Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Өспүрүмдүн күйөөгө сатылышы иликтенүүдө


Укук коргоочулар коомчулукка ашкереленбегени менен айрыкча дубандарда жашы жете элек кыздарды мажбурлап күйөөгө берген көрүнүштөр арбын экенин айтып келишет. (иллюстрация)
Укук коргоочулар коомчулукка ашкереленбегени менен айрыкча дубандарда жашы жете элек кыздарды мажбурлап күйөөгө берген көрүнүштөр арбын экенин айтып келишет. (иллюстрация)

Ысык-Көл облусунда 14 жаштагы кызды күйөөгө берүү фактысы тергелип жатат.

Милициянын билдиришинче, 14 жаштагы Мээрим аттуу кызды кафе иштеткен аял Чүйдүн Кичи-Кемин районунун тургунуна күйөөгө берип жиберген. Кыздын калыңы 15 миң сом жана бир койго бааланган. Учурда Тоң райондук ички иштер бөлүмүндө окуяга тиешелүү адамдар сурак берүүдө.

Милицияга Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну Чолпон Табалдиева 14 жаштагы кызы 28-октябрдан бери дайынсыз экенин айтып кайрылган. Анын кызы Тоң районунун Кубакы аймагындагы “Жолбулак-Евразия” кафесине иштейм деп кеткен боюнча кабарлашпай калган. Кийинчерээк милиция 14 жаштагы Мээримди аталган кафени ижарага алып иштеткен Элиза Муканбетова аттуу аял Кичи-Кемин районунун жашоочусуна күйөөгө берип жибергенин аныкташкан.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 154 - беренеси (жашы жетелек адам менен иш жүзүндө никеге туруу) боюнча кылмыш иши козголду. Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Айтбек Шаменов кызды бергендер да, алгандар да суралып жатканын маалымдады:

- Кыз “Жолбулак-Евразия” кафесинде убактылуу иштеп турган экен. Анан ошол жактан аны күйөөгө берип жиберишкен. Бул "кызматы" үчүн саткан тарап 15 миң сом, бир кой алган. Келин алып жаткандарга кыздын жашы 19дан ашты деп коюшкан. Учурда күйөөгө бергендер да, алгандар да да сурак берүүдө.

Милиция Мээрим ата-энеси менен тил табыша албаганы үчүн үйдөн кетип калса керек деп божомолдойт. Кыздын энеси Чолпон Табалдиева бул суроого ачык жооп берген жок. Анын айтымында, кызы 28-октябрда иш издеп кеткен боюнча кабарлашкан эмес:

- Ошол кафеде иштеп жаткан экен. Анүчүн акысын да албаса керек. Кафени иштеткендер бирөө менен тааныштырып эле анан күйөөгө берип жиберген. Алар кызымды "биздин тууганыбыз" деп койгон.

Укук коргоочулар коомчулукка ашкереленбегени менен айрыкча дубандарда жашы жете элек кыздарды мажбурлап күйөөгө берген көрүнүштөр арбын экенин айтышууда. Адатта жону жука үй-бүлөлөрдүн кыздары жашынан акча табууга аргасыз болушат. Мындай кыздарды күйөөгө же чет өлкөгө сексуалдык кулчулукка сатып ийген учурлар болот. “Бир Дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова мындай деди:

- Ата-энелердин сабатсыздыгынан кыздар ушундай окуяларга кириптер болуп жатат. Бирок жергиликтүү бийликтегилер муну көз жаздымда калтырып, анча маани беришпей келет. Окуялар көп эле катталат, мындай кыздарды экинчи аялдыкка берип жиберген учурларды билем. Бул көйгөйдү биз айтып, коомчулук менен бирге чечпесек канчалаган кыздардын тагдыры талкаланып жатат.

Учурда кызды күйөөгө бергендер менен да, аны алгандар менен да байланышууга мүмкүндүк болбоду. Болгону кызды аялдыкка алган Чүйдүн Кичи-Кемин районунун 1987-жылы туулган Нурлан Бирназаров аттуу тургуну экени белгилүү болду.

Зордук менен нике кыюу аракетинен улам кыздардын жанынан кечкен, өз жанын кыюуга аракет кылган, ушунун айынан айрым кыздардын майып же оорукчан болуп калган учурлар көп экенин айткан укук коргоочулар буга каршы биргелешип күрөшүүгө коомчулукту чакырып келишет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG