Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Ажырашуу азабын тарткан келиндер


Жалал-Абадда никеси бузулуп, ажырашкан жубайлардын саны соңку эки жылда 30 пайызга өстү. Аны менен катар үй-бүлөдө зордук-зомбулукка кабылган аялдардын да катары арбыганын адистер белгилешүүдө.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Салима (каармандын өтүнүчү менен аты-жөнү өзгөртүлдү - ред.) жолдошу менен мүлк талашып, үч кызы менен көчөдө калуу коркунучунда турат.

32 жаштагы Салиманы 2014-жылдын жаз айларында 10 жыл бирге жашаган жолдошу үч баласы менен таштап кетип, учурда башка аял менен баш кошуп алган. Салима балдары менен жашап жаткан үйдү жолдошу күрөөгө коюп, ал азыр башка адамга сатылуу алдында турат.

- Сотко жолдошум келбей жатат. Өзүм да аны аяп, кайра бизге кайтып келээр деген тилек менен убактылуу токтотуп жатам... Үч кызым менин колумда болгондон кийин сот мүлктү менин пайдама чечип бериши керек. Үч баланын баарына тең эле каражатты жеткире албайт экенсиң. Чоңойуп да баратат, жалгыз аял кишиге аларды багыш кыйын экен. Башында күйөөгө тийсемби деп да ойлогом, бирок кыздарымды ойлоп, кайра коркуп кетем, башка эркек менин кыздарыма кантип камкордук көрсүн деп. Жаңыдан ажырашканда эркексиз деле жашай берем деп ойлочумун, бирок азыр таяныч жоктугунан аябай кыйналат экенсиң. Жашоодо аял кишиге сөзсүз жолдош болушу керектигин эми түшүнүп отурам.

Жалал-Абад шаардык жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Азимбаева ажырашууга себеп болуп жаткан жагдайларга токтолду.

- 1990-жылдары, мисалы, шаарда 800дүн тегерегинде гана наристе төрөлсө, азыр жылына 2 миңге чейин болууда. Демек калктын саны өсүп жатат, ошол себептүү үйлөнгөндөр да, ажырашкандар да көп. 2014-жылы бизден 724 жубай никелешүү үчүн каттоодон өтсө, 135 жубай ажырашуу үчүн катталган. Ажырашкандар эски жылга салыштырмалуу, албетте көп. Анан ошол эле кезде миграциянын агымы да ажырашуулардын санын өстүрдү. Орусияга барып эле башка аял алып алгандар көбөйдү.

Адистердин айтымында, үй-бүлөдөгү чыр-чатактар жана майда-барат келишпестиктер акыры келип ажырашууга себеп болот. Көпчүлүк учурда аялдарга карата колдонулган зордук-зомбулук да акыры ажырашууга алып келет.

Облустагы “Каниет” кризистик борборуна өткөн жылда зомбулукка кабылган 23 аял кайрылса, борбор алардын көпчүлүгүнө арачы болуп, күйөөсү менен жараштырууга аракет кылган. Бул багытта борбордун директору Мимоза Нуракова буларды айтат.

- "Каниет" кризистик борбору негизинен үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылган аялдарга бардык тараптан жардам берет. Ошол эле учурда аларды жараштырууга аракет кылабыз. Бизге 2014-жылы 23 аял кайрылса, 2013-жылы алардын саны 17 болчу. Демек өткөн жылы беш адамга көбөйгөн. Алардын көпчүлүгүнө биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, туугандарына ортомчу түшүп, жараштырганга аракет кылганбыз. Жыл сайын үй-бүлөдө чыр-чатак чыккан окуялар бизде көбөйүп жатат.

2014-жылда акыйкатчынын облустагы бөлүмүнүн кызматкерлери үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу 40ка жакын кайрылууларга кеп-кеңештерин беришкен. Ал эми 10го жакын кайрылууга кат аркылуу жооп берген. "Алардын басымдуулары ажырашуунун айынан сот аркылуу мүлк талашкан жагдайга байланыштуу", -дейт омбудсмендин облустук бөлүмүнүн кызматкери Кошмат Мырзаев:

- Былтыркы жылы биздин бөлүмгө эски жылга салыштырмалуу оозеки кайрылгандардын саны көп болуптур. Алар мүлк талашкандар жана сотко кеңеш сурап келгендер. Негизинен көпчүлүк учурда аялдар жардам сурап келишет. Бизге канча кайрылуу түшсө, алардын баарына жооп беребиз. Мамлекеттин турмушу үй-бүлөнүн да турмушуна байланыштуу. Ошол себептүү мамлекеттеги окуялар үй-бүлөнүн бузулушуна да таасир берип жатат.

Кыргызстандагы ар бир алтынчы үй-бүлө ажырашат деген статистика бар. Мунун баары коомдо идеалдуу үй-бүлө кандай болушу керек деген түшүнүктүн калыптанбаганынан улам келип чыгууда дейт жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Азимбаева.

- Азыр айыл жерлериндеги көпчүлүк жаштар никеге турбай эле үйлөнүп жатышат. Жарандык нике менен жашагандар көбөйүүдө. Буга байланыштуу азыр коомчулукту толук маалымдар кылуу кажет. Паспорту жок болсо кээ бирлери сыртта жүрүп баш кошкондор. Ошол себептүү азыр так маалымат ала албайсын. Ошол себептүү көпчүлүк учурда бул жерде аялдар жабыр тартып калышат.

Акыркы он жылдыкта үйлөнүү курагы келгендердин көбү никеге тургандан качышса, жарандык нике менен жашоо көпчүлүк жаштар арасында адатка айлангандай. Ошол эле кезде молдо кыйган нике менен жүрүп, баш кошкондорун мамлекеттик нике күбөлүк менен тастыктабаган жубайлар ажырашкан кезде да келиндер көбүрөөк жабыркарын адистер айтышат.

XS
SM
MD
LG