Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

"Кайнатам үйүмдөн кубалап жатат"


Айнагүл Маматова балдары менен
Айнагүл Маматова балдары менен

Базар-Коргондо күйөөсү үч баласы менен таштап кеткен келин көчөдө калышы мүмкүн. Мындай абалга кириптер болушуна кайнатасынын сотко кайрылганы себеп болду.

34 жаштагы Айнагүл Маматова Марсбек Шайназаровго 2005-жылы турмушка чыгып, 2017-жылы ажырашкан. Бул аралыкта үч балалуу, турак жайлуу, автоунаалуу болушкан. Бирок турак жай кайнатасына катталган. Мурдагы күйөөсү экинчи жолу үйлөнүп, аялы менен Москвада жашайт. Кайнатасы болсо юридикалык документке таянып, турган үйүн доолап, сотко кайрылган. Анын негизинде 1-мартта соттук териштирүү башталды:

- Кайнатам бул үйдү өзүнө каттатып алып, балдарым менен кубалап жатат. 2005-жылдары бул жер тилкеси жолдошума турак жай салуу үчүн берилген. Орусияда экөөбүз чогуу иштеп, араң ушул тамды бүтүрдүк. Ал учурда документ иштерине көңүл деле бурган эмесмин. Кайнатам “балам, бул үй сеники” деп жолдошума айтып, Марс экөөбүз үйдүн тоюн да бергенбиз. Эми келип бизди үйдөн чыгаруу үчүн сотко кайрылыптыр. Ортодо алган автоунаалардан дайын жок.

Айнагүл Маматованы кошуналары да колдоп жатышат.
Айнагүл Маматованы кошуналары да колдоп жатышат.

Базар-Коргондогу Суу-Башынын МТФ участкасындагы тургундардын көпчүлүгү Айнагүлдүн таламын талашып жатышат. Сотко көрсөтмө берүүгө, тиешелүү тараптарга кайрылууга даяр экенин кошуналардын бири Мавлюда Алыкулова айтты:

- Биз ушул жерге келгенден бери ушул келин турак жайын жолдошу экөөлөп бирге тургузду. Биз да жаш үй-бүлөгө колдон келишинче жардам берип, аралашып турдук. Кайнатасынын турак жайды талашып жатканына таң калып турабыз. Өз неберелери жашап жаткан үйдү талашып, буларды кууп чыгып жатканы кудайга да жакпаса керек. Үй кимге таандык экенин ушул жердеги коңшулардын баары билишет. Айылдын аксакалдары чогулуп, келиндин кайнатасына үйдөн чыгарылбасын деп бата да беришкен. Ага карабай көчөгө кууп чыкканы жатат. Сотко чейин барып көрсөтмө бергенге даярбыз.

Келини менен неберелери жашап турган үйдү бошотуп берүүнү сурап сотко кайрылган Жумабек Шайназаров байбичеси менен кошуна көчөдө жашайт. Ал сотко кайрылуу себебин мындайча түшүндүрдү:

- Алар жашап жаткан үйдү кезегинде мен куруп бергем. Баламдын өз турак жайы болбогондуктан аларды убактылуу жашап тургула деп киргизгем. Балам бул аял менен ажырашып кетти. Неберелеримди көрүүгө барсам үйүнө киргизбей, кагып-силкип кууп чыгат. Анан аргасыздан аларды үйдөн чыгаруу боюнча сотко арыз берип кайрылдым.

Талашка түшкөн үй.
Талашка түшкөн үй.

Келиндин мурдагы күйөөсү Москвада иштеп жүргөн Марсбек Шайназаров менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Айнагүл күйөөсү Базар-Коргон райондук сотун колго алып, ажырашуу чечимин макулдашпай туруп чыгартып алган деди:

- Экөөбүздүн нике күбөлүгүбүз менин колумда болчу. Жолдошум Марсбек Шайназаров жасалма күбөлүк даярдап, сотко ошол менен кайрылыптыр. Судья менин колумдагы чыныгы нике күбөлүгүн алып, дароо жокко чыгарып салды. Сот учурунда мен "балдарым атасыз калат, ажырашпайм, мага мөөнөт бергиле" деп жалдырап суранганымды алар карап да коюшкан жок. "Сиздин өтүнүчүңүз кабыл алынбайт, сиздин катышууңуз жок деле чечип коебуз" деп ошол жерде жолдошумдун өтүнүчүн канааттандырды.

Айнагүл Маматованын бул айткандарына “Ариет” аялдарды коргоо борборунун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова төмөнкүдөй комментарий берди:

- Үй-бүлө кодексине ылайык бир жашка толо элек баласы бар жубайларды сот ажыраштырбайт. Ал эми бир жаштан жогору бала болуп, ажырашуу тууралуу ким тараптан сотко өтүнүч келтирилсе, эки тараптын тең макулдугу керек. Эгерде аялы же күйөөсү ажырашпайм, үй-бүлөнү сактап калап деп каршы болсо, сот тарабынан аларга үч айлык мөөнөткө чейин жарашууга уруксат берилет. Эгер ошол убакыттын ичинде да алар ымалага келбесе анда мыйзамдуу түрдө нике бузулат.

Айнагүлдүн айтымында, азыр күйөөсү балдарына жардам бербейт, кабар албайт. Келин биргелешип тапкан үй-жайына, автоунаага ээ болбой калган.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Сырткы жана ички миграциянын агымында жаш жубайлар чогуу түптөгөн турак жайларын көпчүлүк учурда туугандарына же башка адамдарга каттатып, аялдардын мүлккө ээлик кылуу укугу корголбай калууда дейт “Ариет” аялдарды коргоо борборунун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова:

- Алар ажырашкан соң баш кошкон учурдан кийин тапкан мал-мүлктөрүнүн баары экиге бөлүнүшү керек. Ал эми атадан балага мурас катары берилген мүлктөр кол тийгис болуп саналат. Учурда көпчүлүк жубайлар чет жакта иштеп, чогуу үй салып, бирок аны башка адамдын атына каттатып коюп, аялдар ажырашып кеткен соң куру калган фактылар толтура. Аялдар ишенчээк келип, мүлккө ээлик кылуу укугунан ажырап жатат.

“Ариет” аялдарды коргоо борборуна былтыркы жылы 10 аял мүлк талашуу жагдайынан улам кайрылган. Алардын баарында Айнагүлдүкүндөй тагдыр болгондуктан сотто эч бирине мүлк боюнча жардам бере алышкан эмес. Кыргызстандагы кризистик борборлорго 25% ашуун аялдар мүлккө укугу бузулгандыгын айтып, кайрылышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG