Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

Ала качууга кабылган кыздан кабар жок


Орозбек кызы Надира (Cүрөт кыздын интернеттеги социалдык баракчасынын алынды).
Орозбек кызы Надира (Cүрөт кыздын интернеттеги социалдык баракчасынын алынды).

Бишкектеги Улуттук консерваториянын 23 жаштагы студенти Надира Орозбек кызы бир айдан бери дайынсыз. Надиранын ата-энеси аны Жалал-Абадга ала качып кетип, барымтада кармап турушу мүмкүн деп шектенүүдө.

Надиранын ата-энеси милиция кызды издөөдө көңүлкош мамиле кылып жатканын айтууда. Ички иштер министрлиги болсо Надираны издөө иштери жүрүп жатканы менен майнап чыкпай жатканын билдирди.

Надиранын апасы Айымбү Сулайманованын айтымында, 23 жаштагы кызы Кыргыз улуттук консерваториясынын 3-курсунда окучу. Ал 30-декабрда аталган окуу жайдын жатаканасынан Бишкектин четиндеги Ак-Жар жаңы конушунда жашаган ата-энесиникине кеткенин айтып чыккандан бери дайынсыз. Бул аралыкта Надира эки ирет апасына телефон чалып, өзүн Майлуу-Суу шаарына ала качып кетишкенин айткан:

- "Мен Майлуу-Суудамын" деп айтканга үлгүрүп эле телефону өчүп калды. Биз дароо эле Майлуу-Сууга издеп барып таппай койдук. Ишемби болчу. Милиция бөлүмүндөгүлөр "көпчүлүк кызматкерлер Жалал-Абадда" дешип бизге көңүл бурбай коюшту. Майлуу-Суудан келгенден кийин дагы бир жолу чалды. Анда да "азыр кайда экенимди билбей жатам" дегенден кийин эле телефону өчтү.

Айымбү Сулайманованын айтымында, учурда Надирадан кабар жок. Кызынын кайда экенин билбей санаа тарткан ата-энеси аны Омор Арипов аттуу жаран ала качышы мүмкүн деп шектенишүүдө. Себеби, акыркы жолу Надира дал ушундай ысымдагы жигит менен социалдык тармактар аркылуу кат жазышкан экен. Надиранын жоголушу боюнча ай башында укук коргоо органдарына арыз менен кайрылса да, иликтөө иши улам создугуп, натыйжа чыкпай жатканына Айымбү нааразы:

- Милиция бизге жакшы көңүл бурбай койду. Кызым чалган телефон номерлери аркылуу тапкыла десем, ага да көңүл бурбай, создуктуруп жатышат. Алар биз сыяктуу карапайым адамдарды укпайт окшойт. Кечээ Акыйкатчы институтуна кайрылган соң гана кыймылдай башташты.

Укук коргоо органдары болсо жоголгон кызды табуу боюнча аракет кылып жатышканын билдирүүдө. Айымбү Сулайманова алгач арыз менен кайрылган Бишкектин Октябрь райондук милициясы "адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок кыз Майлуу-Сууга кетти делгени үчүн ишти Жалал-Абад облустук милициясына өткөрүп берген. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, учурда Жалал-Абад милициясы издөө иштерин жүргүзүп жатат:

Ала качууга каршы өткөн акция.
Ала качууга каршы өткөн акция.
- Жалал-Абад облустук милициясы издөө иштерин жүргүзүп жатат. Майлуу-Суу шаарынан ал кыз изделген. Бирок андан майнап чыкпаганын айтышты. Бул ишти облустук милициянын башчысы өз көзөмөлүнө алды.

Надиранын жоголушу боюнча ишти акыйкатчы Бакыт Аманбаев да өз көзөмөлүнө алганы белгилүү болду. Аманбаев бул ишти аягына чейин жеткирүүгө убада берүүдө:

- Бул кыздын ата-энеси кайрылган күндөн тарта акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү иштеп жатат. Азырынча жыйынтык жок. Бирок муну аягына чыгарганга аракет кылабыз.

Ала качуу токтой элек

Кыргызстанда кыз ала качуу көрүнүшү кеңири жайылган. Муну азайтуу үчүн былтыр кыз ала качууга жазаны катаалдаштырган мыйзам беренеси Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ага ылайык, кыз ала качкандар жети жылга чейин эркинен ажыратылышы зарыл. Мыйзам кабыл алынгандан бери ала качуулардын саны саал азайганы менен укук коргоо органдарынын бул маселеге кайдыгер мамилеси уланып жатканын “Айкын багыт” коомдук уюмунун жетекчиси Мунара Бекназарова белгилөөдө:

- Ала качууга туш болуп бизге кайрылгандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарынын ишине ичи чыкпайт. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тергөө же соттук териштирүү маалында иштин тезирээк жабылышына кызыкдар болушат. Маселен, ала качуу боюнча Таласта болуп өткөн акыркы соттук жыйындын жүрүшүндө ишти караган судья арыз берген кызга психологиялык басым көрсөтүп, “сен абдан жакшы үй-бүлөдөн баш тартып жатасың” деп аны ала качкан бала менен жашоого үндөгөн.

“Фридом Хаус” эл аралык уюмунун эсебинде, Кыргызстанда жылына 12 миңге жакын кыз ала качууга дуушар болот. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча былтыркы жылдын 9 айында ала качууга байланыштуу 20 кылмыш иши козголуп, 13ү сотко өткөрүлгөн. Бирок соттон жаза тарткандар дээрлик жокко эсе.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG