардым, жалынып-жалбардым. Кыздарын көрүүгө үйгө чакырдым. Жаңы жыл күнү келген жок, ортончу кызымдын туулган күнүндө күтүп жатсак, "макул" деп коюп Казанга учуп кетиптир. Бул жагдай бизди аябай ыза кылды. Акыры менин да сабырым түгөндү. Алдаганы үчүн эркек башым менен сотко алимент сурап кайрылдым. Менде андан башка арга жок калды.

Жубайлар 2007-жылы баш кошуп, үч кыздуу болгон. Үй-бүлөдөгү келишпестик 2016-жылы аялы чет өлкөдө иштеп келген соң башталган. Акыркы эки жылдан бери алар чогуу жашабайт.

​- Чоң кызым артынан барып үйгө чакырса келбей койду. Акыркы жолукканыбызда мени башкага үйлөнүп алууга үндөдү. Мен ага дароо эле макул болбодум. Анткени ортодогу үч кызыбызды ойлодум. Ал кайра-кайра ошол сөзүн кайталай берди. Бир нече жолу тилкат да жазды. Бир жолу аны ээрчитип нотариуска бардык. Себеби, "үйлөнүп ал, сени менен жашагым келбейт" деген тилкатын мыйзамдаштыруу керек болчу. Нотариуста кызматкер жубайыма кайрылып, үй-бүлөнү сактап калууга чакырды эле, уккусу келбеди. Ошентип 2018-жылдын январь айында Базар-Коргон райондук сотуна ажырашуу тууралуу кайрылдым. Сот жубайымды бир нече жолу отурумга чакырды. Бирок ал келген жок. Ошентип биз сот аркылуу мыйзамдуу ажыраштык, андан соң алимент үчүн дагы сотко бердим. Кыздарымдын өзүм менен калышын каалайм. Анткени ал чет жакка кетсе карай албайт. Бирок кыздары менен келип, көрүшүп турганына макулмун.

Иллюстрация
Иллюстрация

Базар-Коргон райондук соту Айчүрөк Бакированы үч кызы үчүн ай сайын Айбек Акматовго алимент үчүн 4300 сомдон берүүгө милдеттендирген.

"Күйөөм ажырашууну каалап жүргөн"

Соттун чечими күчүнө киргенден тартып, эми кыздары талашка түштү. Өткөн жумада Айчүрөк талашып жатып ортончу кызын өзү менен чогуу алып кеткен. Ажырашуунун себебин келин жолдошунун кайдыгерлиги менен байланыштырды. Бирок бул багытта “Азаттыкка” кеңири сүйлөп берүүнү каалаган жок.

- Ден соолугума байланыштуу дарыланыш үчүн көп убакыт кетип калды. Ошол учурда Айбек абалымды сурап койгон жок. Анын биринчи эле максаты мени менен ажырашуу болчу. Ошол учурда жанында колдоочуң болбосо кыйын экен. Максатына жетип, сот аркылуу ажырашып, башкага үйлөндү.

Бул жубайлардыкы сыяктуу окуялар ал жашаган Карача айылында ондоп саналат. Айыл тургуну жана жарандык активист Савринса Сыргатаева миграциянын кесепети жаш жубайлайды араздаштырып жатат деген ойдо.

- Чет жактагы турмушту көрүп келген кыз-келиндер айылда калгысы келбейт экен. Буга бир мисал - Айбектин мурдагы келинчеги. Сыртка иштегени кетип, ошол бойдон келбей койду. Буга окшоп, балдарын өзү жалгыз багып жаткан эркектер биздин айылда бир топ. Мындайча айтканда "күкүк энелер" көбөйдү. Албетте, бул көрүнүшкө айылдагы турмуштун оордугу, миграциянын кесепети таасирин тийгизип жатат. Бирок орто жолдо балдардын тирүүлөй жетим калышы ойлондурат.

Иллюстрация
Иллюстрация

Ушул жылдын 29-майында Айчүрөк Бакирова кыздарын өзүнө алуу максатында Базар-Коргон райондук сотуна кайрылды.

Райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын адистери кыздардын жашоо-шартын жеринде текшерип, сотко көрсөтмө даярдап жатышат. Башкармалыктын бөлүм башчысы Таиркан Дубанакулова акыркы чечимди сот кабыл аларын билдирди:

- Кимдин балдарды кароого шарты жана мүмкүнчүлүгү болсо, ошолор карайт. Сотто судья буларды да эске алат. Азыр биз керектүү документтерди даярдап жатабыз. Ошол эле учурда энеси акыркы алты айда балдарын карабаса, аны энелик укуктан ажыратуу маселесине сот көңүл бурат. Бардык жагдайлар эске алынат.

Акыркы эки жылдан бери Айбек Акматов он, алты жана төрт жаштагы кыздарын апасы менен чогуу карап жатат. Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматында былтыркы жылы алар 15ке чукул араздашкан үй-бүлөлөрдүн балдарын сотто бөлүштүрүү жараянына катышкан. Алардын басымдуулары чет жактарда иштеп келген соң ажырашууга барганы айтылат. Учурда район боюнча мигранттардын 3 миңден ашык балдары туугандарынын колунда тарбияланып келет.

Эже-сиңдилер: Ажырашуудан кийин кыйналган балдар

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG