Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Ала качууга берилген жаза нааразылык жаратты


Кыргызстанда кыз ала качуу кылмыш катары саналат.
Кыргызстанда кыз ала качуу кылмыш катары саналат.

Өткөн аптада Таласта окуучу кызды ала качып, сексуалдык зомбулукка дуушар кылган жигит 5 жылга эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Айкын багыт” укук коргоо уюму билдирди. Ала качууга жаза күчөтүлгөндөн бери бул биринчи соттук иш. Жабырлануучу тарап жаза жеңил болгонун айтып нааразы болсо, айыпталуучу тарап ак жерден жалаага кабылганын билдирүүдө.

Окуяга катышуучулардын ысымдары этикалык эрежелерден улам ачык айтылбасын эскерте кетели.

Өткөн жылдын августунда Таласта онунчу классты бүткөн окуучу кызды өзүнөн бир топ жаш улуу киши он күн ичинде үч жолу ала качып, экөөсүндө зордуктаган. Бул тууралуу “Айкын багыт” укук коргоо уюму билдирди.

Айыпталуучуга никеге туруу үчүн ала качкандыгы, зордуктаганы жана үчүнчүсүндө арыздан баш тарттыруу максатында кишини качырганы боюнча үч берене менен иш козголгон. Сот зордуктоо боюнча гана жазага тартты. Былтыртан бери тергөө абагында отурган айыпкердин бир жылы эки жылга эсептелип, мындан ары үч жылга камалды.

Кыз ала качууга каршы акция, 9-октябрь, 2013-жыл
Кыз ала качууга каршы акция, 9-октябрь, 2013-жыл
Укук коргоочулар жана кыздын ата-энеси “өтө жумшак жаза берди” деп сотко нааразы. Кыздын атасы бир жыл ичинде тергөө жана сот иши бир тараптуу жүргүзүлүп жатты дейт.

- Дагы деле чындык жок экен. Соту деле, прокурору деле баары коррупцияга малынып турат. Баланын таякеси прокуратурада иштеген экен. Тергөөчүгө баарын тескери жаздыртты. Тергөөчү өзү “бири-бирибизди чукуй албайбыз” деп айтпадыбы бизге. Эмнени болбосун акчага жасап калышыптыр. Бизди басмырлап, чындыкты бурууга аракет кылышты.

Ал эми камалгандын адвокаты Аскар Чойбеков кыз тарап жигитке ак жерден жалаа жаап жатат деп билдирди. Айтымында, кыз-жигит бир нече ай телефондон сүйлөшүп жүргөн, өткөн жылы августта кыздын макулдугу менен алып кеткен. "Зордуктоо да кыздын ата-энесинин жалган кеби",- деди жактоочу.

- Кызды алып барганда ата-энесине кат жазып берген: “Доом жок, кудаларды жакшы тосуп алгыла” деп. Ата-энеси келип, алып кетип калган. Эртеси күнү да кыздын айтуусу менен экөө качып келет. Анда ата-энеси милицияга арыз жазган. Ошондо милицияга экөө ээрчишип барып, кыз “өз каалоом менен келгем, мени кошо камагыла” деп айткан. Анан үчүнчү жолу да кыз өзү келген. Эми эле ата-энесинин баш айлантуусу менен тигинтип жалаа жаап жатышат. Медициналык экспертиза болсо эч нерсе тапкан жок!

Деген менен медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, “зордуктоо” боюнча жаза берилди. Адвокат Аскар Чойбеков биринчи ала качканда медициналык экспертиза эч нерсе таппаганын, кийинкисинде далилдер кыздын кийиминен гана табылганын айтууда. Ал эми укук коргоочулар жана ата-энеси мектеп жашындагы кыз учурунда коркуп айтпаганын, текшерүүлөр болсо кеч жүргүзүлүп калганын айтууда.

Ата-энесинин билдиришчинче, кызы менен бала мурда бейтааныш болгон. Айыпталуучу кызды кошуна курбусу аркылуу чакырып зордуктап, анан үйүнө алып барган, кол тийгизип коркуткан. Кыздын атасы аны мектепте экинчи класска чейин окуган, мурда үйлөнгөн, үч баланын атасы катары сыпаттады.

“Айкын багыт” укук коргоо уюмунун атынан ушул ишти териштирген эксперт Гүлзат Мукалиева ою менен бөлүштү.

- Сот созулуп отуруп, 23-октябрда гана чечим чыкты. Кандай болгондо да биз тергөө, сот иши бир тараптуу жүрдү деп эсептейбиз. Соттун “зордуктоо” боюнча гана карап, “ала качуу” боюнча жазадан бошотконун түшүнбөйбүз. Кызга адвокат өтө кеч жалданган, ага эч кандай маалымат берилген эмес. Кыз биринчи жолу ала качканда эле зордукталган. Ал өзү мектепте окуган жаш кыз болсо, эч кимге айта алган эмес.

Кылмыш иши 2012-жылы козголгон. Ал эми ала качууга жазаны күчөткөн берене 2013-жылдан тарта иштей баштаган. “Айкын багыт” ушундан улам сот ала качуу боюнча жазадан бошотуу чечимин чыгарды деп божомолдойт. Уюмдун кызматкерлери “бирок кайра тергөө 2013-жылы жүргөн, андан сырткары ала качуу боюнча эски мыйзамды да караш керек болчу” деген пикирде.

Азыр 18 жаштагы кыз психологиялык жактан жабыркап, түнт, ачуулуу болуп калганын жакындары айтышты. Ал эми укук коргоо уюмдарынын билдиришинче, ала качууга жаза күчөгөн менен абал жакшырган жок, билинбеген ала качуулар саны мурдагыдай эле калууда. Укук коргоочулар эл арасында бул багытта укуктук сабатсыздык, маалыматтын жоктугу дале жоюлган жок дешет.

Кылмыш-жаза кодексиндеги ушул жылдын январында күчүнө кирген өзгөртүү боюнча кыз ала качкандарга 7-10 жыл жаза мөөнөтү берилет.

XS
SM
MD
LG