Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:56

Ата-эненин колун узарткан тестиерлер


Кулпунай терген балдар. Чүй өрөөнү

Кыргызстанда бышыкчылык маал келгенден баштап талаачылыкта жана базарларда иштеп акча тапкан үй-бүлөлөрдү көрүүгө болот. Алардын арасында тестиер балдарын ээрчитип алып жумуш кылган энелердин катары калың.

Жаш Гвардия бульвары менен айланма жолдун кесилишинде каз-катар тизилген жашылча-жемиш саткан күркөлөр. Адатта, алар мында жайкы сезон маалында пайда болуп калышат. Арасынан баласын ээрчиткен энелер иштеп жатканын көрүүгө болот.

49 жаштагы Элмира үч жылдан бери жай айларында Жалал-Абаддын Сузак районунан келип, бул жерге соодага чыгат.

- Жалал-Абаддан келип бул жерде батирге туруп иштеп жатабыз. Сезондо келип, жаңы жылга чейин иштейбиз. Жашылча-жемиштер адегенде Тажикстанда, Өзбекстанда бышат. Адегенде ошол жактан келишет. Чүйдүкү июлда, Көлдүкү августтарда бышып калат. Акыркы ошол Көлдүкү бышып келет. Сезон башталып калды. Ишибиз жүрүп калды, Кудайга шүгүр, иштеп жатабыз. Күнүнө миң сомдой таап жатабыз. Жалал-Абадда бул акчаны тапмак эмеспиз.

Кесиби боюнча тикмечи Элмира калган убакта өз айылында тигүү цехинде иштейт. Анын төрт баласы, алты небереси бар. Неберелеринин бири, он жаштагы Лира ушу тапта таенесине жардам берип жатат:

- Менин атым Лира. Мен таенеме жардам бергени келдим. Соода кылып жатам. Бишкек чоң экен, мага абдан жакты. Бирок шаар кыдыра элекпиз.

Машине жууган бала. Бишкек
Машине жууган бала. Бишкек

​Ал эми Раймахан Жороеванын Ош базарында жашылча-жемиш сатып иштегенине беш жылдын жүзү болуптур:

- Эртең менен саат беште үйдөн чыгам. Алтыда келип калам. Келип эле товар алып, саат тогуздарда иш баштайм. Орто эсеп менен күнүгө 150 сом чыгым болот. Кээ бирде саат кечки тогузга чейин отурабыз. Кээде соода жокто кетип калабыз. Күнүнө 500 сомдой киреше болот. Иш ордубуз туруктуу эмес. Жөн эле жолго жайып алганбыз, сүйлөшүп. Кээде келип бизди кубалашат. Жүгүбүздүн баарын көтөрүп алып качабыз. Ушунтип кыйналып иштейбиз.

Раймахан Жороева - Чүй облусунун Фрунзе совхозу айылынын тургуну. Жороеванын үй-бүлөсү жайкы сезонго бир жыл бою камданат:

- Мөмө-жемиштерди "Дыйкандан" алып келем. Калганы баары өзүмдүн короомдуку. Чакан жериме эгип, алып келем. Картөшкө, пияз сатып алып кошуп коем. Мынабу кабачки үйүмдүкү. Кээ бирде айла жоктон өз баасына сатканга туура келет. Актамак түгүл кайра артка кеткен күндөр болот. Соода экен, айла жок.

Раймахан Жороева - тогуз баланын энеси. Балдарынын бири, он алты жаштагы Гүлгаакы - апасынын жардамчысы.

Кулпунай саткан кыздар. Бишкек
Кулпунай саткан кыздар. Бишкек

- 17 неберем бар. Алардын алтоо менин колумда. Балдарымдын экөө студент, экөө мектепте окуйт. Төртөөнү үйлөнтүп-жайланттым. Дагы бешөө бар. Ошолор эч нерседен кем болбосун, курсагы ток болсо экен деп иштейм. Кызыма "жайында мага жардам бер" деп айттым. Буга чейин деле келип иштечү эле. Мектепке Туңгучка барат. Күнүгө алтыда туруп алып кетет. Кайра сабактан чыгып мага келет, жол киресине эле жүз сомдой коротобуз. Айла жок, эми. Бир-эки балам бар болсо мейли, тогуз баланын тогуз түйшүгү бар.

Жай келгени талаачылыкта балдары менен иштеген үй-бүлөлөр арбыды. Маселен, Сары-Өзөн Чүйдө ушу тапта кулпунай терип, сатуу кызуу жүрүп жатат. Бир тууган 9 жана 11 жаштагы Гүлжан менен Нуржан эртеден бери кардар күтүп, жол четинде кулпунай сатып отурушат: ​

Турмушка эрте бышкан балдар

"Азаттыктын" апталык түрмөгү жаштайынан иштеп, акча тапкан балдарга арналды. Аймактардагы кабарчыларыбыз окуучулар жайкы каникулда кантип акча табышат жана алардын укуктары корголуп жатабы деген маселеге кайрылышты.

- Талаада иштейбиз, кулпунай чогултабыз. Кардар көп эле. Жайкы каникул бул жакта өтөт.

Сезон маалында бул жерге жыйырмадай үй-бүлө бала-чакасы менен көчүп келип, күнү-түнү иштейт.

- Көпчүлүгү бул жерге көчүп келип жашашат. Жалгыз бир адам үлгүрбөйт. Балдар жардам берет. Мен күйөөм экөөбүз эле иштейбиз. Бизге окшогондор окуучуларды иштетишет. Алар сезон учурунда иштешет, - деди бул жерде оокат кылган аялдардын бири.

Кулпунайды терүү учуру мектепте окуу бүтүп, балдар жайкы эс алууга тараган маалга туура келет. Талаага жакын мектептин окуучулары эс алууга чыкканда бул жерге иштегени келишет. Алардын арасында 15 жаштагы Дастан бар.

- Кулпунай терүү оңой эле. Минтип кызылдарын алып алабыз. Быша элек болсо тим коюш керек. Ар бир чакасына 30 сом акча аласың. Күн ысыкта кепка кийип теремин, - деди ал.

Бала кичинесинен эле ата-энесине кол кабыш кылып өскөн кыргыз коомунда “балдар эмгеги” деген сөзгө анча маани берилбей жатканын балдар менен иштеген адистер айтып келишет.

Бала короодо чөп чаап же мал карашып, эне-атасына жардам бергенди үйрөнүшү керек. Бирок ошол эле учурда эне "балам иштеп жатат" деп сыймыктанбай, анын ички сезимдерине көңүл бурушу керек.
Таалай Жакыпов

Алардын бири Таалай Жакыпов эне-ата балдарды эмгекке тарбиялашы керек деп эсептейт. Ошол эле учурда адис ата-эне балага болгон жоопкерчиликти жана түшүнүү менен мамиле кылууну да унутпашы зарыл экенин эскертет:

- Баланы эмгекке мажбурлабай ошол эле кезде эмгекке тарбиялаш керек. Бул эки түшүнүктүн айырмасы асман менен жердей. Бала короодо чөп чаап же мал карашып, эне-атасына жардам бергенди үйрөнүшү керек. Бирок ошол эле учурда эне "балам иштеп жатат" деп сыймыктанбай, анын ички сезимдерине көңүл бурушу керек. Бизге келген балдар: "Апам адегенде "Канча сом алып келдиң?" деп сурайт. Менин абалым тууралуу билгиси келбейт" деп ыйлап айтып беришет. Мындан сырткары анын ден соолугу, күн ысыкка калган жокпу, ооруган жокпу - мунун баары алардын көзөмөлүндө болушу зарыл.

Анткен менен ата-энелер үй-бүлө түйшүгүн балдар кыйла жеңилдетет деп эсептешет жана балдардын кол кабыш кылышына көбүрөөк муктаж. Анын үстүнө ата-энелер үй-бүлөнүн кем-карчы, ичкен-жегени кантип табылып, кайдан келишин балдар өздөрү да түшүнүшү керек деген пикирде.

Ошондуктан адатта бала төрөп, багып үйдө отурган энелер маал-маалы менен соода-сатыкка эс тартып калган балдары менен чогуу чыгып, үй-бүлөнүн капчыгын толтурууга аракет кылышат. Кем-карчы көп андай үй-бүлөлөрдө балдарга карата мыйзамдагы талаптарга маани деле берилбейт.

Кыргызстанда 192 миңден ашуун киши жумушсуз катары расмий каттоодо турат. Алардын 93 миңге жакынын ишке жарамдуу курактагы аялдар түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG