Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Кыргызстанда жарым жылда 5 миңге жакын үй-бүлө ажырашты


Быйыл жарым жылда республика боюнча 4967 жубайлар ажырашкан. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 500гө көп.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов кабарлады. Анын айтымында, ажырашкандардын басымдуу бөлүгүн жаш үй-бүлөлөр түзөт.

Ошол эле учурда жарым жылда 20 миң түгөй баш кошсо, 2016-жылы үйлөнгөндөрдүн саны мындан 2100гө көп болгон.

Адистер ажырашуулардын көбөйүшүнө өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, жумушсуздук, миграция жана кыздардын эрте турмушка чыгуусу себеп экенин белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG