Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

Бекем үй-бүлө мамлекеттин пайдубалы


Ош. 2013-жыл.
Ош. 2013-жыл.

"Азаттык” радиосу атайын радиобаяндар түрмөгүндө бул ирет үй-бүлө темасына кайрылды. Кыргызстанда үй-бүлө куруунун бүгүнкү баалуулуктары, өксүктөрүн ар тараптан иликтеп көрүштү.

Кыргызстанда жаштар арасында расмий никеден тышкары жарандык никеде жашоого артыкчылык бергендер да бар. Никелүү жана никесиз жашоонун оош-кыйышы тууралуу кабарчыбыз Айзада Касмалиеванын баянында:

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:52 0:00
Түз линк

Анткен менен ажырашкандардын да катары Кыргызстанда аз эмес. Былтыр бул сан өлкө боюнча тогуз миңден ашкан. Ажырашуунун башкы себептерине Айгерим Акылбекова токтолот:

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00
Түз линк

Дин аалымдары шарият жолу менен жашаган үй-бүлө бекем жана туруктуу болот деп эсептешкени менен, андай үй-бүлөлөрдө да ажырашуулар катталып калууда. Адистердин айтымында, расмий каттоодо турбаган үй-бүлөлөр ажырашкан учурда балдарды социалдык камсыздоо, алимент төлөө, мүлк бөлүштүрүү маселелери олуттуу проблемаларды жаратат. Бул темага Нарындан кабарчыбыз Мирлан Кадыров кайрылат:

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00
Түз линк

Кыргызстанда ажырашуудан кийин балдарга алимент төлөбөгөн адамдарга жаза пул негизги суммадан үч эсе көбөйтүлгөн. Ошого карабай өз балдарына алимент төлөөдөн качкан жана аялына өзүнүн үй-мүлкүн бергиси келбеген аталар азая элек. Оштон кабарчыбыз Эрнист Нурматов ажырашкандардын менчик бөлүштүрүүгө жана алимент чектөөгө мамилелери тууралуу кеп салат:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00
Түз линк

Глобалдык жакырчылыктын башкы себептеринин негизгиси катары окумуштуулар ажырашууну айтышат. АКШда бир адам 10 долларга иштесе, бир жылдык кирешеси болжол менен 40 миң доллар, эгерде жубайлардын экөө тең иштеп ушундай акча тапса, алардан төрөлгөн балдардын коомдогу экономикалык пайдубалы да бекем болмок. Дүйнөдөгү ажырашуу жана алимент төлөө өзгөчөлүктөрүнө кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаева сереп салган.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
Түз линк

Бүгүнкү күндө жаш муунга үй-бүлө баалуулуктарын кантип жеткирүү керек? Жогоруда келтирилген жагдайларга адис кандай баа берет? Философия илиминин доктору Үмүт Асанова менен кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов баарлашты:

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:10 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. 
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG