Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:18

Мигранттар: жол азабы жанга батты


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда мигранттар темир жол каттамдарын көбөйтүп, поезддеги шарттарды жакшыртып, билет бааларын арзандатып, жол коопсуздугун камсыздоону суранышууда.

Москвада иштеп жүргөн Гүлшайыр Матраимова акыркы жолу Кыргызстанга поезд менен жөнөгөн. Учак үй-бүлөнүн капчыгы үчүн бир кыйла чыгашалуу болгондуктан, балдары менен узак жолго жеңил унаа менен чыгуудан кооптонуп, поезд менен жетип алууну туура көрүшкөн.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы жолу он жыл мурда Москвага Бишкектен поезд менен келген келин кыргыз темир жолунун азыркы абалын көрүп капа болгонун айтат.

- Поезд менен Москвага 2008-жылы келгем. Анда шарттары дурус болчу, азыркы абалы өтө жаман. Төрт балам менен бир купеде 26 миң рубль төлөп келдик. Берки жагында бир орунга өзбек, тажиктер эки-экиден отуруп келишти. Билеттери жок, кантип түшкөнү белгисиз. Анан алар Чымкенттен түшүп калышат экен, Бишкекке жеткенче вагондо он чакты эле адам калдык. Отургучтар эски, таштанды салган кутулары жок, терезенин түбүнө баштык илип коюп, таштандыны ошого ыргытып келдик. Дааратканасы иштебейт экен, сууну бөтөлкө менен ташып турдук.

Мигрант келин жайы-кышы дебей ары-бери каттаган мекендештер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектигин белгилейт.

- Шарттарын жакшы кылып, билет баасын учактыкынан арзандатып койсо, эл түшөт. Балдары менен, жүк алып жүргөндөргө ыңгайлуу. Алыс жолдо, күнүүнү унаада жүргөнгө караганда жакшы эле да, коопсуз. Чек арадан деле текшерүү болду. Тынч эле өттүк. Коштоочуларга "шарттарды жакшыртпайсыңарбы" десем, "мигранттар көбүрөөк иштеп, акча салгыла, анан оңдойбуз" деп күлүп жатпайбы.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектен поезд Москвага аптасына эки жолу, Казань менен Новокузнецкиге жумасына бир жолудан каттайт. Бишкектен, Оштон Москвага жеңил унаа менен 5-8 миң рублге келүүгө мүмкүн болсо, аба жана темир жол акысы адатта эки-үч эсе кымбат. Мисалы, сентябрдын акыркы күндөрүндө Бишкектен Москвага поезд билети 12-18 миң рубль болду.

Мындан улам мигранттар үч күндүк жолго жеңил унаа, чакан автобустар менен чыгып, жол кырсыгында жабыркаган учурлар катталууда. Орусиядагы кыргыз элчилиги былтыр Москвадан Кыргызстанга 197 мигранттын сөөгү жөнөтүлгөнүн, алардын 60тан ашууну жол кырсыгында каза болгонун билдирген.

Москвадагы "Кадамжай" айылдык коомунун мүчөсү, жарандык активист Шайлообек Курбаналиев мигранттар айласыздан мындай тобокелдикке барып жатканын айтат. Ал темир жол акысын арзандатуудан тышкары, чек арадагы текшерүүлөрдү жеңилдетүү керектигин айтат.

- Поезд менен жүрүү мекендештерге коопсуз. Жеңил унаа менен деле жүрсө болот, айдоочу тажрыйбалуу болсо, ал жакта деле коркунуч жок. Бирок азыр айдоочулук күбөлүктү сатып алып, ар кандай кырсыктар болуп жатат. Дагы бир маанилүү маселе - Казакстандын, Орусиянын чек араларындагы текшерүүлөр. Мен мурун байкем менен бирге тааныштардын жүгүн алып, 12 сумка менен поездге түшүп кеткенбиз. Казакстанда алардын баарын ачып, чачып, текшерип чыгышкан. Кыскасы, акча берип кутулганбыз. Мындай көрүнүштөрдөн мигранттардын көңүлү калып, ошондон да качып калышкан. Ал жакта поезд коштоочулар жөн гана туруп беришет. Азыр эми Кыргызстан Бажы союзуна, Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Казак-орустардын чек арачылары менен сүйлөшүп, тил табышып, бул текшерүүлөрдү жеңилдетип берсе болот да.

Кыргыз диаспорасынын өкүлү Надырбек Сооронбаев өкмөттүн карамагындагы транспорт тармагы натыйжалуу колго алынбай жатат деген ойдо.

- Жеңил унаага караганда адамдар поездде буту-колун созуп уктап, ыңгайлуу келишет. Коопсуз. Биздин мамлекет башчылары жакшылап көзөмөлдөп, бааларын арзандатып берсе, жарандарыбыз түшмөк, өкмөттүн бюджетине да пайда болмок, кырсыктар да аз болмок. Азыр мекендештер Орусиянын чоң жолдорунда, Казакстандын чөлдөрүндө калып кетүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Надырбек Сооронбаев жол чыгымдары мигранттар үчүн оор болуп жатканын кошумчалайт.

- Азыр бир адамга учак 10-17 миң рубль болуп, бир үй-бүлөнүн чыгымы 50-60 миң рублдан ашып кетет. Бул алардын жарым жыл иштеп, чогулткан акчасы да.

Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын жетекчи орун басары Самат Токтоболотов өкмөттө темир жол тарифтерин төмөндөтүү демилгеси көтөрүлгөнүн, бирок маселени чечүүгө орус-казак тарап менен макулдашуулар талап кылынарын билдирди.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов кыргыз өкмөтү өз алдынча тарифтерди аныктай албай турганын айтты.

- КМШнын темир жол транспорту боюнча кеңеш бар. Ошол кеңеште буга чейин эле каржы маселелери Швейцария франкы менен эсептелет деп макулдашылып калган. Андан тышкары Орусияга каттаган поезддер Казакстан, Орусиядан өтөт. Алардын да тарифтери эсептелип, билет баасы түзүлөт.

Ошол эле маалда Каимов өкмөттүк мекеме жүргүнчү ташууда акыркы жылдары чыгашага учурап, каттамдар азайганын айтат. Мисалы, мекеме жүргүнчү ташуу боюнча 2016-жылы 724 миллион сом, 2017-жылы 354 миллион сомдон ашык чыгым тарткан.

- Былтыр биз маршруттардын жарымын кыскартып салганбыз. Бул чыгашага вагондордун ремонту, кызматкерлердин эмгек акысы, вагондордун амортизациялык төлөмдөрү бар, жолдорду карашыбыз керек. Жүргүнчүлөрдү ташуудан киреше түшпөйт. Ооба, вагондордун ичи эски, жаңылаш элек. Бирок техникалык жактан баары жарактуу. Андай болбогондо Казакстандан эле өткөрбөй коймок.

Адис вагондордун ички абалын жакшыртып, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн өкмөттөн жардам керектигин кошумчалайт.

- Орусия жана башка өлкөлөрдө жүргүнчү ташуучу поезддерге өкмөттөн дотация бөлүнөт. Бул негизи чыгашалуу тармак. Бизде өкмөттөн каражат бөлүнбөйт.

Анткен менен "Кыргыз темир жолу" өкмөттүк мекеменин ишине, жетекчилигине доомат-сындар улам күчөп барат. Ишканадагы коррупция, мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу поезд коштоочулары Рахат Акматова менен Алия Асанбаева айтып чыгышкан. Эки жумушчунун арызы боюнча министрликте атайын комиссия түзүлгөнү кабарланган.

Бул комиссия кандай иш жүргүзгөнүн билүү үчүн Транспорт жана жол министрлигинин кызматкери Кылычбек Досумбетовго кайрылдык:

- Комиссия мекеменин жетекчилиги жана кызматкерлери менен чогулуш өткөрүп, мыйзам бузуу аныкталса, дароо кабарлап, протокол түзүү сунушталды. Ал эми Асанбаеванын арызы Ленин райондук сотунда каралганы жатат. Жалпысынан комиссия каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн билеттерине көзөмөлдү күчөтүүнү, ишке алынган адамдарды, иш инструкцияларын текшерүүнү, мыйзамсыз көрүнүштөр боюнча арыздарды тыкыр көзөмөлгө алууну сунуштады.

"Коёндорго" толгон поезд
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00

Бир ай мурда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз темир жолу" тескөөгө алынып, мамлекеттик ишкананы башкаруу өзгөртүлөөрүн айткан. Бирок бул иштер качан, кантип баштала турганы беймаалым.

Кыргыз аба жолдорунда орус, түрк компанияларынын басымдуулук кылуусу, тариф саясатын өз алдынча жүргүзүүсү, кыргызстандык авиакомпаниялардын каттамдарынын азайышы, узак жолдо жеңил унаа, чакан автобуста жүрүүнүн кооптуулугу - Орусияга каттап иштеген мигранттардын чыгымын да, түйшүгүн да көбөйтүүдө. Мындай абалда "Кыргыз темир жолун" толугу менен жаңылап, мигранттарды ыңгайлуу, коопсуз транспорт менен камсыздоо күн тартибинде турган маселе.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG