Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Орусияга иш издеп барган өспүрүмдөр


Орусия.
Орусия.

Орусияга соңку кезде 18ге толо элек улан-кыздар орто мектепти бүтүрбөй эле кара жумушка келе баштагандай. Дал ушул кабыргасы ката элек муун чоочун өлкөдө кулчулук торуна чалынып, өз укугун коргой албаган аялуу топко айланууда.

Секелек бала багуучулар

14 жаштагы Айжаркын Москвада аталаш агасынын эки баласын карайт. Ал алты ай мурда 8-классты бүтпөй эле Орусияга келген.

- Атамдын иниси, жеңем Москвада көптөн бери иштейт, - дейт ал. - Мени балдарын караганга чакырган. Башында апамды, бөбөктөрүмдү сагынчумун. Азыр көнүп кеттим. Байкем менен жеңем керели-кечке иште жүрөт. Мен алардын үч-беш жаштагы эки баласын карайм. Тамак берем, күндүз уктатам, сыртка алып чыгам. Мага жакшы мамиле кылышат. Айына 12 миң рубль төлөшөт, 10 миң рублди айылга жөнөтөм. Ата-энем насыя алышкан. Калганына кийим алам, өзүмө топтойм. Адегенде жеңем менен сүйлөшүп, макул болгом. Апамдар айылдан аттестат алып беришет. Анан эки жылдан кийин бул жактан коллежге тапшырам. Азыр орус тилин үйрөнүп жатам. Окуп, иштегим келет.

Мигранттык турмуштун түйшүгүнө эрте аралашкан Айжаркын - орто мектепти бүтпөй эле Орусияда иштеп жүргөн өспүрүмдөрдүн бири. Орусияда социалдык тармактарда жана интернет-сайттарда өспүрүм мигранттардын кызматына муктаждар көп экени байкалат. Иш берүүчүлөрдүн көбү тамак-аш, жатаканасын камсыз кылууга милдеттенме алганын көрөсүң.

Кулдай иштеп, акы албагандар

15 жаштагы Рустам Москвада “КFС” тез татым кафесинде түнкүсүн бир ай иштеген. Эки курдашы менен 10 сааттан ашык күч-кубатын ушул жерге жумшап, айлыгын албай калган.

Рустамдын апасы Майрам он жылдан бери Орусияда. Жалгыз бой, үч бала багып жаткан эне уулунун «сага жардамдашам» деп көгөрүп ишке чыкканын айтууда:

- Мен уулума "жөн эле койчу" дедим. Бирок "апа, сизге бир аз болсо да жардам болсун, мектепке даярданып алайын" деп туруп алды. Ал жерде бир теңтушу иштеп жатыптыр. Мен кошо баргам, алар "өспүрүм экен, түнкүсүн гана иштете алабыз" дешти. Ошентип, досу менен иштеп жатканда дагы бир досу кошулду. Анан эле айлык алаарда "балдар тоок этин уурдашкан" деп маянасын берүүдөн баш тартышпадыбы. Мен “видеокөзөмөлдү көрсөткүлө” дедим, бирок көрсөтүшпөдү. Эми же полицияга барып арыз жаза албай же айлыктарын ала албай жатабыз. Булар ушинтип иштетип, акчасын бербей койгонго көнүп калышыптыр да.

Мурда Кыргызстанда мугалим болуп иштеген Майрам өзүнүн энелик жоопкерчилигин толук сезет. Кыйынчылыктарга карабай балдарынын билим алып, башка жашоодо жашашын тилеген эне күнүмдүк тириликтин айынан баары ойдогудай болбой жатканын айтып турду:

- Албетте, биз, ата-энелер да күнөөлүүбүз. Мен негизги жумушумдан тышкары дем алыш күндөрү башка ишке да чыгам. Ал жерде 2001-2004-жылдары төрөлгөн балдарды көрөм. Кафелерде идиш жуушат, курулушта, үйдө бала багып иштегендер арбын. Мен өзүм мугалиммин. Он жыл Кыргызстанда иштеп, акыры балдарымды багайын деп бул жакка келгем. Бул көрүнүш менин жүрөгүмдү өйүтөт. Биз кайда баратабыз?! «Акча, акча» деп жанталашып, балдарга билим берүүгө, алардын кесиптик билим алышына шарт түзө албай калдык. Менин улуу кызым Бишкекте университетте окуйт. Кыйналгандан аны жаныма чакыргам. Анан “жок дегенде сен билим алып, биздей мигрант болбой, өзүңдүн жолуңду таап кет” деп кайра окууга жөнөттүм. Эми кандай кыйын болбосун, уулумду да окутууга аракет кылам.

Кыргызстандык өспүрүмдөрдү жашына карабай жумушка алып, кийин иштеткен соң эмгек акысын бербей жаткан Москванын Маяковский метросундагы КFС кафенин администратору Лилия менен байланышканыбызда буларды уктук:

- Билгениңерди кылгыла. “Эмне үчүн өспүрүмдү ишке алдыңар?” деп сурап жатасыз, мен ушул суроону өзүңөргө берейин. Эмнеге балдарды бул жакка жиберип, иштетип жатасыңар?!

Эртелеп эс тарткандар

17 жаштагы Абдрахман июнь айында Орусиянын Тюмень облусундагы Ноябрск шаарына агасы менен ишке келген. Кийин агасы Москвага кетип, инисин тааныштарынын шаурма жасаган жайына калтырып кеткен.

Көп өтпөй ал полициянын рейди учурунда камакка алынып, тек-жайы аныкталган соң кароосуз калган балдардын баш калкалоочу жайына которулган.

Турмушка эрте бышкан балдар

"Азаттыктын" апталык түрмөгү жаштайынан иштеп, акча тапкан балдарга арналды. Аймактардагы кабарчыларыбыз окуучулар жайкы каникулда кантип акча табышат жана алардын укуктары корголуп жатабы деген маселеге кайрылышты.

Тюмендеги кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова төрт айдан кийин гана ал кыргызстандык өспүрүм тууралуу белгилүү болуп, 10-октябрда баланын энеси Кыргызстандан келип алып кеткенин айтып берди:

- Бала эс-учун жоготуп, ден соолугу тууралуу арызданганда балдар үйүнүн жетекчилиги кыргыз диаспорасын издеп, мага байланышка чыкты. Мен ошол замат Оштогу апасы менен байланыштым. Москвадагы агасы билип эле, апасынан жашырып коюптур. Ден соолугун текшерттик, жакшы эле экен. Анан апасы учуп келип, биз миграция кызматы, балдар үйүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүп, баланы чыгарып бердик. Мындай нерсе бизде биринчи жолу болгон жок, көп эле болот.

Канзада Сманова ата-энелер Кыргызстандан чет жакка 18ге чыга элек уул-кыздарын кандай ой менен ишке жөнөтүп жатканын түшүнбөйт.

- Кыргыздар балдарын 9-классты бүткөндөн кийин эле алып келип, бул жакта иштетип жатышат, - деди ал. - Бирөөлөрдүн документтери менен пол жуудурат, үй кызматчы кылышат, ашканада иштетишет. Балдарга билим берүү деген ой такыр жок. Жок дегенде чач кыркканды, бет боёгонду ж.б.у.с. үйрөтүшпөйт. Орусияда 18ге чыга элек баланы иштетүүгө болбойт, мыйзамсыз экенин түшүнүшпөйт окшойт. Алардын документтерин жасатышпайт. Өспүрүмдөрдү ата-энесинин эмгек келишими менен гана миграциялык каттоого тургузса болот. Ошол эле маалда бала бир жерде окушу керек.

Ошол эле учурда Орусияда кылмышка барган өспүрүмдөр да чыга баштады.

- Өспүрүмдөр ишке орношо алышпайт, - дейт Канзада Сманова. - Анан курсак тойгузуш үчүн уурулукка барып жатышат. Тюменде төрт бала уурулук менен кармалып, бирөө сегиз айга камалып кетти. Уурдагандары бир ноутбук.

Москвадагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча азыр Орусиянын абактарында эки өспүрүм кылмыш жазасын өтөп жатат. Алар уурулук үчүн соттолушкан.

Орусияда мигрант өспүрүмдөр жоголуп кеткен же ар кандай кырсыктардан каза тапкан окуялар да катталып жүрөт. Эки жыл мурун Екатеринбургга барып, туугандарынын баласын багып жүргөн 13 жаштагы Айганыш Канат кызынын сөөгү табылган. Кыштын күнү кечинде дүкөнгө сүткө жөнөтүлгөн секелек кыз ошол бойдон үйгө кайтып келген эмес.

"Азаттыктын" архиви: Миграциянын курмандыктары. 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG