Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Грузияда полиция "чет элдик агент мыйзамына" каршы чыккандарга күч колдонууда


Тбилиси. 2024-жылдын 14-майы.
Тбилиси. 2024-жылдын 14-майы.

Коомчулукта жапырт нааразылык жараткан «чет элдик агент» мыйзамын парламент кабыл алган Грузияда полиция демонстранттарга күч колдонуп, имараттагы коопсуздук чарасын «кызыл» деңгээлге чейин күчөттү.

14-майда саат 17:00дөн тартып жарыяланган мындай коопсуздук чарасына ылайык, парламенттин ичине аппарат башчысы уруксат берген гана адамдар кире алары маалымдалды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) митинг «Жыйындар жана демонстрациялар жөнүндө» мыйзамынын чегинен чыгып кеткенин, зомбулук башталганын билдирди жана акциянын катышуучуларын мыйзам чегинен чыкпоого чакырды.

«Парламент имаратынын тегерегинде уланып жаткан нааразылык акциясына байланыштуу полиция мобилизация болуп, коомдук тартипти коргоодо. Митингдин ар бир катышуучусун өз нааразылыгын мыйзам чегинде билдирүүгө, мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырабыз. Бардык мыйзам бузуу фактылары боюнча полиция тиешелүү жооп кайтарат», — деп айтылды мекеменин билдирүүсүндө.

Митингчилер полиция орноткон темир тосмону бузуп өтүшкөнү кабарланган. Бирок полиция аларды сүрүп чыгарып, азыр парламенттин кире беришин толук ээлеп турат, айрым адамдарды кармап кетти.

Парламенттеги оппозиционер депутаттардын айрымдары бойкот режимине өткөнүн «Бирдиктүү улуттук кыймылы» фракциясынын лидерлеринин бири Леван Бежашвили билдирди. Ал «Өлкөдө орусиялык тартип орноп жаткан шартта нормалдуу парламенттик ишмердүүлүк болушу мүмкүн эмес» экенин айтты.

Өлкөнүн евроатлантикалык интеграция аракетине коркунуч туудурат жана Орусиядагы ушул сыяктуу репрессиялык мыйзамдын көчүрмөсү деп сынга кабылган "чет элдик агент" мыйзам долбоору парламентте бүгүн, 14-майда үчүнчү окууда добушка коюлду.

Натыйжада 84 депутат «макул», 30 депутат «каршы» деген добушун беришти.

Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы демилгелеген мыйзам долбооруна бир нече жумадан бери он миңдеген грузин жараны нааразылыгын билдирип келе жатат. Полиция демонстрацияга чыккандарга каршы суу бүрккүч, көздөн жаш агызуучу газ жана желим ок колдонду. Аларга белгисиз бирөөлөр кол салган окуялар да катталды. Митингге чыккандардын бир нечесин күч кызматкерлери кармап кетип жатты.

Бул демилгени АКШ, Евробиримдик жана башка бир нече мамлекет орус президенти Владимир Путиндин эркин ойлонгон жарандарды, көз каранды эмес институттарды чектөө жана жок кылуу үчүн колдонгон мыйзамына окшош деп айыпташкан.

13-майда парламенттин юридика комитетинде аталган маселе каралып жатканда, оппозиция өкүлдөрүнүн бул жыйынга катышуусуна тыюу салынган, анда “Грузин кыялын” колдогон депутаттар мыйзамды 67 секунд гана убакыт ичинде карап, жактырып беришкен.

Азыр Грузияда башкаруучу партия болуп турган "Грузин кыялын" кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген.

Президент Саломе Зурабишвили мындай мыйзамга кол койбой турганын билдирген. Бирок өкмөт президенттин ветосун жоюуга добушу жетиштүү экенин айткан.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG