Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:59

Мигранттарды сыздаткан "Мой Город"


Москвада айлык ала албаган мигранттар "Мой Город" ортомчу агенттигинин юристи менен жолугушууда.
Москвада айлык ала албаган мигранттар "Мой Город" ортомчу агенттигинин юристи менен жолугушууда.

Москвада азыркы убакта жүздөгөн кыргызстандыктар эмгек акысын ала албай келатышат.

Зоя - Москвада "Мой Город" ортомчу агенттиги аркылуу иштеп, эми эки айдан бери айлыгын ала албай жүргөн жүздөгөн мигранттардын бири.

- Мен үч айдан бери батирдин акчасын төлөй албай, кожоюну паспортумду алып койгон. Эми документим жок, башка жумушка да чыга албай, айлык күтүп отурам. Айлыктан деле үмүтүм үзүлүп калды. Эми акчаны алсам, карыздан эле кутулам. Бир айдан бери тамак-аш, жол кире үчүн белчеден карызга баттык, - деди Зоя.

Мигранттар.
Мигранттар.

Бул кыргызстандык мигранттар ортомчу агенттик аркылуу өкмөттүк "Мосгортранс" мекеменин Москва шаарындагы жана облусундагы автопарктарын жууп-тазалашкан.

Майдын башында "Мой Город" клининг агенттигинин Москвадагы Фрунзенская метросундагы кеңсеси күтүүсүздөн жабылып калган. Жүздөгөн жумушчулар менен кошо заматта жумушсуз калган Чолпон андан бери эмгек акысын ала албай же башка жумуш таба албай кыйналып турганын айтты:

- Мен март-апрель айынын акчасын ала албай жүрөм. Бул жакта февралдыкын да албагандар бар. Ушул жерде миңдей адам жүрөбүз. Азыр май бүтүп баратат. Балдарыбыздын окуусу бүттү, аларга бир сом сала албай, балдарыбыз ыйлап жүрүшөт. Бизге өкмөт, элчилик көңүл буруп, жардам беришин өтүнөбүз.

Чет жерде жумушсуз, күнүмдүк тиричиликке каражатсыз калган мигранттардын бир бөлүгү Кыргызстанга кайтканын Дастан Ярматов аттуу жаран кошумчалады.

- Батирге төлөш керек, жол кире, тамак-аш керек. Москвада акчасыз бир күн жашоого болбойт. Кээ бирөөлөрүнө Кыргызстандан акча салышты, кээ бирине биз өзүбүз жардам берип кетирдик. Алар бизге ишеним кат калтырып кетишкен. Айлыктарын алсак, аларга салабыз деген үмүт бар.

Айлыгын ала албаган мигранттар "Мой Город" агенттигинин директору Антон Замиховский менен телефон аркылуу байланышууга аракет кылып, мазактоого кабылышкан.

- Биз телефонун таап, "WhatsApp​" аркылуу байланышсак, жөн жооп бербей, кайра бизди шылдыңдап, сөгүп, мазактады. "Пул жок, пул жок" дейт. Өзүнүн тилинде бир нерсе деп сүйлөнүп, бизге бир адамча жооп бербейт.

28-майда элүүдөй мигрант "Мой Город" агенттигинин жетекчилигинен маяна төлөп берүүнү талап кылып чогулушкан. Мигранттар менен жолугушууга келген агенттиктин юристи Александр Бобров дагы бир ай ичинде айлык берилет деп убада берди.

- Биз буюртмачынын акча которушун күтүп жатабыз. Акча түшкөндө, айлыкты беребиз. Биз төлөбөйбүз деген жокпуз. Эртең-бүрсүгүнү акча түшсө, бир жумада беребиз. Болбосо, дагы бир айдын ичинде болор. Силер азыр ызы-чуу кыла берсеңер, дагы прокуратурага, полицияга арыз жазып же башка органдарга кайрыла берсеңер эч майнап чыкпайт. Өзүңөргө өзүңөр кыласыңар. Мен ал жактагы жолдордун” баарын билем.

Бирок юрист маяна мигранттарга эмгек келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдө гана төлөнөөрүн жана тийиштүү салыктар кармалып калаарын белгилеп өттү.

- Айлык эмгек келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдө гана берилет. Ал келишимде атайын салыктар да жазылган. Ошолорду эсептеп туруп, тийиштүүсүн төлөп беребиз.

Мигранттар "Мой Город" агенттиги аркылуу бир миңден ашуун адам иштегенин, алардын дээрлик 90 пайызы кыргызстандыктар болгонун айтышат. "Мой Город" агенттигинин юристи Александр Бобров ушу тапта 700дөй жумушчуга эмгек акы төлөнбөй жатканын моюнга алды.

«Мой Город» агенттиги аркылуу миңдей киши иштеген.
«Мой Город» агенттиги аркылуу миңдей киши иштеген.

Мигранттардын айрымдары үч айдан бери убада кылып келген жумуш берүүчү эми бир айдын ичинде акчаны бере коеруна ишенбей турушат. Кээ бирөөлөрү агенттик менен эмгек келишимин түзүшкөн эмес, кээ биринин колунда уюмдун басма белгиси, директордун колу коюлбаган кагаздар гана бар.

Жазира агенттик жумушка алганда расмий эмгек келишимин түзбөстөн, эми маяна төлөөрдө салык кармап калаарына нааразы.

- Азыр бизге айлыкты "17 миңден төлөйбүз" дешет. Бизге башында "28 миң рубль төлөйбүз" дешкен. Эми "13-42 пайыз" деп кайдагы бир салыкты айтышууда. Булар убагында эмгек келишимин түзбөсө, бизге эмгек китепчесин ачпаса, эми эмне үчүн салык кармап калышат? Бизди эшектей иштетип, акчабызды “мына эми, мына эми” деп бербей жүрүп, эми ушуга жеттикпи?

Москванын өкмөттүк транспорттук мекемесинин он чакты бөлүмүндө топ-топ болуп иштеген мигранттардын бир бөлүгү райондук полицияга кайрылып арыз жазган. Айрымдары Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө да барышканын Кунзура айтып берди:

- Өкүлчүлүккө биз беш жүз киши толук барганбыз. Ал жакта биздин арызды "прокуратурага өткөрүп беребиз, 2-6 айда карашат" дешкен. "Ошол жактан телефон чалышын күткүлө, биздин колубуздан эч нерсе келбей калды" деп тим болушту. "Бизге келбегиле, тажаттыңар" деп айткандар да болду.

Агенттик айрым жумушчуларды расмий каттаган эмес.
Агенттик айрым жумушчуларды расмий каттаган эмес.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгү жарандардын 17-майдагы кайрылуусу боюнча "Мой Город" агенттигинин директору Антон Замиховский менен юристи Александр Бобровго телефон аркылуу байланышып, сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн жана мигранттарга укуктук кеңеш берилгенин маалымдайт. Ошондой эле өкүлчүлүк агенттиктин жетекчилигинин айлык төлөп берүү боюнча убадасынан кийин мигранттар расмий арыз жазышпаганын кошумчалаган.

Орусияда эмгек акысын ала албай калган мигранттар кыйла каржалып турган кези. 19-майда Сахалин облусундагы Парамушир аралында жетимиштей мигрант эки айлык маянасын ала албай иш таштаган. Алар "Спиро" компаниясы аркылуу Курил аралдарында курулушта иштешкен.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгү жалпысынан быйыл төрт айда миңден ашуун адам 48 миллион рублдай эмгек акысын албай кайрылганын маалымдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG