Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Ала качуу менен аты чыккан инспектор


Кыз ала качууга каршы акциядан, Каракол шаары, 9-октябрь, 2012
Кыз ала качууга каршы акциядан, Каракол шаары, 9-октябрь, 2012

Таластын Кара-Буура районундагы Маймак айылынын инспектору үч ирет кыз ала качканы айтылууда.

Кыз ала качуу боюнча азырынча алдына киши чыгарбай келаткан Маймактын аймактык инспекторунун үчүнчү курмандыгы тууралуу маалымат алгач ала качууга каршы күрөшкөн “Айкын багыт” коомдук фондуна 27-ноябрда келип түшкөн. Бул тууралуу аталган фонддун координатору Сайкал Малик кызы “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Бизге атын атагысы келбеген бир кыз арыз менен кайрылып, анын 18 жаштагы Кундуз аттуу курбу кызын Маймактын Токтогул аттуу аймактык инспектору ала качып кеткенин айтты. Кундузду күч колдонуп ала качканы аз келгенсип, аны үйүндө эки күн кыйнап кармашкан. Кундуз депрессияга батып, өзүнүн жанын кыюуга да аракет кылган экен.

“Азаттык” Маймактын аймактык инспектору Токтогул Музраимовдун 20 жаштагы Асема Нурдинованы ала качып кеткени тууралуу 23-ноябрда жазып чыккан. Укук коргоочуларга жардам сурап кайрылган кыз менен байланышканыбызда буларды айтып берди:

- Азыр Кундуздун абалы өтө начар. Эч ким менен сүйлөшкүсү келбей жатат. Мага чалып алып ыйлай берет. Азыр анын денесинин баары көгала. Ал арыз жазуудан коркуп жатаканын айтты. Кыязы “участковый” коркутуп койсо керек. Ал “эч кимди көргүм келбейт, мага өлүм таттуу болуп жатат” деп эле сүйлөнүп калды. Болбосо анын сүйлөшкөн жигити бар болчу. Токтогулду биринчи жолу көрүптүр. Бул окуя 23-ноябрда болгон экен. Мен эки күндөн кийин гана уктум. Ата-энесинин арыз жазуудан баш тартканы мени укук коргоочуларга кайрылууга түрттү.

ИИМ: кыздар өздөрү келип, өздөрү кетишкен

ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абраимов бир эле инспектор эки жолу кыз ала качканын тастыктаганы менен, баары тынч бүткөнүн айтууда. Абдраимов биринчи жолку ала качууда да кыз өз каалоосу менен барып, кайра өз каалоосу менен кетип калганын айткан болчу:

- Ал жакын тууганынын эле кызына үйлөнгөн, бирок кайра ажырашып кетишкен. Эч кандай араздашуу болгон эмес. Кыз арыз да жазган эмес. Бири-бирине жакпай калганбы, айтор өз каалоосу менен келип, өз каалоосу менен ажырашыптыр.

Ала качуу менен атагы чыгып келаткан Токтогул Музраимовдун өзү менен да байланыштык. Аны менен биринчи жолу сүйлөшкөнүбүздө Кундуз эмес, Мундуз деген кызды алып качканын айтты эле, кийин кайра байланышка чыгып телефонго өзү эмес иниси жооп бергенин айтып таң калтырды. Кара-Буура РИИБи аймактык милиционер Асема Нурдиновадан башка кызды ала качпаганын айтса, Токтогул өзү Кундузду эле алып качканын айтууда:

- Кундуз менен агент аркылуу бир ай, телефон аркылуу эки айдай сүйлөшкөм. Таанышканыбызга деле 3-4 ай болуп калган. 2-3 жолу жолукканбыз. Кыз макулдугу менен эле келген. Болгону ата-энеси “жайында үйлөнгүлө, кол менен келип алып кет” деп жатат.

“Участковыйдын” колунан даам сызган кыздар

Ал ортодо акыйкатчынын Таластагы өкүлү Арзыкан Момунтаева маймактык инспектор эки эмес, үч жолу кыз ала качканын айтып чыкты:

- Биринчи ала качканы милицияда иштеген кыз экен. Ал жөнүндө так маалымат жок, арыз да түшкөн эмес. Экинчиси Асема Нурдинова болсо, үчүнчүсү Кундуз болуп жатпайбы. Эми ар кандай маалыматтар айтылып жатат. Кошуналары “кыздар Токтогулдун үйүнөн нан эле ооз тийип кетишет” деп тамаша кылып алышыптыр. Тамаша тамаша менен, бирок бул турмуштун ачуу трагедиясы десек болот.

Момунтаева аталган факты боюнча өз алдынча териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Укук коргоочулар милиция кызматкеринин мындай аракетине анын биринчи кылган иши үчүн жазасыз калганы себеп болгонун айтышууда. Кылмыш-жаза кодексине жаңы кирген өзгөртүүлөргө ылайык, кыз ала качуу адам уурдоо фактысына тете бааланып, кыз ала качкандардын жаза мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга чейин узартылган.

XS
SM
MD
LG